Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык ишканаларда бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн атайын эрежелери – билимдин жаңы чөйрөсү жана жөнгө салуу предмети

2023-11-07 / ЖӨБ кызматтары

Гүлнара САЯКБАЕВА, ЖДКЖ Долбоорунун эксперти

Адатта, бухгалтердик эсеп дегенде бир адамдар иштеп тапса, бирок эмнегедир башка адамдар короткон акча кыймылын документтештирүү боюнча күнүмдүк жана тажатма ишти түшүнүшөт… Бирок, чындыгында, финансылык башкаруунун өзөгүн бухгалтердик эсеп түзөт, бул кызыктуу иш-аракет жана эгерде ал кесипкөй жол менен, ойлонулуп жасалса, анда башкаруунун финансылык жыйынтыгы күтүлгөндөн алда канча жакшы болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасында ар кандай өзгөчөлүктөгү жана багыттагы 500дөн ашык муниципалдык ишкана бар. Алардын ар бири өзүнүн уставдык милдеттери жана жайгашкан жери менен уникалдуу. Ар биринин өзүнүн бухгалтердик эсеби бар. Бирок булардын ар бири эле өзүнүн бухгалтериясын Кыргыз Республикасынын финансы жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдары талап кылгандай жана ишканалардын менчик ээлери жана жетекчилери каалагандай жүргүзө бербейт.

Жалпак тил менен айтканда, бухгалтердик эсеп – бул коюлган максаттардын соңку жыйынтыгына таасир этүүчү өндүрүштөгү акча каражаттарынын жүгүртүлүшүнүн үзгүлтүксүз процесси. Бухгалтердин ишинен ишкана же бизнес сыртынан кандай көрүнгөнү көз каранды болот. Бухгалтердик эсеп бардык тышкы чөйрө үчүн өкмөттөн кредиторлорго жана инвесторлорго чейин компаниянын финансылык абалынын сүрөтүн көрсөтүп берет. Менчик ээлери жана менеджмент да башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн бухгалтердик маалыматтарды колдонушат. Эгерде ишканада мындай болбосо, анда бухгалтер керектүү маалыматты түзбөй жатат же болбосо жетекчилер муну сурашпайт1

Ошондуктан муниципалдык ишкананын бухгалтердик эсеби – бул менчик ээси – ЖӨБ органы да, ишкананын жетекчиси да түшүнүшү керек болгон тармак.

Муниципалдык ишкананын ойдогудай бухгалтериясы же бухгалтердик эсеби кандай болушу керектиги жөнүндө ачык булактарда маалымат өтө аз, бирок алар да маңызын толук чагылдыра алышпайт жана учурдагы бухгалтердик эсепке алуу системасын ачууга мүмкүндүк бербейт. Кандайдыр бир ишти жүзөгө ашырган ар бир субъект бухгалтердик эсепти жүргүзүшү керектиги тууралуу талап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.

Кыргызстанда көптөгөн муниципалдык ишканалар бюджеттик системанын алкагында, айрымдары аралаш принцип боюнча эсеп жүргүзүшөт, ошол эле учурда мындай саясатты ишкананын укуктук жана чарбалык табиятын көзгө илбей, уюмдаштыруучу өзү белгилейт.

Эгерде мамлекеттик башкаруудан баштап чакан ишкердиктин субъекттерине чейин өлкөнүн бардык тармактары үчүн бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча жөнгө салуучу ченемдик актылар бар болсо, муниципалдык ишканалар үчүн мындай жөнгө салуучулар жок. Мындай көрүнүштүн келип чыгышынын себеби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдеринде жатат. Бул кодексте муниципалдык ишкана өзүнүн ишин уюмдаштыруучу менен макулдашуу боюнча түзөрү белгиленген.

Ошондуктан бул макалада Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы “Достук-Тазалык” муниципалдык ишканасынын мисалында Кыргыз Республикасынын муниципалдык ишканасында бухгалтердик эсеп кандай болушу керектиги тууралуу толук маалыматты берүүгө аракет кылып көрөбүз.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Достук айылдык аймагынын ЖӨБ органы ЖДКЖ Долбоорунун өнөктөшү болуп саналат. Бул долбоор муниципалитет менен ийгиликтүү иштешип, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жеткирүү процессин өркүндөтүүгө, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ишти өнүктүрүүгө, ошондой эле бүткүл өлкө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча билимдерди жана көндүмдөрдү жайылтууга жардам берип жатат. Достук айылдык аймагы менен иштөөнүн алкагында ЖДКЖ Долбоору “Достук- Тазалык” муниципалдык ишканасы жүргүзүп жаткан башкаруучулук процесстерди оптималдаштырууга жардам берүүдө.

Башка 26 өнөктөш ишкана сыяктуу эле ЖДКЖ Долбоору менен муниципалдык ишкананын ортосундагы мамилелердин эволюциясы муниципалдык ишкананын бухгалтердик эсеп жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу документти иштеп чыгуу жана киргизүү маселеси кийинкиге калтырылгыс болуп калган учурга алып келди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы №609 токтому менен бекитилген Чакан ишкердиктин субъекттеринин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун жүргүзүү эрежелери процессти регламенттөөнүн негизи катары алынган. Көз карандысыз эксперттин колдоосу менен Эрежелердин базасында мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен муниципалдык ишканаларда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелери иштелип чыккан. Эрежелер акча агымынын пландоодон баштап, аны колдонууга чейинки бардык процесстерди сүрөттөйт, мында документтер туура таризделет. Ошондой эле Эрежелер бухгалтердик эсепте колдонулган керектүү тиркемелерди да камтыйт. Бирок муниципалдык ишкананын Эсептер планы эң маанилүү бөлүгү болуп саналат, ал жүргүзүлүп жаткан операциялардын тактыгын камсыз кылат. Мисалы, “Достук-Тазалык” МИси эч кандай Эсептер пландарын колдонгон эмес, мындан түшүнүгү да такыр болгон эмес. Белгилей кетүүчү нерсе, өлкөнүн көптөгөн муниципалдык ишканалары бюджеттик (казыналык) Эсептер планын колдонушат, бул болсо финансылык мыйзам бузуу болуп саналат.

Эреже эсепке алуунун регистрлерин туура тариздөө жана документтештирүү бөлүгүндө бухгалтердик эсепти Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына шайкеш жүргүзүүнү белгилейт. Бухгалтердик эсептин уюштуруучулук өңүттөрү, өздүк наркын пландоо жана бөлүштүрүү, запастарды эсепке алуу, негизги каражаттарды эсепке алуу белгиленген.

Негизги каражаттарды эсепке алууга, инвентаризациялоого, амортизация саясатына, мүлктүн эскиришине жана кайра баалоого арналган бөлүмү документтин негизги бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат, ал негизги каражатты сатып алуудан жок кылууга чейин же утилдештирүүгө чейинки басып өткөн жолун чагылдырат. Эгерде буга чейин муниципалдык мүлккө инвентардык номерлер берилбесе, ал эми мүлк жөн гана катар номерлер боюнча эсепке алынып келсе, документте сатып алуулардын бардык категориялары үчүн жеке номерлерди белгилөө азыр милдеттүү мүнөзгө ээ болуп калды.

Бухгалтердик эсепти киргизүү башкаруудагы көптөгөн кемчиликтерди ачыкка чыгарды. Алсак, макалада каралып жаткан ишканада салык режими жана салыктар жана чегерүүлөр боюнча ставкалар аныкталган эмес. Ишканада эсепке алуу “келди- кетти” схемасы боюнча жүргүзүлүп келген, акча каражаттарын накталай кабыл алуу колдонулган, отчеттуулук тастыктоочу атрибуттары жок маалымкат түрүндө болгон.

Эрежелер иштелип чыккандан кийин айыл өкмөтүнүн кызматкерлери муниципалдык ишканада бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча окуудан өтүштү. Ишкананын кызматкерлери ошондой эле эсепке алуу саясатында өз потенциалын жогорулатышты. Бүгүнкү күндө ишкана бардык зарыл болгон коштоочу документтердин негизинде жеткирүүчүлөрдөн келген материалдардын эсебин жүргүзүп турат. Ишкана электрондук товардык- транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) каттоо системасында каттоодон өткөргөн, контролдук- кассалык машиналарды сатып алган. Ошондой эле ишкана акча каражаттарынын накталай эмес түрүнө өттү. Эсепке алуу саясатын киргизе баштагандан тарта ишкананын кирешелери орточо 35 пайызга көбөйдү, жамаатта корпоративдик чөйрө оңолду, жергиликтүү калк кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз убагында төлөй баштады, бул коомчулук ишканага көбүрөөк ишеним арта баштаганынын белгиси. Албетте, алдыда дагы көп иштер бар, бирок муниципалдык ишкананын финансылык сабаттуулугу боюнча алгачкы кадамдар ийгиликтүү жасалды.

Муниципалдык ишкананын бухгалтердик эсеби – бул чарба жүргүзүү процесстеринин, алардын жыйынтыктарынын жана акча түрүндө колдонулган ресурстардын чагылдырылышы. Туура эмес белгиленген жана колдонулган бухгалтердик эсеп ишкананын ачык-айкын ишин чагылдыра албайт, бул болсо кийин кейиштүү кесепеттерге алып келмекчи.

Бул документти сыноо ийгиликтүү болгондуктан, бул муниципалдык ишканалардын эсептик саясатын өлкөнүн бардык ишканаларына жайылтуу аркылуу унификациялоого мүмкүндүк берет.

А. Е. Ивановдун “Бухгалтер эместер үчүн бухгалтерия. Бухгалтердин тилинен адамдын тилине котормо” китебиндеги материалдар боюнча. Алексей Иванов. – Москва: АСТ басмаканасы, 2023. – 352 бет. 10-бет. .

Окшош материалы: