Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Турак жай куруу үчүн участокко коюлган санитардык талаптар тууралуу

2023-11-07 / Юридикалык кеңеш

Муниципалдык кызмат боюнча суроолорго ЖӨБ Союзунун эксперттери Айнура БУРКАНОВА, Айнура КЕНЖЕБАЕВА жана БАЖБАнын эксперти Жаныл ТУКЕНАЛИЕВА жооп беришет.

Жеке турак үй курууга бөлүнгөн жер участогуна карата санитардык шарттарды жана талаптарды кайсы орган аныктайт?

КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык, жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө чечим кабыл алууга зарыл болгон документтерди кароо үчүн ЖӨБ органы комиссия түзөт. Комиссиянын курамына мамлекеттик архитектура органынын өкүлү кирет. Комиссия тиешелүү санитардык, өрт инспекциясынын жана башка кызматтардын органдарына участокту инженердик-техникалык жабдуу тармактарына кошуунун шарттары, жер участогун пайдалануунун шарттары жөнүндө суроо-талап жиберет. Алынган маалыматтардын негизинде жер участогун пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду таризделет жана участокту бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

 

Окшош материалы: