Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БАЖБА ЖӨБ органдарына жергиликтүү өнүктүрүү боюнча консультанттарды тааныштырат

2023-05-15 / ЖӨБ кызматтары
БАЖБА ЖӨБ органдарына жергиликтүү өнүктүрүү боюнча консультанттарды тааныштырат

2023-жылы “Муниципалитет” журналы окурмандарын жергиликтүү өнүгүү боюнча Консультанттардын улуттук тармагынын мүчөлөрү менен четинен тааныштырып чыгат.

2022-жылы Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) алдында жергиликтүү өнүктүрүү боюнча Консультанттардын улуттук тармагы1 (мындан ары – Консультанттардын тармагы) түзүлүп, дайындар базасы түптөлгөн. Бул базага жергиликтүү маанидеги маселелерге адистешкен жарандык коомдун уюмдары жана көз карандысыз консультанттар кирет. Консультанттардын тармагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоого, жергиликтүү бюджетке тиешелүү суроолорду тактоого жана жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө жардам берип, тийиштүү билимдерди алууга жардам катары түзүлгөн. ЖӨБ органдарынын суроо-талабы боюнча Консультанттар тармагынын мүчөлөрү муниципалитетке келип, ЖӨБ органынын кызматкерлери менен бирге конкреттүү тапшырманы аткаруу боюнча ишти уюштуруп, кеңеш, консультация берип, иш-чара өткөрө алышат. Бул ресурстун ЖӨБ органдары үчүн артыкчылыктары көп: Тармактын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аймактарында жашап, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү жана ЖӨБ органдарынын иш тажрыйбасын жакшы билип, ошону менен бирге ар кандай муниципалитеттер менен иштешип, мыкты тажрыйбаларды топтоп, аларды башкалар менен бөлүшүүгө даяр. Өз кезегинде БАЖБА да Консультанттар тармагынын мүчөлөрүнө мыйзамдардагы, технологиялардагы, эл аралык башкаруу практикасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө жаңы билим алууга жардам берип келет. Тармактын консультант-мүчөлөрү акы алып иштешет, ошону менен ЖӨБ органдарынын жардамчыларынын кесипкөй жамаатын түптөп, өз кардарларынын алдында иштин сапаты үчүн жооп бере алышат.

2022-жылы БАЖБА мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө консультанттардын квалификациясын жогорулатып, айрым айыл өкмөттөрү менен акынын негизинде консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды берип келген. 2023-жылы БАЖБА Тармактын туруктуу иштешин камсыз кылып, ички өз ара билим алмашуу, мамлекеттик органдар менен байланыш түзүү жана колдоо, ЖӨБ органдары менен байланышты жакшыртуу жаатындагы иштерин улантууда.

2023-жылы “Муниципалитет” журналы окурмандарын жергиликтүү өнүгүү боюнча Консультанттардын улуттук тармагынын мүчөлөрү менен четинен тааныштырып чыгат.

Журналдын бул санында Тармактын мүчөсү, Жалал-Абад облусунун Айылдык консультациялык кызматынын (АКК) консультанты Мырзамидин МАМАДИЕВ менен тааныштырабыз.

МЫРЗАМИДИН САЙПИДИНОВИЧ МАМАДИЕВ

Консультанттын жашаган жери – Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Шайдан айылдык аймагы, Жаңы-Арык участогу.

Консультант кызмат көрсөткөн жер:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча – Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда; 
  • айыл чарба маселелери боюнча – жалпы түштүк аймагында.

Консультанттын иш чөйрөсү: 

  • муниципалдык менчикти башкаруу;
  • жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
  • аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоо;
  • калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
  • жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
  • тиричилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу;
  • муниципалдык ишканалардын ишин түзүү жана уюштуруу;
  • айыл чарба, тамактануу, азык-түлүк коопсуздугу, ирригация ж.б. чөйрөлөрүндө консультациялар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуунун тажрыйбасы жана жыйынтыктары2:

  • Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тамак-аш коопсуздугу боюнча үч жылдык стратегиялык планын жазуу боюнча консультациялары;
  • Сузак районунун Кара-Дарыя айылдык аймагына консультациялар; Ноокен районунун Шайдан, Момбеков, Сакалды айылдык аймактарына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) даярдоого, “Санарип аймак” автоматташтырылган системасын ишке киргизүүгө, “Тазалык таза суу” муниципалдык ишканасын ишке берүүгө консультациялар (2022-2023-жылдары);
  • кызыккан айыл өкмөттөрү үчүн айылдардын жана аймактардын толук карталарын берүү (Айылдык консультациялык кызматтын колдоосу менен түзүлгөн “ГИС борбор” ЖЧКсы аркылуу);
  • Базар-Коргон районунун Акман айылындагы “Акман Тазалык таза суу” муниципалдык ишканасын уюштуруу (USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосу менен, 2020-2021-жылдары);
  • Жалал-Абад облусундагы төрт айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инклюзивдүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (ИСЭӨП) иштеп чыгууга колдоо көрсөтүү жана консультация берүү, анын натыйжасында муниципалитеттердин экономикасын өнүктүрүүгө стимул берилди, жаңы жумуш орундары түзүлдү, салык базасы кеңейтилди. “Санарип Аймак” системасын киргизүүгө колдоо көрсөтүлдү, натыйжада колдоого алынган муниципалитеттер “Санарип Аймак” системасында каттоо рейтингинде райондо биринчи жана экинчи орундарды ээлешти. Ар бир айылдык аймактын деталдуу карталары чыгарылды. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо иши жолго салынды (“Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” Программасынын колдоосу менен, GIZ, 2020-2022-жылдары).
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын тогуз айыл өкмөтүндө жашаган 40 аялды лидерликке окутуу. Жыйынтыгында 21 аял жергиликтүү кеңешке өз талапкерлерин көрсөтүштү, алардын 11и жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланды (АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен, “Жигердүү аялдар – өзгөрүүлөргө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында, 2020-2021-жылдары).
  • Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын 12 районунун 21 айыл өкмөтүндө аялдардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча консультациялар. Жыйынтыгында аялдар үчүн спортзалдар ачылды, КР Саламаттык сактоо министрлигинин программаларына ылайык жыл сайын элеттик аялдарды өз убагында диспансеризациялоо киргизилген. Аялдар ишкердикке, бизнести пландоого жана маркетингге окутулду (“Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун колдоосу менен, БУУ-Аялдар түзүмү, 2016-2018-жылдары). 

Мырзамидин МАМАДИЕВ менен байланышуу жолдору:
Моб.: (WhatsApp) 0999 140409, 0772 030102
Электрондук дареги: mamadiev.1975@mail.ru
Facebook: Мырзамидин МАМАДИЕВ

____________ 

1http://municipalitet.kg/ru/article/full/2894.html

2 Иш-чаралар “Жалал-Абад АКК” КФ командасы ишке ашырып жаткан долбоорлордун алкагында уюштурулду.

Окшош материалы: