Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматты футбол клубундагы иш менен айкалыштыруу тууралуу

2023-11-07 / Юридикалык кеңеш

Муниципалдык кызмат боюнча суроолорго ЖӨБ Союзунун эксперттери Айнура БУРКАНОВА, Айнура КЕНЖЕБАЕВА жана БАЖБАнын эксперти Жаныл ТУКЕНАЛИЕВА жооп беришет.

Муниципалдык кызматчы шаардын мэриясындагы ишин футбол клубунун директорунун акы төлөнүүчү иши менен айкалыштыра алабы?

2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамле- кеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамы мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдү, кызматчылардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт.

Аталган мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-3-пункттарына ылайык, кызматчыга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө;
  • өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу- укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга.

Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-, 3-, 12-пункттарына ылайык кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен кызматтык милдетин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттүү аткарууга;
  • эмгек тартибин сактоого;
  • өзүнө кызматты өтөөгө байланышкан, ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү кабыл алууга.

Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы башка уюмда эмгек акы албастан иштейби, башка уюмдун эмгек тартибине баш ийеби ж.б. мааниге ээ эмес. Бул жерде башка уюмда “Кызматкер” статусу бар экендиги маанилүү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар башка уюмда иштей албайт жана “Кызматкер” статусуна ээ боло албайт (жетекчинин макулдугу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнгөн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган иштин түрлөрүнүн тизмесине ылайык жеке эмгек ишин кошпогондо).

“Кызматкер” статусу – бул укуктук статус болгонун баса белгилейбиз. Кызматкердин укуктук статусу деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эмгектик укуктардын жана милдеттердин, социалдык кепилдиктердин жана компенсациялардын, чектөөлөрдүн жана жоопкерчиликтердин жыйындысын түшүнүш керек.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар эмгек акысын Кыргыз Республикасынын бюджетинен аларын белгилей кетели. Бул жагдай “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамында белгиленген кызмат өтөөгө байланыштуу чектөөлөрдү сактоо зарылдыгын күчөтөт. Укуктун көз карашынан алганда бул жагдайды мындайча чечмелесе болот: мамлекеттик жана муници- палдык кызматчы бюджеттен эмгек акысын алып, өзүнүн тикелей эмгек милдеттерине зыян келтирүү менен өзүнө башка эмгек милдеттерин жүктөп алды – муну менен ал мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүдө.

Футбол клубун мисал катары ала турган болсок, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар футбол клубунун камкорчулук же байкоочу кеңешинин курамына кире алышат. Камкорчулук же байкоочу кеңештин мүчөлөрү уюмдун Кызматкерлери болуп эсептелбейт.

Мындан тышкары, футбол клубдары иш жүзүндө калкка спорт кызматтарын көрсөтүшөт эмеспи (футбол секциялары ж.б.), ал эми бул чарбалык иш деп эсептелет. Мындай уюмда жетекчи болуп иштөө “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамы менен тыюу салынган чарба жүргүзүүчү субъектти башкарууга катышуу катары чечмеленет.

 

Окшош материалы: