Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сиздин пикириңиз жергиликтүү бийлик үчүн маанилүүбү?

2023-11-07 / ЖӨБ кызматтары

Катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга тарифти бекитүү боюнча коомдук угуулар (“Кызыл-Суу” кластери, Жети-Өгүз району)***Катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана чыгаруу боюнча «Кызыл-Суу» кластери кызматты биргелешип уюштуруу үчүн биригишкен Кызыл-Суу, Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая Поляна айыл аймактарынын муниципалитеттер аралык кызматташуусунун натыйжасы.

Шербек ДОСУЕВ, ЖДКЖ долбоорунун консультанты

Коомдук угуулар – бул жергиликтүү жамааттын турмушуна жана кызыкчылыктарына тиешеси бар маанилүү чечимдерди талкуулап, аларды кабыл алуу процесстерине калкты жигердүү тартууга шарт түзгөн механизм. Угуулар ар кандай маселелер боюнча жарандардын пикирлерин жана сунуштарын чогултуунун натыйжалуу аспабы болуп саналат жана жергиликтүү бийлик менен коомчулук үчүн баалуу маалыматтык- коммуникациялык канал катары кызмат кылат. Адатта угуулар кийинки жылга жергиликтүү бюджетти түзүү маселелери боюнча өткөрүлөт, ошону менен бирге муниципалдык менчикти башкаруу процесси жана коммуналдык ишканалардын иши боюнча да угуулар натыйжалуу жана пайдалуу1.

“Кызыл-Суу” кластериндеги катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифти бекитүү боюнча коомдук угуулар ийгиликтүү өткөрүлгөн коомдук угууларга мисал болуп бере алат. Муниципалитеттер аралык кызматташуунун негизинде Кызыл-Суу, Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая Поляна айылдык аймактары “Кызыл-Суу” кластерине биригишип, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын кабыл алышты. Жети-Өгүз районунун “Кызыл-Суу” кластеринде катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасы көрсөтөт. Бүгүнкү күндө ишкана 43 167 адам жашаган 6880 кожолукка кызмат көрсөтөт.

Кызмат көрсөтүүнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ар бир кожолук үчүн айына 90 сом суммасында калдыктарды жайгаштырууга экономикалык жактан негизделген тариф иштелип чыккан. Таштанды чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүнө тариф КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык эсептелип чыккан.

Тариф акыйкаттуу болуп эсептелди, ал рыноктук баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен, жыл сайын кайра каралып турат. Тарифтердин өзгөрүү динамикасын төмөндөгү 1-диаграммадан көрөсүз.

Тариф иштелип чыккандан кийин аны “Кызыл- Суу” кластерине катышкан бардык беш айылдык аймактын калкы менен макулдашып алыш керек эле. Коомдук угуулар муниципалитеттердин айылдык клубдарында 2023-жылдын февраль- март айларында өтүп, ага 374 адам, анын ичинде 154 аял жигердүү катышты.

1-диаграмма. “Кызыл-Суу” кластериндеги КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүнө тарифтин өзгөрүү динамикасы

Кызыгы, ар бир коомдук угуунун өзүнүн өзгөчө динамикасы болду. Мисалы, Кызыл- Суу айылдык аймагында бул кызмат көрсөтүү он жылга жакын убакыттан бери берилип жатканына байланыштуу угуулардын катышуучулары эч каршы болбостон, жаңы тарифти жактырышты. Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу кызматы үчүнчү жылы гана көрсөтүлүп жаткан башка айылдык аймактарда тарифти талкуулоо кыйла кызуу өтүп, айрымдары өткөн жылга салыштырмалуу тариф жогорулаганына тынчсыздануусун билдиришти.

1-таблица. “Кызыл-Суу” кластеринин катышуучу муниципалитеттеринин алкагында аярлуу топторго ЖӨБ органдары берген субсидиялардын өлчөмдөрү

Бул коомдук угууларда катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тарифтин адилеттүү жана жүйөлүү баасын бекитүү зарыл деген негизги ой айтылды. Угууларды уюштурууга жооптуу аймактардын жетекчилери кызмат өз убагында көрсөтүлөөрүнө жана калктын аярлуу катмарына жергиликтүү бюджеттен субсидиялар каралганына көңүл буруп, тургундар менен бир пикирге келишти. Бул субсидиялардын жардамы менен жашоочулар тарифти кыйналбай төлөй алышат, бул болсо кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына көмөктөшөт (1-таблицаны караңыз).

Жаналы АКМАТОВ, айылдык кеңештин депутаты: “Таштанды чыгарууга тарифти колдоп беришибиз керек. Өзүңөр деле карасаңар – биздин айыл таза болуп калды го, “Тазалык” ишканасы таштандыбызды улам чыгарып кетүүдө. Айылдын тазалыгына өзгөчө маани беришибиз керек. Калктын аярлуу катмарына жергиликтүү бюджеттен субсидиялар берилет, ошондуктан тарифти көтөрсөк алар кыйналбайт”.

Чынара ШАКИРЖАНОВА, Саруу айылынын кварталчысы: “Өткөн жылы айыл өкмөтү да субсидияларды бөлүп, көптөргө жардам берген эле. Быйыл жергиликтүү бюджеттен 40 сом бөлүнөт, ал эми 50 сомду өзүңөр төлөйсүңөр – бул адилеттүү чечим. Бирок бара-бара ар бир адам тарифти толугу менен өзү төлөгөнгө өтүшүбүз керек”.

Каныбек БОЛУКБАЕВ, Саруу айылынын тургуну: “Биз тастыктайбыз – кызмат туруктуу көрсөтүлүп турат, көчөлөрдө мурункудай таштандылар жатпай калды. Бирок күйүүчү- майлоочу материалдардын баасы өсүп жатат, ишкананын экономикасы туруктуулукту талап кылууда, ошондуктан биз 90 сом деп белгиленген жаңы тарифти колдошубуз керек”.

“Кызыл-Суу” кластеринде өткөрүлгөн коомдук угуулар демократиялык принципти чагылдырып турат жана жамааттын чечимдерди кабыл алууга катышуу системасындагы маанилүү элемент болот, ошондой эле жарандар менен бийлик органдарынын ортосундагы өз ара байланыштын натыйжалуу механизми катары кызмат кылат. Бул угуулар аймактын экологиялык жана экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга байланышкан маанилүү маселелерди чечүүдө да өзөктүк ролду ойной

Коомдук угуулар: Кыргыз Республикасында ыкмалар жана тажрыйбасы. Практикалык окуу китеби

Окшош материалы: