Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БАЖБА ЖӨБ органдарына жергиликтүү өнүктүрүү боюнча консультанттарды тааныштырат

2023-06-22 / ЖӨБ кызматтары
БАЖБА ЖӨБ органдарына жергиликтүү өнүктүрүү боюнча консультанттарды тааныштырат

2022

ЗАЙНАП ТАЖИЕВНА ЭШМУРАТОВА

Консультанттын жашаган жери: Ош облусу, Кара-Суу району, Шарк айылдык аймагы, Медресе участогу

Консультант кызмат көрсөткөн жер:

  • калктын аярлуу топторун коргоо, калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча – КРнын түштүк аймактарында;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча – Жалал-Абадда, Ош облусунун Ош, Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунда.

Консультанттын иш чөйрөсү:

  • муниципалдык менчикти башкаруу;
  • жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
  • жалпы инклюзивдүү өнүктүрүү механизмдерин эске алуу менен аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоо;
  • калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу; 
  • жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу; 
  • калктын аярлуу катмарлары үчүн негизги социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жеткирүү боюнча ыйгарым укуктуу социалдык коргоо органдарынын өкүлдөрүнө консультация берүү;
  • турмушу оор үй-бүлөлөргө жалпы консультация берүү;
  • кардарларга социалдык коргоо багытында атайын консультация берүү;
  • социалдык кызматтардын, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин адистерине окутуучу консультация берүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуунун тажрыйбасы жана жыйынтыктары

  • Ош шаардык мэриясы, Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айылдык аймагына, Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагына, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык аймагына; Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы, Таш-Булак жана Ырыс айылдык аймактарына; Баткен облусунун Кулунду, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык аймактарына жана Раззаков шаардык мэриясына мамлекеттик социалдык заказды киргизүү боюнча консультациялар. Натыйжада коомго пайдалуу долбоорлор ишке ашырылып, анын алкагында балдарды күндүз караган 10 борбор (турмушу оор балдар жана майыптыгы бар балдар үчүн) жана жаштар үчүн 1 ресурстук борбор (2016-2023-жылдары) түзүлгөн.
  • Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула, Кулунду айылдык аймактарына жана Раззаков шаарына майыптуулугу бар адамдардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча консультациялар. Натыйжада реабилитациялоо боюнча 62 адис (30 социалдык кызматкер жана 32 медициналык кызматкер) даярдалды, 300дөн ашык кардардын муктаждыктарына талдоо жасалды жана үйүндө реабилитациялык жана социалдык кызматтар көрсөтүлдү (“Майыптыгы бар адамдар үчүн Жамааттардын деңгээлинде реабилитациялоо (ЖДР) программасын колдонуу жана Кыргыз Республикасынын Лейлек районунда ЖДР программасынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу” долбоорунун колдоосу менен, 2019-2022-жылдары).
  • Балдардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча Лейлек жана Баткен райондорунун беш айылдык аймагына жана Раззаков шаарына консультациялар. Натыйжада облустагы жаңжалдан кийинки аймактарда 13 коопсуз балдар ойноочу аянтча (СFS) жана эрте куракта өнүктүрүү боюнча алты оюн тобу түзүлдү, калкка баштапкы психологиялык жардам көрсөтүү боюнча 26 адис даярдалды (“Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун 13 муниципалитетиндеги көбүрөөк жабыркаган балдар үчүн 13 коопсуз балдар ойноочу аянтчаны түзүү (СFS)” долбоору, 2021-2022-жылдары).
  • Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык аймагынын ЖӨБ органдарына калктын социалдык-маанилүү көйгөйлөрүн аныктоо, чечим кабыл алуу процессине жаштардын катышуусуна дем берүү, жаштардын лидерлик сапаттарын өткөрүп берүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди түшүнүүсүн кеңейтүү чөйрөсүндө консультациялар. Натыйжада “Жаштар Биримдиги” маалыматтык-ресурстук борбору түзүлүп, майыптыгы бар 18 кыз үчүн тигүү жана кол өнөрчүлүк боюнча ачык устаканаларда жумуш орундары түзүлгөн. Коомдо тынчтыкты орнотууда аялдардын жана жаштардын ролун жогорулатууга, калктын аярлуу катмарларына колдоо көрсөтүүгө көмөк көрсөтүлдү (2022-2023-жылдары).

Зайнап ЭШМУРАТОВА менен байланышуу үчүн:

Моб.: +996 (3222) 41474, +996 772 34 80 10

Электрондук дареги: zeinepe04@gmail.com

Facebook: https://www.facebook.com/CDPVG

 

Окшош материалы: