Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
БАЖБА жана Шопоков шаары билимди жакшыртуу боюнча өнөктөш болуп калышты
2023-жылдын 10-майында Шопоков шаардык мэриясында Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) менен Шопоков шаардык мэриясынын жолугушуусу өттү. Шопоков шаардык мэриясынан калаа башчысы Адылбек БЕКБОЛОТОВ, вице-мэр Чынара ТОКТОГУЛОВА, мэриянын аппарат жетекчиси Жыпара ТОКТАЛИЕВА катышты. БАЖБАнын атынан Академиянын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА жана мекеменин окуу процесси боюнча менеджери Жылдыз КЕРИМОВА катышты.
Бул жолугушууда БАЖБА менен Шопоков шаардык мэриясынын ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. 3 жыл күчүндө боло турган Меморандум мындан ары БАЖБА менен муниципалитеттин ортосунда өнөктөштүк мамилелерди жана кызматташтыкты орнотууга мүмкүндүк берет. Алар Шопоков шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлерин жана шаардык кеңештин депутаттарын окутуу жаатында кызматташмакчы.
БАЖБА жана Шопоков шаардык мэриясы шаар мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин, ошондой эле шаардык кеңештин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө макулдашышты. Адылбек БЕКБОЛОТОВ, Шопоков шаарынын мэри: “Биз БАЖБА менен кызматташа баштаганыбызга абдан кубанычтабыз, себеби биз жаңы ишке киришкен кызматкерлер-дин, ошондой эле көптөн бери иштеп келе жаткан кызматкерлердин, ошондой эле биздин шаардык кеңештин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн көптөн бери издеп келгенбиз. Мен өзүм да окугум келет, себеби улам өзгөрүп жаткан мыйзамдарга көз салып турганга үлгүрбөй калуудабыз, ошондой эле тереңирээк казгыбыз келген чөйрөлөр абдан көп”.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















