Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Октябрь, Теплоключенка, Кереге-Таш жана Челпек муниципалитеттери суу түтүктөрүн жана скважиналарды тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы провайдерин түзүштү

2023-06-22 / ЖӨБ кызматтары
Октябрь, Теплоключенка, Кереге-Таш жана Челпек муниципалитеттери суу түтүктөрүн жана скважиналарды тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы провайдерин түзүштү

Автор: Бакыт ЮСУПОВ, ЖДКЖ долбоорунун коучери

Кыргыз Республикасынын элеттик муници-палитеттеринде калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүү эң артыкчылыктуу, бирок ошол эле учурда эң татаал болуп саналат. Жумшалган көп күч-аракеттерге жана инфраструктурага салынган инвестицияга карабастан, өлкөнүн көпчүлүк айылдык аймак-тарында бул маселе чечилбеген бойдон кала берүүдө, себеби ичүүчү суу менен жабдуу кызма-тын көрсөтүүчүлөрдө суу түтүк тармактарын жана скважиналарды тейлеп, оңдоодо кыйынчылыктар бар. Инфраструктурага байланышкан көйгөйлөрдү чечип, суу менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүчү провайдерди тандап алгандан кийин суу түтүктөрүн жана скважиналарды талаптагыдай тейлөө, өз убагында жана сапаттуу оңдоону камсыз кылуу маселеси ачык бойдон калууда, аларсыз ичүүчү суу менен камсыздоо системасы тез арада жараксыз абалга келиши ыктымал. Тармактарды жана скважиналарды тейлөө үчүн жабдуулардын кымбаттыгынан улам муниципалдык ишканалар адатта кыйналып калышууда.

Ушундай кырдаал Октябрь, Теплоключенка, Кереге-Таш жана Челпек айыл аймактарында да түзүлгөн. Аталган муниципалитеттерде ичүүчү суу менен жабдуу кызматтарын көрсөтүүчүлөр бар: Октябрь айыл аймагында “Маман Таза-Суу”  ТСКАКБ, Теплоключенкада “Ак-Суу Суу” муниципалдык ишканасы, Челпекте “Асан Давлетов” МИси, Кереге-Ташта “Алтын-Бака” ТСКАКБсы бар, бирок бардык муниципалитеттерде суу түтүктөрүн жана скважиналарды тейлөө боюнча адистештирилген сервистик кызматтар болгон эмес.

Талдоо көрсөткөндөй, атайын техникаларды, жабдууларды жана материалдарды сатып алууга көп чыгым кеткендиктен, квалификациялуу кадрлардын жоктугунан жана бул ишти жасоо үчүн атайын уруксат берүүчү документтер талап кылынгандыктан улам ар бир айылдык аймакта кызмат көрсөтүүлөрдү өз-өзүнчө уюштуруу натыйжалуу болбойт.

Иштеп жаткан жеке компаниялар бул кызматты өтө кымбат, элеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу көтөрө албай тургандай баада көрсөтүп жатышат.

Швейцария өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында төрт айылдык аймак Муниципалитеттер ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум (мындан ары – МОК) түзүп, айылдык кеңештердин сессияларында МОКко катышууга макулдук берүү жөнүндө токтомдорду кабыл алышкан.

Кызматташтыкты ишке ашыруу үчүн түзүлгөн жумушчу топ төрт муниципалитетте суу түтүктөрүн жана скважиналарды тейлөө жана оңдоо кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын даярдап чыккан. Кызмат көрсөтүүчү катары “Элдин Куту” муниципалдык ишканасы (МИ) аныкталып, Октябрь айыл өкмөтү анын уюмдаштыруучусу болуп саналат.

Аталган долбоорду ишке ашырууга кеткен чыгымдын жалпы суммасы 6,5 миллион сомдон ашты, анын ичинде 5 миллион сом өлчөмүндө гранттык каражат жана 1,5 миллион сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн өз салымы бар (Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен). МОК планын ишке ашыруунун алкагында атайын техника: манипулятор краны, компрессор, насос жана башка материалдар сатып алынды. “Элдин Куту” МИси скважиналарды, суу түтүктөрүн тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алды. Иштин бардык түрлөрүнө баалардын прейскуранты даярдалды. “Элдин Куту” муниципалдык ишканасы өнөктөш Челпек айылдык аймагы үчүн суу түтүктөрүн тазалоо боюнча биринчи кызматын көрсөттү. Мындан ары да башка муниципалитеттерден жана ичүүчү суу менен жабдуу кызматтарын көрсөтүүчүлөрдөн келип түшкөн өтүнмөлөр боюнча да кызмат көрсөтүү пландалып жатат.

Төрт муниципалитеттин сүрөттөлгөн тажрыйбасы ичүүчү суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсүнүн туруктуулугун камсыз кылуу боюнча көйгөйлөрдү чогуу чечүүнүн жакшы мисалы боло алат, себеби суу түтүктөрүнүн жана скважиналардын бышыктыгы аларды өз убагында оңдоп туруудан көз каранды.

Назира КЕКЕЕВА, Челпек айыл өкмөтүнүн “Асан Давлетов” муниципалдык ишканасынын бухгалтери:  “Биз ичүүчү суу менен жабдуу кызматын көрсөтүүчүлөр катары калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө кызыкдарбыз, бирок суу түтүктөрүнө жана скважиналарга өз убагында сервистик тейлөө болбосо, сапаттуу кызмат көрсөтүү мүмкүн болбой калат. Азыр биздин аймакта скважиналарды жана суу түтүктөрүн оңдоо жана тейлөө боюнча өз кызматтарын көрсөтө ала турган ишкана пайда болгонуна кубанычтабыз. Эми аларды алыстан таап келбейбиз, алар дайыма жаныбызда”.

Окшош материалы: