Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоонун жаңы методикасы: “Санарип аймак” жана болжолдоо

2023-06-22 / Көңүл чордонунда
Аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоонун жаңы методикасы: “Санарип аймак” жана болжолдоо

Автор: Максим СЕМЕНЯК, Дүйнөлүк банктын консультанты, “Муниципалитет” журналынын буюртмасы боюнча даярдалды

Пландоо жана болжолдоо аспаптары үй-бүлөлүк бюджеттен жана мектептин ырааттамасынан баштап, татаал жана масштабдуу аймактык жана улуттук программалар менен стратегияларга чейинки өнүгүүнүн бардык процесстери үчүн маанилүү. Бул процесске ошондой эле ЖӨБ органдары да тартылган, алар өздөрү да өз аймактарынын жана жалпысынан өлкөнүн өнүгүшүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Алардын пландарды жана программаларды түзүүдө күч-аракеттери ар кандай жыйынтык берүүдө – бир жерде жаңы бийиктиктерди багындырса, кайсы бир жеринде ордунан козголбогон абалда кала берүүдө. Буга көптөгөн себептерди санап берүүгө болот – пландоо боюнча адистерди даярдоо деңгээлинде да, методикалык материалдардын сапатында да, каржылоонун тартыштыгында да көйгөйлөр бар, бирок, балким, эң маанилүү маселе мында эмес. Маанилүүсү – ЖӨБдүн өздөрү жана жергиликтүү жамааттар 

үчүн жөн гана иш пландары эле эмес, алар түзгөн учурдагы өнүктүрүү программалары пайдалуу болуп жатабы? Кимдир бирөө ошол программаларды аймактарды өнүктүрүү процессин башкарууда чындап колдонуп жатабы?

Эң жакшы жооп: ооба, эгерде алар чындап керектүү маалыматты камтыса, алар менен иштөө оңой жана бул үчүн зарыл болгон бардык сандар колдо болсо, пайдалуу болоору талашсыз. Бирок бардык социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары муниципалитеттердин келечеги үчүн түзүлүп, жергиликтүү жамааттардын турмуш шартын жакшырта алышы үчүн эмнелерди жасай алабыз?

Бул чакырыкка жооп кайтаруу үчүн “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” долбоорунун уюштуруучулары жана аткаруучулары ЖӨБ органдарынын жана райондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча толугу менен жаңы методикалык колдонмону даярдоо боюнча жоопкерчиликти өздөрүнө алышты. Аталган долбоорду Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министрлиги (FCDO) каржылап, Дүйнөлүк банк тескейт. Жаңы методикаларды даярдоодо алар кандай көйгөйлөргө туш болушкан жана аларды сыноодо ЖӨБ органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрүн дагы эмнелер күтүүдө? Эң негизгиси – жергиликтүү деңгээлде пландоонун жаңы ыкмалары кандай болушу керек?

Жаңы гаджеттерди чыгаруу чөйрөсүндө гана эмес, ошондой эле дайындарды пландоо жана башкаруу маселелеринде да технологиялык прогресс бир орунда турган жок. Санариптештирүү болбосо, аздыр-көптүр олуттуу пландарды түзүү мүмкүн болбой кала турган учурга жакындадык жана калың кагаз папкаларын челип, же ымалабыз жакшы уюмдарга чалып, зарыл болгон сандарды издеген учур жакында биротоло жок болот. Ошондуктан аймактарды өнүктүрүү программаларын даярдоонун жаңы ыкмасы ишенимдүү жана так маалыматтарды системалуу түрдө автоматташтырып чогултуу, пландоо процесстеринин так алгоритмдерин түзүү, социалдык-экономикалык жана мейкиндикти пландоону айкалыштыруу сыяктуу маанилүү факторлорго таянат.

Бул техникалык жаңылыктардын катарында башка маанилүү саясий жагдайлар да турат: аймак башкалардан обочолонуп өнүгө албайт, коңшу аймактардын, чөлкөмдүн, өлкөнүн өнүгүшүнө көз каранды болбой коё албайт жана алардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтпөй койбойт. Ошондуктан жаңы методикаларда аймактардын жана региондордун экономикалык интеграциясы жана адистештирилиши, инклюзивдүү өсүш, айлана-чөйрө жана социалдык инфраструктураны жана экономиканы өнүктүрүү маселелери чагылдырылууга тийиш.

Экономикалык интеграция деген эмнени билдирет? 

Жалпак тил менен айтканда, бул коңшу жана алыскы региондор жана аймактар менен соода, өндүрүш, базар жана транспорттук байланыштардын болушу. Мисалы, бир айылдык аймактын чегинде жашылча өстүрүлөт, ал эми коңшу аймакта продукцияны кайра иштетүү боюнча өндүрүш жайгашкан дейли. Эки муниципалитет тең бул байланышты, бири-бирине болгон муктаждыкты, бири-бирине байланганын баамдай алышы керек. Мындан улам СЭӨПтө өзүн жана кошунасын алсыратпаган, тескерисинче, күч бере тургандай чараларды караштыруу зары. Атап айтканда, бир ЖӨБ үчүн чийки затты өндүрүүдө жумушчу күчүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, экинчиси үчүн суу менен жабдуу үчүн шарттарды түзүү зарыл.

Аймакты адистештирүү деген эмнени билдирет? 

Жаратылыш шарттарына, эмгек ресурстарына, транспорттук мүмкүнчүлүктөргө жараша ар бир аймак тигил же бул товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү өзгөчөлүгүнө ээ. Мисалы, жашылча өстүрүү (жогорудагы мисалдагыдай), буюмдарды тигүү (тажрыйбалуу тигүүчүлөр көп болсо). Бирок азыркы экономика ЖӨБ органдарына өзүнүн адистешүүсүнө таасир этүүгө мүмкүндүк берет, себеби табият шарттарына, чийки зат болуп-болбогонуна көп деле көз каранды болбогон экономика тармактарынын жыйындысын сунуш кылат. Мисалы, мындай тармактарга электрондук коммерция кирет, аны материалдык ресурстар аркылуу эмес, билим жана көндүмдөр аркылуу өнүктүрүү керек. Ошондой эле Кыргызстандын муниципалитеттери үчүн, мисалы, туризмге окшогон “универсалдуу” тармактар бар, алар көптөгөн ЖӨБ органдарында ар кандай түрдө жана сапатта ийгиликтүү өнүгө алышат. Бул жерде да ЖӨБ органдары үчүн мейкиндик бар, ал коомдук инфраструктураны түзүүдөн баштап, конокторду кабыл алуу боюнча билим борборлорун уюштурууга чейин ар кандай факторлорго таасир этиши мүмкүн.

Бирок ЖӨБ органдарынын иш-аракеттери жана мүмкүнчүлүктөрү мыйзамдар аныктаган ыйгарым укуктар менен чектелерин унутпаш керек. Ар бир аймакта ЖӨБ органдары кырдаалга таасир эте албаган көптөгөн маселелер жана өнүгүү чөйрөлөрү бар. Мисалы, эгерде мамлекет ири инфраструктуралык объектти курууну пландаса, анда ЖӨБ органы буга тикелей катыша албайт,  бирок ал бул пландар жөнүндө билип, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде адаптациялык чараларды көрүшү зарыл. Башка кырдаал – жаратылышты коргоо максатындагы чектөөлөр. Мисалы, ЖӨБ органы аймакта химиялык өндүрүштү ачууга же ири туристтик объектти курууга көмөктөшкүсү келет дейли. Бирок мамлекет мындай пландар айлана-чөйрөгө орду толгус зыян келтириши мүмкүн экендигин түшүнөт жана чектөөлөрдү киргизет. Мындай пландар же чектөөлөр – жергиликтүү өнүгүүнүн маанилүү түзүүчүсү жана Кыргыз Республикасында башкаруунун (жана пландоонун) ар кандай деңгээлдерин өз ара байланыштырып турган, ошондой эле пландоонун мейкиндиктик өңүттөрүн камтыган, пландоонун жана болжолдоонун комплекстүү системасын киргизүү зарылдыгы эбак эле бышып жетилди.

Аймак, анын өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттар, бизнес жана ал тургай калктын аярлуу топтору да бир чоң механизмдин жумушчу тетиктери болуп саналат жана бул тетиктер канчалык бекем болуп, бири-бири менен канчалык жакшы иштешкенине жараша бул механизмдин алдыга жылышы же майда, эскирген бөлүктөргө бөлүнүп кетиши көз каранды. Ошондуктан, СЭӨПны даярдоонун жаңы методикасы үчүн ал комплекстүү пландоо системасынын башка деңгээлдеринен ажыратылбай, өз ара байланыштагы комплекстүү пландардын жалпы иерархиясынын бир бөлүгү болгону маанилүү. Мындай өз ара байланыштын ирилештирилген структурасы төмөндөгү 1-сүрөттө көрсөтүлгөн.

1-сүрөт. Комплекстүү пландардын иерархиясы, анын ичинде мейкиндик пландары

Биз системанын кайсы бөлүгүндө экенибизди жана муну менен эмне кылуу керектигин түшүнүү үчүн СЭӨПны даярдоонун жаңы методикалары өз ара аракеттенүү маселелерин, ролдорду жана иш-аракеттерди деталдуу сүрөттөөнү камтыйт. Бул иш-аракеттер СЭӨПны социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландоодо жана андан ары ишке ашырууда башкаруунун ар кандай деңгээлдеринде көрүлөт.

Санариптештирүү маселесине кайрылып жатып, методикада пландоонун таптакыр жаңы элементи – социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн автоматташтырылган динамикалык имитациялык модели бар экендигин өзгөчө белгилей кетүү керек, ал аймактардын жана региондордун өнүгүүсүн болжолдоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын көлөмүн башкаруунун маалыматтык аспабы болуп саналат. Маалыматтык системаларда жана негизи эле жалпысынан маалыматты башкаруу маселелеринде структурага салынбаган жана структураланган маалыматтар бар: структурага салынбаган маалыматтар, негизинен, саясатты сүрөттөгөн тексттик маалыматтар; структуралангандар – бул кандайдыр бир белгилер же касиеттер боюнча системага салынган маалыматтар (эң көп кездешкен мисал –таблицалар, статистикалык маалыматтар). Жеринде болжолдоо процесстеринин реалдуулугун эске алуу менен СЭӨПны даярдоонун жаңы ыкмасы анда структураланган маалыматтар үстөмдүк кылгыдай кылып түзүлөт. Бирок бул биз комплекстүү СЭӨПны иш пландары менен гана алмаштырган практикага кайтып келебиз дегенди билдирбейт. Бул демек, биз өнүгүүнүн системалаштырылган көрсөткүчтөрүн көбүрөөк колдонобуз дегенди билдирет, алардын көпчүлүгү социалдык-экономикалык пландоонун динамикалык имитациялык моделинин жардамы менен автоматтык түрдө эсептелет, ал эми алардын жардамы менен ЖӨБдүн деңгээлинде да, райондун деңгээлинде да аналитикалык корутундуларды жасоо оңой болуп калат.

Пландоо объектиси – аймак же регион – модель катары өз ара байланыштагы чакан системалардын жыйындысын камтыган түзүлүш катары каралат: калк – чогуу жашаган жана таасир эткен жарандардын биримдиги (эмгек ресурстары, тышкы мигранттар); экономика – жарандардын жана жарандардын топторунун өз ара эриш-аркак материалдык туюндурулушу (өндүрүш, керектөө, инвестициялар ж.б.); табигый чөйрө – аймактын социалдык-экономикалык абалына таасир этүүчү табигый физикалык шарттар (мейкиндик – ар кандай багыттагы жер, пайдалуу кендер) жана экология маселелери; тышкы дүйнө – каралып жаткан аймакта болбогон, бирок ага таасир этүүчү экономикалык субъекттер жана ар кандай социалдык системалар (борбордон башкаруу, дотациялар, регионалдык долбоорлор, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын деңгээли, миграциялык процесстерди күчөткөн же алсыратуучу факторлор ж.б.). Жөнөкөй түрүндө элестетсек, ал 2-сүрөттө көрсөтүлгөндөй болот.

2-сүрөт. Пландоо моделинин жалпы структурасы

Модель азырынча даярдалууда, бирок методикада аны менен иштөө аспаптары азыртадан эле бар. Модель “Экономика”, “Мейкиндик”, “Айлана-чөйрө” ж.б. сыяктуу бир нече модулдар менен толукталып, “Санарип Аймак” маалымат системасынын бир бөлүгү болуп калат деп күтүлүүдө. 

Прогрессивдүү модель кандай гана болбосун, жаңы методика өтө көлөмдүү маалымат массивдерин камтыбайт. Өнүктүрүүнүн тигил же бул багытынан “кабар алып турууга” мүмкүндүк бере турган көрсөткүчтөрдүн оптималдуу топтому менен чектелүү зарыл. Ошондуктан СЭӨП үчүн жаңы методиканы иштеп чыгуу жана сынап көрүү процессинде өнүгүү индикаторлорунун топтому тандалып алынат, ал индикаторлор маалымат издөө үчүн ашыкча эмгекти талап кылбайт, бирок ошол эле учурда жергиликтүү маанидеги, экономикалык, инклюзивдүү жана мейкиндиктик өнүгүүнүн көпчүлүк маселелери боюнча иштердин абалын баалоо үчүн зарыл маалыматтарды берет.

СЭӨПны иштеп чыгуунун жаңы методикасы кирген маалыматтардын жана чыккан маалыматтардын көрсөткүчтөрүнүн (индикаторлорунун) бирдей болгон топтомун камтыйт. Маалыматтар пландоонун борбордоштурулган системалары жана тармактык дайындар базалары менен, мисалы, Мамкаттоонун базасы менен шайкеш болушу үчүн бул топтом бардык ЖӨБ органдары үчүн туруктуу, стандарттуу болууга тийиш. Райондун деңгээлинде бул тизме бардык райондор үчүн стандарттуу болгон башка көрсөткүчтөр менен толукталат. Көрсөткүчтөр улуттук жана тармактык программалардын индикаторлоруна багытталууга тийиш экендиги жөнүндө ар кандай методикаларда (анын ичинде СЭӨПнын учурдагы методикасында) көп кездешкен талап милдеттүү болуп саналбашы керек. Практика көрсөткөндөй, мындай ыкма дайыма эле иштей бербейт, себеби мындай көрсөткүчтөр адатта бүдөмүк же өтө көп түрдүү болуп, тез өзгөрүп турат. СЭӨП үчүн стандарттык көрсөткүчтөр ушунчалык жакшы тандалгандыктан, тармактык программалар өздөрү үчүн СЭӨП системасынан көрсөткүчтөрдү тандап алса, ойдогудай жагдай түзүлмөк.

Жаңы методиканын дагы бир айырмалоочу өзгөчөлүгү болуп алгоритм эсептелет – СЭӨПны даярдоо боюнча жана СЭӨПга мониторинг жүргүзүү боюнча кадамдардын ырааттуулугу толук баяндалган. Алгоритм ушундай түзүлгөн: ал аткарылганына жараша СЭӨПнын шаблону жана ага тиркеме толтурулуп турат. Мындан тышкары, анда модель менен иштөө жана пландоонун башка деңгээлдери менен маалымат алмашуу боюнча иш-аракеттер сүрөттөлгөн. 

Эмесе, жогоруда сүрөттөлгөн жаңы методиканын көпчүлүк мүнөздөмөлөрүн санап өтөлү. Методикада төмөнкү негизги принциптер камтылган: 

  • СЭӨП – бул жөн гана жогору жакка берилген отчет эмес, ал аймакты башкаруу аспабы;
  • СЭӨП аймактык же регионалдык адистешүүгө жана регионалдык же өлкөлүк экономикалык интеграцияга багытталган;
  • СЭӨП жарандарды даярдоо жана мониторинг жүргүзүү процессине тартат;
  • СЭӨП бардык кызыкдар тараптардын ролдорун так сүрөттөп берет; 
  • СЭӨП инклюзивдүү мүнөзгө ээ – жамааттагы бардык топторду (жамаат эч жерде бир тектүү болбойт) аныктоого жана эске алууга умтулат, ошол эле учурда артта калган жана аярлуу топторго өнүгүү үчүн шарттарды түзүп берет;
  • СЭӨП социалдык-экономикалык жана мейкиндикти пландоону камтыйт;
  • СЭӨПны иштеп чыгуу процесстери жана формалары жөнөкөй жана түшүнүктүү.

СЭӨПны иштеп чыгуу форматы жана процесси:

  • дарамети ар кандай деңгээлде болгон ЖӨБ үчүн татаалдыктын ар кандай деңгээлдери бар (шаарлар үчүн өзүнүн алгоритми жана элеттик муниципалитеттер үчүн өзүнүн алгоритми болот);
  • ЖӨБдүн СЭӨПсын жана райондун СЭӨПсын даярдоо үчүн ар кандай методикалар колдонулат;
  • көрсөтүү форматынын стандарттуу шаблондору жана стандарттуу көрсөткүчтөр топтому болот;
  • СЭӨПны даярдоонун кадам-кадамы көрсөтүлгөн алгоритми бар;
  • дайындардын негизинде моделдештирүү колдонулат;
  • жергиликтүү бюджеттин кирешелерин (бюджеттер аралык трансферттерди эске алуу менен), түз инвестицияларды, бюджеттик инвестицияларды, аймактарды өнүктүрүү фонддорун, программалык негизде бюджеттин чыгымдарын пландоону кошуп алганда жеткиликтүү ресурстарды баалоо;
  • СЭӨПга мониторинг жүргүзүүнүн кадам-кадамы көрсөтүлгөн алгоритми жана мониторингдин жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алуунун механизмдери бар.

Методикалар жергиликтүү деңгээлде колдонулаарына ынануу үчүн Дүйнөлүк банк КР Экономика жана коммерция министрлиги менен бирдикте Өнүктүрүү саясат институтунун катышуусу менен Кыргызстандын Ат-Башы жана Ноокат райондорунда СЭӨПны даярдоо ишин сынай баштады, мында райондук деңгээлди – жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана бир нече ЖӨБ органын камтууда. Сыноо иштеринин жыйынтыгы боюнча толукталып иштелип чыгат, алар төмөнкүдөй пайдалуу болсо да, эскирген документтерди ийгиликтүү алмаштырып кетмекчи:

  • Экономика министрлигинин (2018-жылдын 15-майындагы № 01-18/56) жана ЖӨБЭММАнын (2018-жылдын 15-майындагы) биргелешкен буйругу менен бекитилген Шаарлардын жана айылдык аймактардын СЭӨ программасын иштеп чыгуу боюнча ЖӨБ органдары үчүн методикалык колдонмо;
  • КР Экономика министрлигинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы №156 буйругу менен бекитилген Социалдык-экономикалык өнүгүүнү иштеп чыгуу боюнча райондук мамлекеттик администрациялар үчүн методикалык колдонмо.

СЭӨП жогору жактагы бирөөгө же кандайдыр бир консультантка керек болгон кезектеги отчет бойдон калбашы керек. СЭӨП аймакты өнүктүрүүнү башкаруунун чыныгы иштиктүү аспабына айланууга тийиш. Ал эми жаңы ыкмаларды так жөнгө салынган механизмдердин абалына жеткирүү – дымактуу, бирок жетүүгө мүмкүн болгон максат. Ооба, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болууга туура келет, алар –жер-жерлерде зарыл болгон маалыматтардын тартыштыгы (маалыматтарды чогултуп, талдай турган эч ким жок), ар кандай деңгээлдеги программалардын ортосунда байланыштын жоктугу (ЖӨБ органдары ал жерде район эмнени пландап жатканын көп жакшы билбейт, ал эми район аймактардын пландарын чогултуп, иштете албайт), ал тургай муниципалитеттердин жана мамлекеттик администрациялардын кызматкерлеринин убактысы да тартыш. Бирок жаңы методика бир жолу так жана ак ниеттүүлүк менен маалыматтарды чогултуп, системага салып, шаблондорду толтуруп, ролдорду бекитүү үчүн иштелип чыккан – мындан ары да жеке өнүгүүнү башкаруу, пландарды чындап жумушчу кылуу, өз айылыңызга, шаарыңызга, районуңузга, облусуңузга, өлкөңүзгө реалдуу пайда алып келүү оңой болот.

 

 

Окшош материалы: