Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнүктүрүү саясат институту бишкек мэриясы менен биргеликте жөб органдарынын ачык-айкындуулугу үчүн механизмдерди киргизүүдө

2023-10-02 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Өнүктүрүү саясат институту бишкек мэриясы менен биргеликте жөб органдарынын ачык-айкындуулугу үчүн механизмдерди киргизүүдө

Жаңылыктар түрмөгүн даярдагандар: Асел АКМАТАЛИЕВА жана Нургүл ЖАМАНКУЛОВА

Өнүктүрүү саясат институту жана Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги “Ачык Бишкек” жаңы долбоорун демилгелөөдө. Бул долбоордун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) жарандар менен биргеликте ЖӨБ органдарынын ачыктыгынын, айкындуулугунун жана отчеттуулугунун идеяларын, аспаптарын жана механизмдерин киргизип, тажрыйба алмашышат.

Бул долбоор “Ачык жергиликтүү башкаруу” (Open Government Partnership Local1). эл аралык платформасынын алкагында мүмкүн болду. Бишкек мэриясы бул демилгеге 2023-жылдын мартында кошулган жана жарандык коомдун уюмдары менен биргеликте Иш-аракеттер планын даярдап, ишке ашырууну пландап жатат. Жумушчу орган – “Ачык Бишкек” Комитети – паритеттик негизде ЖӨБ органдарынын жана Бишкек шаарынын жарандык коомунун кызыкчылыктарын коргоп, тараптардын ар биринен үчтөн өкүлдү (Бишкек мэриясынан 3 өкүлдү жана жарандык коомдон 3 өкүлдү) кошот.

Буга чейин Бишкек мэриясы расмий маалымат таратып, жарандык коомдун өкүлдөрүн “Ачык Бишкек” долбоорун ишке ашырууга катышууга чакырган. Жарандарды каттоо мезгили 2023-жылдын 26-июлунан 4-августуна чейин созулду.

Бишкекти өнүктүрүүгө катышууга жарандык сектордон 11 адам кызыкдарлыгын көрсөттү. ӨСИнин өкүлү Азамат МАМЫТОВдун айтымында, өтүнмө бергендердин баары Бишкек шаарынын көйгөйлөрү боюнча маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан коомдук уюмдардын жетекчилери жана лидерлери.

2023-жылдын 8-августунда Октябрь райондук администрациясынын жыйындар залында “Ачык Бишкек” долбоорунун алкагында өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен Бишкек шаарынын мэриясынын жолугушуусу өттү. Жолугушууга Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору Курманбек МОЛДОКУЛОВ, мэриянын аппаратынын өкүлдөрү, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Курманбек МОЛДОКУЛОВ Бишкек шаарынын мэриясы менен жарандык коомдун уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи: “Мэриянын жарандык коом менен кызматташуусу ачыктык, отчеттуулук жана иш-аракеттер планын өз убагында аткаруу принцибин карманышы керек. “Ачык Бишкек” демилгесин колдоо менен мэрия шаар үчүн жарандык коомдун пикири маанилүү экенин, биз Бишкек шаары менен жарандык коомдун уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар болгонубузду көрсөтүүдө”, – деди Өнүктүрүү агенттигинин директору Курманбек МОЛДОКУЛОВ.

«“Ачык жергиликтүү башкаруу” демилгеси дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүндө бар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын көбүрөөк ачык, айкын жана жоопкерчиликтүү кылуу максатын көздөйт. Жарандык уюмдардын катышуусу OGP’да иштин зарыл элементи болуп эсептелет. “Ачык Бишкек” Комитети – бул платформа, мында ЖӨБ органдары жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы идеяларын, заманбап аспаптарын, жаңы механизмдерин жана шаарларды өнүктүрүү практикасын талкуулашат. Бул платформанын алкагында эл аралык форумдарга, конференцияларга катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болот, ал жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жарандардын катышуу тажрыйбасын сунуштайт», – деди Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү Азамат МАМЫТОВ.

Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча “Ачык Бишкек” Комитетине 6 адам кирди:

 

  • Гүлжан БАЙБЕТОВА, “Аялдардын демократиялык тармагы” коомдук фондунун төрайымы;
  • Адилат САПАРБАЕВА, “Соопкер” коомдук фондунун директору;
  • Дмитрий ПЕРЕЯСЛАВСКИЙ, “Арча” коомдук фондунун координатору.
  • Мирланбек БАЙГОНЧОКОВ, мэрдин биринчи орун басары;
  • Курманбек МОЛДОКУЛОВ, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору;
  • Кубанычбек КУДАБАЕВ, Бишкек шаарынын мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы.

Комитеттин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2 жылды түзөт, ал мөөнөт соңуна чыккандан кийин жаңы мүчөлөр шайланат. “Ачык Бишкек” Комитетинин мүчөлөрү конкреттүү Иш-аракеттер планын даярдап, Бишкек шаарын өнүктүрүү үчүн кыска мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырууга тийиш.

1 https://www.opengovpartnership.org

Окшош материалы: