Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Теңге-тең: муниципалитеттер кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу – ийримдерди уюштуруу, тарифтерди эсептөө, жамаат менен биргеликте мониторинг жүргүзүү практикасын өздөштүрүштү жана кошуналары менен бөлүшүштү

2023-10-02 / Көңүл чордонунда
Теңге-тең: муниципалитеттер  кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу – ийримдерди уюштуруу, тарифтерди эсептөө, жамаат менен биргеликте мониторинг жүргүзүү практикасын өздөштүрүштү жана кошуналары менен бөлүшүштү

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын коммуникациялар боюнча консультанты

“Теңге-тең” өз ара окутуу платформасынын принциби боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү өз кесиптештеринин мыкты тажрыйбаларын үйрөнүшөт жана бири-бирин окутушат. 2023-жылдын август айында Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын “Теңге-тең” (Р2Р) принциби боюнча өз ара окутуу аянтчасынын жыйынын өткөрдү. Иш- чарага муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары же башчыларынын орун басарлары жана жооптуу катчылары, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун, Ош облусунун Өзгөн районунун жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун райондук мамлекеттик администрацияларынын (РМА) өкүлдөрү катышты. Жергиликтүү жамааттардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ийгиликтүү практикалары менен таанышуу, мыкты практиканы киргизүү жана андан ары жайылтуу иш-чаралардын негизги максаты болду.

НАРЫН ОБЛУСУНУН ЖӨБ ТАЖРЫЙБАСЫ

 

2023-жылдын август айында Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Ак-Талаа раймамадми- нистрациясынын аппарат жетекчисинин жана Ала- Бука, Кара-Бүргөн, Баетов жана Тоголок Молдо айылдык аймактарынын ЖӨБ органдарынын катышуусунда Р2Р платформасынын негизинде жыйын өттү1.

Мурдагы Жаңы-Талап (азыркы Тоголок Молдо) айылынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) иши, көйгөйлөрү жана жетишкендиктери менен таанышуу, ошондой эле Баетов айылдык аймагынын муниципалдык спорт клубун ачуунун ийгиликтүү тажрыйбасы жана аларды жайылтуу күндүн негизги темасы болду.

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун төрагасы Жекшен ТУРДУБЕКОВ БМжБТнын мааниси жана ролу жөнүндө айтып берип, 2023-жылы жасалган иштер менен тааныштырды.

Биздин аймакта жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ушул өңдүү байкоо институту буга чейин болгон эмес. БМжБ тобун түзүү идеясы биздин айыл өкмөтү USAIDдинИйгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташа баштаганда пайда болду. Себеби жергиликтүү бюджеттен, республикалык бюджеттен же донордук уюмдардан болсун, кандайдыр бир долбоорлорду же демилгелерди ишке ашырууда коомчулук тарабынан эч кандай көзөмөл жана байкоо жүргүзүлчү эмес. Кээде жамааттын муниципалитеттин жашоосуна кайдыгер мамилесинин натыйжасында подрядчылар өз ишин талаптагыдай деңгээлде аткарбаганына алып келсе да, эч ким эч нерсе деп айта алчу эмес. Натыйжада, акча төлөнүп, бирок сапат үчүн эч ким жооптуу болгон эмес. Ошондуктан долбоор биз үчүн тиешелүү окууларды өткөрүп, консультацияларды бергенден кийин биз биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүп, анын ишинин планы менен регламентин иштеп чыктык, ал эми курамына 11 адам кирген БМжБ тобун жергиликтүү кеңештин депутаттарынын токтому менен бекиттик. Өткөн убакыт аралыгында биз бала бакчанын тарбиялануучуларынын тамактануусуна, чакан футбол аянтчасынын курулушунун сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүп, 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларга катышып, өз сунуштарыбызды киргиздик”, – деп айтып берди Жекшен ТУРДУБЕКОВ.

Баетов айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча адиси Жылдыз МОЛДАЛИЕВА аймакта муниципалдык спорт клубун ачуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө мурдагы кампаны оңдоонун жүрүшү, шаардык спорт клубунун ачылышы, клубдун кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтерин жергиликтүү калк менен талкуулоо, жаш муундардын ден соолугун чыңдоо үчүн машыктыруучуларды тартуу тууралуу маалымат менен бөлүштү.

 

1 Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын (ААР) натыйжасында азыркы учурда Ак-Талаа районунда 4 айыл аймагы түзүлдү..

 

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ЖӨБО ТАЖРЫЙБАСЫ

 

2023-жылдын август айында Ысык-Көл облусунун Михайловка айылындагы муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү, Ысык-Көл, Балбай, Түп жана Арал айылдык аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары мурунку Михайловка (азыркы Ысык-Көл) айылдык аймагында таза суу менен камсыз кылуу тажрыйбасын киргизүүнүн жана Түп айылдык аймагындагы мамлекеттик-жеке кызматташуу механизми аркылуу муниципалдык маданият жана эс алуу паркын жакшыртуунун ийгиликтүү практикалары менен тааныша алышты.

Михайловка айыл жеринде түзүлгөн “Эл Булагы” ТСКАКБнын жетекчиси Ирина ЛИХОБАБИНА аймактагы таза суу маселесин чечүүгө багытталган өзүнүн тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Биздин суу түтүгүбүздүн узундугу 32 км, көлөмү 500 куб болгон 2 резервуар бар, бирок суу бөлүштүрүүчү тармак бирөө гана. Таза сууну керектөөчүлөрдүн саны 867 кожолуктун ичинен 2023 адамды түзөт. Албетте, мен бүгүн бардык көйгөйлөрдүн баарын чечип салдык деп айта албайм. Жок. Алдыда дагы көп иштер бар. Бирок бүгүнкү күндө биз долбоордун методологиясы боюнча тарифтерди кайрадан эсептеп чыктык (30 сомдон 42 сомго чейин көбөйттүк), тарифти калк менен талкуулап, аларды бекиттик, терең насосторду орноттук жанаКалининсуу станциясынын аймагын тосмолоп чыктык Бирок ичүүчү суунун тартыштыгы көйгөйү дагы эле бар. Буга ичүүчү сууну туура эмес пайдалануу себеп болуудаайрым тургундар таза сууну жер тилкелерин сугаруу үчүн колдонуп келишет. Суу түтүктөрү эскирди, алар 1977-жылдан бери колдонулуп келатат, суу керектөөчүгө жеткенге чейин эле ортодо жок болуп кетүүдө. Эгерде бүгүн бир жеринен тешик табылса, эртең башка жеринде пайда болот, ал эми бизде аларды толугу менен жаңылоого каражатыбыз тартыш. Себеби бизде резервдик каражатыбыз жок. Бирок ошентсе да биз элибиз менен сүйлөшүп, каражаттарды жана көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун издеп жатабыз”, – деди ЛИХОБАБИНА Ирина.

Айыл өкмөтүнүн кызматкери Бексултан УМРАЛИЕВ муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруунун, парктын иштешин камсыз кылуунун эсебинен айылдык өз алдынча башкарууда бош убакытты өткөрүү үчүн шарттарды түзүү тажрыйбасы менен тааныштырды.

Түп айылындагы Жеңиш паркы көп жылдардан бери муниципалдык менчикте болгондуктан, аны айыл өкмөтүнө караштууТазалыкмуниципалдык ишканасы карап келет. Жыл сайын жергиликтүү бюджеттен паркты кармоого, тазалоого жана жашылдандырууга акча бөлүнүп турчу. Көп убакыттан бери бул парк жеке адамдарга ижарага сунушталып келген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул паркты башкарууну колго алып, аны талаптагыдай абалда күтүүнү каалаган адамдар чыккан эмес. Ошондо айыл өкмөтү муниципалдык- жеке өнөктөштүк механизмин жайылтып, массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, эс алуу кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу максатында эл арасында маалыматтык өнөктүк жүргүзгөн. Натыйжада 2023-жылдын май айында Түп айылынын тургуну Л.В. КУЦЕНКО паркты башкарууну колго алууга даярдыгын билдирип, өтүнмө берген. Ал өз кайрылуусунда Түп айылындагы борбордук паркты иретке келтирүү жана парктын ичин көрктөндүрүү, элеттиктердин эс алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында паркты ага ижарага берүүнү суранган. Паркты ижарага берүү үчүн ЖӨБ органдарыМуниципалдык менчик жөнүндөКыргыз Республикасынын Мыйзамына жанаМуниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөТиптүү жобого ылайык (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген) маселени муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын кароосуна киргизишти. Муниципалдык мүлк боюнча комиссия Л.В. КУЦЕНКОнун арызын карап чыгып, Түп айылындагы борбордук паркты 10 жылга ижарага берүү келишимин түзүүнү сунуштаган. 2023-жылдын 22-майында ишкер менен айыл өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүлүп, кол коюлган. Ижара акысы жылына 4691 сомду түзөт. Бул процесстин жүрүшүндө USAIDдинИйгиликтүү аймак 2” долбоору бизге консультациялык жана методикалык жардам көрсөттү; биз көптөгөн тренингдерден өттүк, жергиликтүү жамааттардын каалоолорун жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишибизди мыйзам чегинде жүргүзүү боюнча практикалык кеңештерди алдык”, – деди Бексултан УМРАЛИЕВ.

Бул практика айылдык аймакта муниципалдык- жеке өнөктөштүк механизми аркылуу ишке ашырылды; көп жылдар бою кароосуз калган борбордук парк тартипке келтирилди; жергиликтүү бюджеттен паркты оңдоого жана күтүүгө жумшалчу каражаттар үнөмдөлдү; аймактын элинин жана райондун бардык конокторунун эс алуусу үчүн шарттар түзүлдү; ар кандай коомдук иш-чаралар, анын ичинде маанилүү окуялар жана майрамдар өткөрүлө баштады. Мындан тышкары, паркты калыбына келтирүүгө жеке ишкер 500 миң сомго жакын каражатын сарптады.

 

ОШ ОБЛУСУНУН ЖӨБ ТАЖРЫЙБАСЫ

(ӨЗГӨН РАЙОНУ)

 

Ош облусунун Өзгөн шаарында “Теңге-тең” принциби боюнча өз ара окутуу платформасынын жыйыны өттү. Иш-чарага Өзгөн райондук администрациясынын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана орун басарлары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары катышты. Иш- чаранын жүрүшүндө катышуучулар Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташуунун алкагында Кызыл-Октябрь жана Дөң-Булак айыл аймактарында ишке ашырылган мыкты тажрыйбалар менен тааныша алышты.

Комуз черткенди үйрөтүү боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу тажрыйбасы тууралуу Кызыл-Октябрь айылдык аймагындагы ийримдин көркөм жетекчиси Нургүл СУЛАЙМАНОВА айтып берди: “2023-жылдын 1-сентябрында биздин ийрим өз сабактарын жаңы кабинетте баштайт, аны биздин айыл өкмөт башчыбыз бөлүп берип, ремонттолгон. Ошондой эле ийримге катышкан 15 окуучунун ата-энелери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишим түздүк. Биз алар менен кызмат көрсөтүүнүн баасын алдын ала талкуулап алдык. Коомдук угууларда талкуулангандан кийин тариф 1 окуучу үчүн айына 700 сом деп белгиленди. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди эсептөө методикасын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин, келишимдердин үлгүлөрүн түзгөндү, кызмат орундарына конкурстарды өткөргөндү, кызмат көрсөтүүчүнүн ишинин сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзгөндү, дагы башка көптөгөн документтерди тариздегенди USAIDдинИйгиликтүү аймак 2” долбоорунун окууларынын жана консультацияларынын натыйжасында үйрөндүк. Буга кошумча, долбоор менен кызматташуунун натыйжасында биздин айыл өкмөтү 2023-2024-жылдарга Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу планын иштеп чыгып, колдо болгон жана жетишпеген ресурстарды аныктап, көрсөтүп берди. Баса, ийримдин көркөм жетекчиси кызмат ордун жалпы негизде өткөн конкурска катышып, мен алдым. Себеби бул конкурска катышкандардын ичинен эң көп баллды мен алган экенмин. Ийрим ачуу идеясы эмнеден улам пайда болду? Көйгөй эмнеде эле? Акыркы мезгилде калктын маданиятка кайдыгер мамиле жасаганы, маданий иш-чараларга азыраак барып калганы, маданият үйү жараксыз абалга келгени, кийимдер, шаймандар жана музыкалык жабдуулар эскирип же жарактан чыгып калганы ийримди ачууга себеп болду. Балдарыбыз комуз черткенди, бийлегенди, кол өнөрчүлүктү үйрөнгөн же вокалдык жөндөмдөрүн өнүктүрө алган ийримдер, секциялар жок болчу. Маданиятка болгон кызыгууну арттырып, балдардын өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн жамаат ийримди уюштуруу маселесин маанилүү, артыкчылыктуу деп тапты”.

“Кызыл-Октябрь – Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мелисбек АБИБИЛЛА уулу катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу практикасы менен бөлүштү.

“Көптөгөн кошуналарыбыз сыяктуу эле биздин аймакта да таштандыны чогултуу жана ташып чыгаруу маселеси курч турган. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташа баштагандан кийин биз бул маселени чече алдык. Абоненттер менен келишимдерди даярдап, түзгөндү, муниципалитетибизде тазалыкты камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн, тактап айтканда, КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу үчүн тарифтерди эсептегенди үйрөндүк. Бардык тарифтер угуулар учурунда жергиликтүү калк менен талкууланып, жактырылгандан кийин тарифти жергиликтүү кеңештин депутаттары бекитип беришти. Бул иштердин баары биздин аймактын 2023-2024-жылдарга Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу планынын алкагында аткарылды. Жакында кызмат көрсөтүүнүн географиялык масштабын кеңейтүүнү пландап жатабыз – башка айылдык аймактардын жакын жайгашкан айылдарына КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүбүздү сунуштайын деп турабыз. Ошондой эле тарифти кайра карап чыгуу да планда бар, себеби азыркы баалар өзүн актабай жатат жана айрым абоненттерибизге  карата адилеттүү болбой калууда. Мисалы, бир үйдө 2 адам жашайт дейли, таштандылары азыраак, бирок таштандылары көп болгон 10 адам жашаган үйлөр төлөгөн бааны төлөшөт. Бул маселелердин бардыгын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жөнүндө калк менен маалымат алмашууну камсыздоо боюнча Коммуникациялык стратегияга киргизебиз”, – деди муниципалдык ишкананын жетекчиси.

Ушул тапта “Кызыл-Октябрь – Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштанды чыгаруу үчүн бекитилген графиги, 1 кожолуктан 100 сом өлчөмүндөгү тарифи бар, аймактын тазалыгын сактоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жана маалыматтык өнөктүктөрү үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Кызмат көрсөтүүчү, алуучу жана айыл өкмөтүнүн ортосунда ар бир кожолук менен үч тараптуу келишимдер түзүлгөн.

“2018-жылдын августунан 2020-жылдын декабрына чейин биздин аймакта ишкана иштеген, анын атайын техникасынан чакан гана “Портери” бар эле, ошону менен КТКны чыгарып келген. Бирок жергиликтүү калк арыз жазып отуруп, Кекилик участогундагы таштанды жайын жаптыргандан кийин кызмат көрсөтүлбөй калган. Бирок, акыркы эки жылдан бери тургундар таштандыларды ишкана үйдөн алып кеткенине көнүп калгандыктан, кайрадан нааразылыгын билдире башташты. Бул болсо өз кезегинде антисанитарияга, санитардык нормалардын жана гигиенанын начарлашына алып келди. Ошондуктан АӨ башчысы муниципалдык ишкананын ишин жандандыруу демилгесин көтөрүп чыкса, Мелисбек өз каражатынын эсебинен таштанды чыгаруу үчүн атайын техниканы сатып алган. Айыл өкмөтү тарифтерди киргизүүгө аракет кылганы менен, алардын өлчөмүн негиздеп бере алган эмес, техникалык-экономикалык эсеп жүргүзө албай убара болгон. Бирок долбоор менен кызматташуунун натыйжасында биз кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди эсептөө методикасын үйрөндүк”, – деп кошумчалады Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн юристи.

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Курманжан ИБРАГИМОВА кол өнөрчүлүк ийримин уюштуруу практикасы тууралуу айтып берип, бул маселе фокус-топторду өткөрүү учурунда пайда болгонун белгиледи.

“Биздин айылдык аймакта ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Ар бир улуттун өзүнүн маданияты, тиричилиги, каада-салты жана жашоо калыбы бар, бирок бул бири-бирибизди сыйлап, тынчтыкта, ынтымакта жана биримдикте жашоого эч тоскоол болбойт. Ошол эле учурда фокус- топтордун бардык катышуучулары маданиятты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы бар деген пикирге келишти. Тактап айтканда, балдар жана чоңдор ар кандай музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнө алган, кол өнөрчүлүк менен алектендирген ж.б. ийримдерге суроо-талап пайда болду. Биз демилге көтөрүп чыксак, айыл өкмөтү бул маселени жалпы талкууга койду. Жамаат колдоп, депутаттар бекитип берип, баарыбыз ушул багытта иштей баштадык. Биздин алдыбызда Маданият үйүбүздүн музыкалык аппаратурасын, шаймандарды жана бөлмөлөрдү калыбына келтирүү жана жаңылоо, андан кийин мунун баарынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу милдеттери турду”, – деди айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.

Ошондой эле Курманжан ИБРАГИМОВА айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу планын иштеп чыгууга, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди эсептөөгө, конкурстарды уюштурууга жана өткөрүүгө жана бардык документтерди мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө долбоордун кошкон салымы жөнүндө айтып берди: “Долбоордун консультацияларынын жана тренингдеринин жардамы менен бизде бүгүн кол өнөрчүлүк ийримин уюштуруу кызмат көрсөтүүсү үчүн 1 окуучуга 500 сом өлчөмүндө тариф бекитилген, алардын ата- энелери менен келишимдерге кол коюлуп, 20 адам катышкан ийримдин графиги түзүлгөн”.

“Теңге-тең” платформасынын жыйынынын катышуучуларынын жыйынтыктоочу презентациясы менен БМжБ тобунун мүчөсү Тилек ЭРГЕШ уулу чыкты. Ал БМжБ тобун түзүүдө гана эмес, ошондой эле ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн потенциалын өнүктүрүүдө да көрсөткөн жардамы үчүн долбоорго ыраазычылыгын билдирди: “Көбүбүз буга чейин жергиликтүү бюджеттин же башка булактардын эсебинен ишке ашырылган ар кандай долбоорлорго же иш-аракеттерге көз салып, кемчиликтерди аныкташ керектигин көп деле ойлончу эмес экенбиз. Бирок окуудан кийин биз бюджеттин каражаты салык төлөөчүлөрдүн акчасы экендигин, б.а. биздики болгонун, бул каражатты үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу керектигин түшүндүк. Айыл өкмөтүнүн буйругу менен 7 адамдан турган БМжБ тобу түзүлдү. Топтун алдына колдонулган каражаттардын ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыздоо, кызмат көрсөтүүчүлөр жасап жаткан иштерге мониторинг жүргүзүү аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө айыл өкмөтүнүн жардамчысы болуу, эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуулар же сапаты начар экендиги аныкталса, дефекттик актыны түзүү милдети коюлду”, – деди Тилек ЭРГЕШ уулу.

Ошондой эле БМжБ тобунун мүчөсү тогуз иш-чарага жана объекттерге мониторинг жүргүзүү, эреже бузууларды аныктоо, дефекттик актыларды түзүү жана айыл өкмөтү менен жергиликтүү кеңештин кароосуна сунуштарды киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү. БМжБ тобу ошондой эле тургундардын жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө канааттануусун баалоо үчүн калк арасында сурамжылоо жүргүзүп чыкты. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу пландарына тиешелүү түзөтүүлөр киргизилип, аларды ишке ашыруу мөөнөттөрү көрсөтүлдү.

Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучу- ларынын арасында 2012-2015-жылдары Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган долбоорлордун биринин максаттуу муниципалитеттери болуп саналган муниципалитеттердин өкүлдөрү да болду. Алар да кесиптештери менен жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана БМжБ тобун түзүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүштү. Алар ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамааттар өз ара кызматташуунун жана өнөктөштүктүн формасын түшүнүп, баамдап, кабыл алганда гана донордук долбоорлор көрсөткөн жардам жакшыраак сезилип, туруктуу болуп калаарын белгилешти. Ошол жылдары түзүлгөн БМжБ топтору ушул кезге чейин ийгиликтүү иштеп келатышат, ал эми өз жамааттары менен биргеликте артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо үчүн ушул күнгө чейин ЖМБА-сессияларынын модели1 колдонулуп жаткан экен.

1 Жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА / PRA (Priority Rural Assessment, сөзмө сөз которгондо: айылдын артыкчылыктарын баалоо) – бул адамдарга өзүнүн турмуштук тажрыйбасын, жашоо шартын талдоого мүмкүндүк берген жана топтолгон тажрыйба жана билим менен алмашууга өбөлгө түзгөн усулдардын жана ыкмалардын туруктуу түрдө өркүндөтүлүп турган тобу. ЖМБАнын жардамы менен айыл жана шаар эли артыкчылыктарын аныктап, жашоо шарттарын аныктаган чечимдерди өз алдынча кабыл ала алышат. Кененирээк: http:// municipalitet.kg/ru/article/full/191.html

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖӨБ ТАЖРЫЙБАСЫ (НООКЕН РАЙОНУ)

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ийгиликтүү практикасы боюнча “Теңге-тең” принциби боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара окутуу аянтчасынын жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Иш-чарага Ноокен районунун акиминин орун басары Жайнак НЕМАТ уулу, раймамадминистрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары катышты. Тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараны ачып жатып, акимдин орун басары Жайнак НЕМАТ уулу долбоорлор менен кызматташуу чоң пайда алып келип жатканын белгиледи.

“Бир нече жылдан бери биз Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан, жергиликтүү өнүгүүгө багытталган долбоорлор менен кызматташып келатабыз. Кызматташуубуздун жана долбоорлорго катышуубуздун натыйжасында биз билимибизди өркүндөтүп, жаңы көндүмдөргө ээ болдук; жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү калк менен байланышты жана ишти жолго коё алдык; биз жарандарды коомдук иш-чараларга, жергиликтүү бюджетти пландоо, түзүү жана пайдалануу процессине тартуунун маанилүүлүгүн түшүндүк. Тажрыйба алмашуу боюнча бүгүнкү иш-чарадан көптөгөн пайдалуу нерселерди ала аласыз деп ишенем”, – деди райондун акиминин орун басары.

Платформанын координатору, БАЖБАнын өкүлү Данияр АСТАРОВ муниципалдык кызматчылар үчүн өз билимдерин өркүндөтүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берип, аларды БАЖБАнын окуу курстарына катышууга чакырды. Ал ошондой эле “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамына ылайык2, бардык муниципалдык кызматчылар жергиликтүү бюджеттин эсебинен билим ала аларын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташуунун алкагында Ноокен районунун Сакалды жана Момбеков айылдык аймактарында ишке ашырылган ийгиликтүү практикалар менен тааныша алышты.

Сакалды айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Замира ИБРАГИМОВА комуз черткенге үйрөтүү боюнча кызмат көрсөтүүнү ийгиликтүү уюштуруу тажрыйбасы тууралуу айтып берди. ИБРАГИМОВА аймакта таланттуу балдар абдан көп болгонун, бирок бардык эле ата-энелер балдардын талантын андан ары өркүндөтүү үчүн ийримге жибере албастыгын кошумчалады.

“Калк менен биргеликте биз көйгөйлөрдү аныктап, алардын ичинен артыкчылыктуусун тандап алдык. Комуз черткенди үйрөткөн ийрим ачууну эл артыкчылыктуу маселе деп тапты.

Биз бул иш-чараны муниципалитетибиздин 2023-2025-жылдарга Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу планына киргиздик. Долбоордогу тренингдерден кийин биз конкурсту өткөрүүнүн жол-жоболорун, кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде комуз ийримине да тарифтерди эсептөөнүн методикасын үйрөндүк. Ийримдеги сабактардын баасы 1 окуучу үчүн айына 700 сом болуп, балдардын ата-энелери менен тарифти макулдаштык, ал эми конкурс өткөндөн кийин бизге музыка мугалими Болотбек ЖЭЭНТАЕВ кошулду. Ийримдин мындан аркы туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ийримдин ишин көзөмөлдөгөн жана бардык маселелерди чече турган ата-энелер комитети түзүлдү”, – деп кошумчалады Замира ИБРАГИМОВА.

Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Замир ТИЛЛАБАЕВ кесиптештери менен “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жана муниципалитетте ишке ашырылган жеке консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүн тартуунун ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүштү: “USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун өнөктөшү болуу менен биздин муниципалитет чоң пайда тапты. Мисалы, бул жылы долбоордун техникалык колдоосу менен 2024-жылга жергиликтүү бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрдүк жана катышуучулар иш-чара алардын пикирлерин жана каалоолорун эске алуу менен ачык-айкын өткөнүн белгилешти; алар бюджеттин долбоору менен таанышып чыгып, өз сунуштарын бере алышты. Бизди окутуп турушат, консультация беришет, тажрыйба алмашуу иш-чаралары өткөрүлөт, алардын жүрүшүндө кесиптештерибиздин ийгиликтүү тажрыйбалары менен таанышып турабыз. Биздин “Бирдиктүү терезе” кызмат көрсөтүүбүз да USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун консультациялык коштоосу менен уюштурулган. Бул кызмат көрсөтүү адегенде токтомдун негизинде, андан соң 2023-жылдын 6-апрелинде айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде уюштурулган. Ошондой эле долбоор Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгууга жана аны баскыч-баскычы менен киргизүүгө; жергиликтүү маанидеги маселелердин ичинен артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоого; “Бирдиктүү терезе” кызмат көрсөтүүсүнүн жумушчу регламентин иштеп чыгууга жардам берди. Бул кызмат көрсөтүү эмне үчүн киргизилген? Жергиликтүү тургундарга мал жандыктары тууралуу маалымкат берүүдө, бир нерсенин бар же жок экендигин тастыктаган ар кандай документтерди алууда жашоочуларыбыздын убактысы жана акчасы үнөмдөлүүдө; ичүүчү же сугат суу үчүн акы, ар кандай салыктар төлөнүүдө. Тургундар бул кызмат көрсөтүүнү райондук борбордун ар кайсы жерлериндеги ар кандай ведомстволордун эшигин каккылабастан, узун кезектерде турбастан эле иш графигине ылайык саат 9.00дөн 17.00гө чейин пайдалана алышат”, – деди айыл өкмөт башчысынын орун басары.

Замир ТИЛЛАБАЕВ ошондой эле консультант тартуу аркылуу аймактын тазалыгын камсыз кылуу үчүн КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу жаатында өз муниципалитетинин тажрыйбасы менен бөлүштү: “2021-жылдын октябрынан бери USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору туруктуу негизде консультацияларды берүүнү улантууда, мунун натыйжасында биз иш кагаздарыбызды иретке келтирип алдык. Долбоор менен кызматташууну координациялоо үчүн айыл өкмөтүнүн жумушчу тобу түзүлгөн, анын мүчөлөрү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди эсептөө методикасын үйрөнүшкөн; СЭӨПкө талдоо жасалган, анын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөр артыкчылыктуу болгонуна жараша бөлүштүрүлүп чыккан. Бул процессте биз негизинен эмнени үйрөндүк? Өткөрүлгөн тренингдердин жана консультациялардын натыйжасында пландаштырылган иш-аракеттерди ишке ашырганга ЧЕЙИН бардыгын так жана мыйзам чегинде гана пландап алганды үйрөндүк. “Кудай сактасын, эч нерсе болбойт”, “кийин тариздеп же кошуп коёбуз” деген сөздөр болбой калды. Биз бул багытка тиешелүү бардык ченемдик- укуктук ченемдерди изилдеп, азыр абдан жакшы билип калдык”, – деп кошумчалады айыл өкмөт башчысынын орун басары.

Аймактын жетишкендиктеринин катарында төмөнкүлөр бар: экономикалык жактан негизделген, кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугун жана андан ары өнүгүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берген жаңы тариф; айыл өкмөтү менен муниципалдык ишкананын ортосунда түзүлгөн чарбалык макулдашуу; муниципалдык мүлктүн бекитилген реестри; кызмат көрсөтүүчү менен абоненттердин ортосунда түзүлгөн келишимдер.

ЖӨБ органдарынын арасында ийгиликтүү практикалардын базасында тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралар “Теңге-тең” өз ара окутуу платформасынын принциби боюнча уюштурулган. Иш-чараларды Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) 2022-2023-жылдары 4 райондун раймамадминистрациялары менен Кызматташуу жөнүндө меморандумдардын негизинде өткөргөн. Мында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору колдоо көрсөттү.

2 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2022-жылдын 18-январындагы №4, 2022-жылдын 6-июнундагы №41, 2023-жылдын 25-январындагы №14 КР Мыйзамынын редакциясына ылайык), 19-берененин 9-пункту: Кызматчыларды окутуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем эмес эсепте бюджеттен финансылык каражаттар бөлүнөт. Окутуу мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Окшош материалы: