Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун практикасында инклюзивдүү өнүгүүнүн принциптери

2023-10-02 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун практикасында инклюзивдүү өнүгүүнүн принциптери

Жаңылыктар түрмөгүн даярдагандар: Асел АКМАТАЛИЕВА жана Нургүл ЖАМАНКУЛОВА

2023-жылдын июль айында Швейцария өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) консорциумда ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тренингдерди өткөрдү. Бул тренингдер 10-июлунан 14-июлуна чейин Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак, Тогуз-Торо, Базар- Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Токтогул жана Чаткал райондорунун, 18-июлунан 20-июлуна чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң жана Ысык-Көл райондорунун пилоттук айыл өкмөттөрү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу практикасында инклюзивдүү өнүгүү принциптерин колдонууга арналган.

 

Тренингдерге айыл өкмөттөрүнүн башчылары, Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программа- ларын (СЭӨП) иштеп чыгууга тартылган ЖӨБ органдарынын кызматкерлери, ошондой эле айылдык кеңештердин депутаттары катышты. Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүнүн негизги принциптерин карап чыгышты, инклюзивдүү өсүш менен экономиканын жалпы өсүшүнүн ортосундагы өз ара байланышты талкуулашты, социалдык- экономикалык өнүктүрүүнүн муниципалдык программаларына инклюзивдүү чараларды кошуу боюнча практикалык сессияларды өткөрүштү.

Тренингдин программасы лекциялык, дискуссиялык жана интерактивдүү блоктор кезектеше тургандай болуп түзүлгөн; тематикалык жагы социалдык жана экономикалык өсүштүн глобалдык ыкмаларын жана концепцияларын, экономикадагы заманбап тенденцияларды, инклюзивдүү өсүүгө көмөктөшүүчү саясий чараларды, жергиликтүү жамааттардын бардык мүчөлөрү үчүн жашоонун татыктуу деңгээлин жана сапатын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн жана Адамга багыт алууну камтыйт.

Катышуучулар инклюзивдүү өсүү концепциясында каралган негизги чаралар муниципалдык СЭӨПда тигил же бул деңгээлде чагылдырылганын белгилешти, бирок бул тренинг аларга инклюзивдүү өсүш калктын аярлуу катмарына кирген жарандарга субсидия берүүгө эмес, алардын экономикалык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын потенциалын активдештирүүгө жана мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдардын социалдык жактан оор кырдаалдан чыгуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталганын түшүнүүгө жардам берди. Ошондой эле тренингдердин жүрүшүндө жамаатты чечим кабыл алуу процессине тартуунун жана аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоонун маанилүүлүгү баса белгиленди. Жарандык катышуунун деңгээлин жогорулатуу инклюзивдүү өнүгүү саясатын ийгиликтүү ишке ашыруунун өзөгү болуп саналат.

“Ийгиликтүү жамаат – бул ар бир адам социалдык-экономикалык өнүгүүгө колдон келишинче салым кошкон жана ошону менен бирге тамак-ашка, турак жайга, медицинага, билим алууга, коопсуздукка, энергетика ресурстарына болгон өзүнүн негизги керектөөлөрүн, ошондой эле эркиндик, өзүн көрсөтүү, чыгармачылык, сапаттуу эс алуу, баарлашуу жана ушул өңдүү жогорку тартиптеги керектөөлөрүн канааттандырууга мүмкүнчүлүгү бар жамаат, - деди долбоордун гендердик жана социалдык инклюзия жана билимдерди башкаруу боюнча адиси Алтынай МОЛДОЕВА. – Тренингдерде биз айрыкча жашоо деңгээли жашоо сапатынан эмнеси менен айырмаланарын талкууладык. Жашоо деңгээли – бул негизинен сандык көрсөткүчтөр менен өлчөнө турган экономикалык көрсөткүчтөр. Ал эми жашоонун сапаты – бул кененирээк түшүнүк, ал өзүнө эч кандай сандар менен көрсөтө албаган нерселерди камтыйт. Бул үй- бүлөлүк бакубатчылык, адамдык кадыр-барк, чыгармачылык жана өзүн көрсөтө алуу эркиндиги. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, дал ушул жашоо сапатынын көрсөткүчтөрү жалпы экономикалык өсүшкө таасирин тийгизет экен. Себеби, экономиканы өзүнүн жеке, кайталангыс сапаттарын, талантын көрсөтө алган, бир нерсеге чеберчилиги же ишкердик жөндөмү бар адамдар өнүктүрүшөт. Ошондуктан жергиликтүү өнүгүү процесстеринде эч ким артта калбай, ар бир адамдын үнү угулушу керек”.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору ЖӨБ органдарынын инклюзивдүү жана туруктуу өнүгүүгө умтулуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүп келатат. Бул тренинг адилеттүү жана гүлдөгөн жамааттарды түзүүгө көмөктөшүүчү саясаттарды жана тажрыйбаларды ишке ашырууда пилоттук муниципалитеттердин потенциалын бекемдөөгө карай дагы бир кадам болуп калды.

Окшош материалы: