Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасы Ысык-Көл районунун тазалыгына, адамдардын ден соолугуна жана туристтик жагымдуулугуна ийгиликтүү кам көрүүдө

2023-06-22 / ЖӨБ кызматтары
“Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасы Ысык-Көл районунун тазалыгына, адамдардын ден соолугуна жана туристтик жагымдуулугуна ийгиликтүү кам көрүүдө

Автор: Кайрат КУЛЧАЕВ, ЖДКЖ Долбоорунун коучери

Көйгөйдүн чоо-жайы

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылдык аймагы курорттук зонада жайгашкан. Бул айылдык аймакта жердин туристтик жагымдуулугун сактап калып, айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чогултуу жана ташып чыгаруу биринчи кезектеги мааниге ээ. Бул жерде КТКны ташып чыгаруу маселеси дайыма курч турган, себеби жергиликтүү калктан тышкары калдыктар курорттук-рекреациялык объектилердин ишинин натыйжасында да пайда болууда. Буга чейин “Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасы КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу иштерин жүргүзүп келген. Ишкана муниципалдык болгонуна карабастан, анын иши КР мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен республикалык бюджеттен каржыланчу. Ошону менен бирге Бостери муниципалитетинде бардык талаптарга ылайык таризделген мыйзамдуу полигон бар.

Кошуна Кум-Бел айылдык аймагында болсо, КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн уюштурууга байланышкан кырдаал чеке жылытарлык эмес болчу, муниципалитетте КТКты чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча атайын техникасы жана таштанды полигону бар болчу. Бирок таштанды полигону табигый түрдө пайда болуп, анын экологиялык паспорту жок эле. Бардык талаптарга жооп берген таштанды полигонуна уруксат берүүчү документтерди алууга өтө көп акча каражаттары жана убакыт керек.

Анча алыс эмес жерде жайгашкан Темир айылдык аймагы эки айылдан турат жана дотациядагы айыл өкмөтү болуп саналат. Темир айылдык аймагында КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсү таптакыр жок болчу. Тургундар таштандыны каалаган жерге ыргытып келишкен, адатта турак үйлөргө жакын жерге ташташчу.

Бардык аталган муниципалитеттерде КТКны тазалоо, ташып чыгаруу жана жок кылуу чөйрөсүндөгү абал кыйла олуттуу болгондуктан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан чукул арада чечкиндүү чараларды көрүү талап кылынган.

Эмнелер жасалды?

Бостери, Кумбел жана Темир айылдык аймактарынан КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча уюштуруу чоң кыйынчылыктарды жараткандыктан, алар кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун жана көйгөйдү чечүүнүн жаңы жолдорун издөөнү чечишкен. Ошол эле учурда Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору муниципалитеттер ортосунда кызматташуунун, анын ичинде КТК маселелери боюнча кызматташтыктын мыйзамдарда каралган мүмкүнчүлүктөрүнө негизделген долбоорлорду сыноо түрүндө ишке ашыра баштаган. Бостери, Кумбел жана Темир айыл өкмөттөрү жарандар менен талкуу өткөрүп, алар көп көйгөйлөрдүн ичинен эң артыкчылыктуусун – турмуш-тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгаруу маселесин тандап алышкан. Калк кызмат көрсөтүү туруктуу жана сапаттуу болсо, ал үчүн талап кылынгандай деңгээлде акы төлөөгө даяр экендигин билдиришти. Муниципалитеттер долбоорго КТКны башкаруу чөйрөсүндө муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкты уюштурууга жардам сурап кайрылууну чечишти.

Андан кийин Бостери, Кумбел жана Темир айылдык аймактарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топ муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын (мындан ары – МОК КЖАП), анын ичинде көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш-чаралардын тизмесин, каржылоо булактарын (ар бир айылдык аймактын салымын) жана аткаруу мөөнөттөрүн даярдап чыгышкан.

Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында ЖӨБ органдарынын ортосунда келишимдер, заказчы менен жабдуучунун ортосунда, кызмат көрсөтүүчүлөр менен абоненттердин ортосунда келишимдер түзүлгөн. “Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасы Темирдин элин тейлей баштаган, ал эми “Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Кумбел айыл өкмөтүнүн ортосунда таштандыларды жок кылуу үчүн полигонду колдонуу жөнүндө келишим түзүлгөн. Бул келишимдин негизинде Кумбел ААнын “Таза аймак” МИси КТКны Бостеридеги таштанды полигонуна чыгара баштады.

Жыйынтыгы 

Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруунун натыйжасында “Бостери Тазалык” МИсинин ишин жөнгө салууга мүмкүн болду. Бул ишкана абоненттик базасын кеңейтип, өзүнүн финансылык абалын оңдой алды, себеби учурда Бостери айылдык аймагынын курамына кирген Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарынан тышкары (тургундарынын саны дээрлик 13 миң адамды түзөт) ишкана калкынын саны 9 миң адамдан ашкан Темир АА тургундарын жана объекттерин да тейлеп жатат.

Эми муниципалдык ишкана Ысык-Көл районунун ири туристтик аймактарынын биринде тазалыкты жана тартипти ийгиликтүү түрдө камсыз кылууда. Ал эми жай мезгилинде туристтердин агымы көп болгондуктан иштин көлөмү эки эсе көбөйөт. КЖАПка ылайык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн талап кылынган жабдуулар жана атайын техника сатып алынды, таштанды полигонун суу жана электр энергиясы менен жабдуу боюнча курулуш иштери аяктады.

Садыр АКУНОВ, Темир айылынын тургуну:   “Темир айылдык аймагында таштанды чогултуу жана ташып чыгаруу кызматы көрсөтүлбөгөндү ктөн, көчөлөргө желим баштыктар (целлофандар) ыргытылып, өрттөлүп, анын калдыктарын шамал учуруп, айыл менен талааларды таштанды басып эле калган. Таштандыны үй жандыктары да челип, балдар калдыктар менен ойноп, бул болсо жугуштуу оорулардын жайылышына алып келген. Азыр абал өзгөрүп, “Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштандыларды өз убагында чогултуп, чыгарып жатышат. Эң башкысы, ЖӨБ органдары айыл тургундарынын ыңгайлуу жашоосу үчүн көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун таап, калктын ишенимине ээ болушту жана айыл тургундарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги керектөөчүлөрүнүн пикирлерин эске алып турушат”.

Финансылык туруктуулук

Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында “Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишинин финансылык принциптерин өзгөртүү, тактап айтканда каржылоонун сметалык принцибинен иштин көлөмү боюнча каржылоого (чарбалык эсепке) өтүү маанилүү тапшырмага айланды. Муниципалдык ишкананын ишин өзгөртүү боюнча иш-чаралар жасалды: өндүрүштүк программа даярдалды; муниципалдык ишкананын мүлкүнүн реестри түзүлдү; “Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставы толукталып иштелип чыкты.

Үч ЖӨБ органы тең (Бостери, Кумбел жана Темир айыл өкмөттөрү) долбоор сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө методикасын пайдаланып, таблицада көрсөтүлгөндөй  КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүнө тарифтерди эсептеп чыгышкан.

2020-жылы “Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасы муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкты ишке ашыра баштаганга чейин калктан тарифти чогултуу 24 пайыз болчу, ал эми муниципалдык ишкананын чыгымдары айыл өкмөтүнүн бюджетинен 4,7 млн сом өлчөмүндө бөлүнгөн субсидия менен жабылып келген. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү үчүн акы чогултуу дээрлик үч эсе көбөйүп, 63 пайызды түзгөн, муну менен катар айыл өкмөтү муниципалдык ишканага субсидия бербей калды, бирок 3,8 млн сом суммасында коомдук пайдалануудагы жерлерди тейлөө боюнча муниципалдык заказды камсыздайт, бул муниципалдык ишкананын туруктуу болушуна мүмкүндүк берүүдө. 2023-жылы тарифтин чогултулушун көбөйтүү боюнча иштер улантылмакчы.

Ишкананын ийгиликтүү иштеши үчүн анын финансылык туруктуулугун камсыз кылыш керек эле, башкача айтканда, ишкананын кирешелери анын өндүрүштүк, эмгектик жана кошумча чыгымдарын жаба тургандай кырдаалды түзүү зарыл болгон. Бул үчүн ишкананын бардык кирешелерин жана чыгашаларын туура жана өз убагында эсепке алып, натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл болгон. Ишти “Бостери Тазалык” МИнин финансылык-чарбалык ишмердигин талдап, иретке келтирип, кирешелерди жана чыгашаларды өз-өзүнчө деталдуу түрдө эсепке алуу менен башташ керек эле. Өндүрүштүк программанын негизинде финансылык-чарбалык иш-аракеттерди так талдоо үчүн ар бир ай жана жалпы жыл үчүн аткарылган иштердин актысынын жыйынтыгы боюнча кирешелердин жана чыгашалардын жалпы жыйындысы чыгарылган.

“Бостери Тазалык” МИси мындан ары да рентабелдүү ишмердикти камсыздоого умтулуп, башка муниципалдык ишканаларга жакшы жыйынтыктары менен үлгү болууга далалат жасайт, себеби дал ушул “Бостери Тазалык” МИсинде республикада биринчи жолу ишкананын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн деталдаштыруу боюнча ушундай ийгиликтүү иштер жасалды.

 

Окшош материалы: