Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ичүүчү суудан баштап программисттердин курстарына чейин: муниципалитеттер бири-биринен кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу тажрыйбасын өздөштүрүүдө

2023-05-15 / ЖӨБ кызматтары
Ичүүчү суудан баштап программисттердин курстарына чейин: муниципалитеттер бири-биринен кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу тажрыйбасын өздөштүрүүдө

Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан ЖӨБ органдарынын 300гө жакын өкүлү муниципалитеттерде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу тажрыйбасын өздөштүрө алышты. Алар USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун өнөктөштөрү. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө төрт окуу турун долбоордун финансылык колдоосу алдында Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) уюштурган.

2023-жылдын жазында “Теңге-тең” платформасынын1 принциби боюнча уюштурулган окуу сапарларына Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунун, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Түп райондорунун шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары катышты.  Окуу сапарына БАЖБАнын Консультациялык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн улуттук тармагындагы өнөктөштөрү кошулду2.

Иш-чаранын бардык презентациялык материалдарына QR-код менен кирүүгө болот:

Сапардын негизги темалары – жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу, жергиликтүү бюджетти башкаруу маселелери, ошондой эле ЖӨБ сураган башка темалар.

«“Теңге-тең” (P2P) принциби боюнча платформа жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган практиканы ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүшүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн практикалык окутууга арналган. ЖӨБ органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптештеринен – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринен билим алганы бул платформанын өзгөчөлүгү болуп саналат. КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өз ара окутуу платформасын түзүү демилгесин 2020-жылдын башында КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу көтөрүп чыккан. Андан кийин демилгени БАЖБА баш болгон башка өнөктөштөр да улантып кетишкен”, – деди “Теңге-тең” окутуу платформасынын координатору Данияр АСТАРОВ.

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ

Жалал-Абад облусундагы иш-чара Базар-Коргон районундагы Кеңеш айылдык аймагынын базасында өттү. Үч муниципалитеттин ийгиликтүү тажрыйбалары менен сапардын катышуучуларын жергиликтүү өнүгүү боюнча Консультанттардын улуттук тармагынын мүчөсү Мирзамидин МАМАДИЕВ тааныштырды (“Жалал-Абад облусунун Айылдык Консультациялык Кызматы” коомдук фонду).

  • Муниципалитеттер ортосундагы кызматташуу (МОК) механизми аркылуу Кеңеш айылында катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу

“Кеңеш Тазалык” муниципалдык ишканасында (МИ) атайын техника болбогондуктан, айылдык аймактын бардык айылдарында кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Катуу тиричилик калдыктары үчүн полигон мыйзамдуу жол менен курулганына карабастан, аны толук пайдаланууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Масы айылдык аймагында катуу тиричилик калдыктарын чогултуп, ташып чыгаруу боюнча иштерди “Масы Тазалык” муниципалдык ишканасы (МИ) аткарып келген, бирок таштандыны утилдештирүү жана полигондун жоктугу өңдүү көйгөй бар эле – айылдык аймак туш келди жерде жайгашкан, мыйзамсыз таштанды полигонун пайдаланып, муну менен элге, айлана-чөйрөгө жана экологияга зыян келтирилген. Бешик-Жон айылдык аймагында мындай кызмат көрсөтүү такыр эле жок болчу. Аймактын жашоочулары таштандыларды өз күчү менен чыгаргандыктан, мыйзамсыз таштанды таштоочу жайлар пайда болгон. Үч муниципалитет бири-бирине керек болгонун баамдап, Кеңеш, Масы жана Бешик-Жон айылдык аймактарынын ортосунда муниципалитеттер аралык кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ар бир айылдык аймактын жергиликтүү кеңеши сессияларда кызматташуунун шарттарын жана талаптарын карап чыгып, тиешелүү токтомдорду кабыл алышкан. Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында КТКны чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу маселелери боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун курамына үч айылдык аймактын кызматкерлери, депутаттар жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери кирип, алар “Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын” (КЖАП) даярдап чыгышкан. КЖАПтын алкагында Кеңеш жана Бешик-Жон айылдык аймактарында “Кеңеш Тазалык” муниципалдык ишканасы, ал эми Масы айылдык аймагында “Масы Тазалык” муниципалдык ишканасы кызмат көрсөтүүчү болуп тандалып алынган. Ал эми КТК Кеңеш айылдык аймагында жайгашкан полигонго чыгарылат. Практика ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында кеңири баяндалган: www.myktyaimak.gov.kg

Уларбек САИПОВ, Жалал-Абад облусунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: “Мен башка муниципалитеттердеги кесиптештериме меморандумдун негизинде муниципалитеттер ортосунда кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайт элем. Бул чечим маселенин финансылык жагын (бардык чыгымдарды муниципалитеттердин ортосунда бөлүштүрсө болот), ошондой эле полигонду уюштуруу ишин жеңилдетет (бардык эле муниципалитеттерде полигон үчүн бош жерлер боло бербейт). Ооба, бардык тургундар бир заматта эле идеянын маанисин түшүнүп, макул болуп кетпейт, ошондуктан башында кыйын болот. Бирок түшүндүрүү иштери жана коомдук талкуу аркылуу калктан колдоо табуу мүмкүн”.

  • “Бирдиктүү терезе” системасы боюнча Базар-Коргон шаарынын административдик кызмат көрсөтүүлөрүн өркүндөтүү

“Бирдиктүү терезе” тейлөө борборун түзүүнүн максаты – калктын административдик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана административдик-бюрократиялык жол-жоболорду жоюу жолу менен алардын сапатын жогорулатуу. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Базар-Коргон шаардык мэриясына Тейлөөнү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгууга жана аны этап-этабы менен киргизүүгө колдоо көрсөттү. Стратегияны даярдап жатканда ЖӨБ органдары калк менен “Бирдиктүү терезе” борборунун артыкчылыктарын жана иш регламентин талкуулашты. Эми шаардыктар, ал тургай жакын жайгашкан айрым айылдардын тургундары да “Infodocs”3 электрондук документ жүгүртүү системасынан маалымкат алууга, арыздарды жана кайрылууларды калтырууга, “Санарип аймак” системасында каттоодон өтүүгө, малын идентификациялоого, салыктарды жана башка чегерүүлөрдү төлөөгө мүмкүнчүлүк алышты.

  • Акман айылдык аймагынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу

Аймактын эли дарыялардан жана көлмөлөрдөн алынган суунун зыяндуулугу жөнүндө көп жакшы кабардар эмес эле, алар таза суу үчүн акы төлөөнү каалабагандыктан, ачык булактардан сууну колдонууну артык көрүп келишкен. Мунун натыйжасында убакыттын өтүшү менен жугуштуу оорулар да көбөйгөн. Көйгөйдү чечүү үчүн 2020-жылдын сентябрында, COVID-19 пандемиясы күч алып турган маалда “Акман Тазалык” муниципалдык ишканасы түзүлгөнү менен, маселе чечилген эмес. Ишкана иштеп кетүүгө аракет кылган, бирок адамдар суу эсептегичтерин орнотууну каалабай, “Жаратылыш берген суу үчүн эмнеге төлөшүм керек?” деп түшүнө албай коюшкан. Натыйжада мындан баары азап чегишкен. 2022-жылдын башында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташуу түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолуна айланды. Долбоордун колдоосу жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү катышуусу менен ЖӨБ органдары консультацияларды жана тренингдерди өткөрүшкөн; суунун тарифтерин кылдат эсептеп чыгып, калк менен талкуулашкан, жарандарга алар төлөп жаткан акча кайда жумшаларын түшүндүрүп беришкен. Андан соң калк менен талкууланып, макулдашылган тарифтер жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилген; калк арасында көлмөлөрдөн жана дарыялардан сууну пайдалануунун зыяндуулугу жана анын кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Долбоор менен кызматташуунун натыйжасында “Акман Тазалык” МИси керектелген суу үчүн акы чогултуу деңгээлин көтөрө алды: мисалы, 2021-жылы жыйымдар 400 миң сомдун тегерегинде болсо, ал эми 2022-жылы долбоор менен биргеликте жүргүзүлгөн иштерден кийин дээрлик үч эсе көп – 1 млн 100 миң сом чогултулган.

ОШ ОБЛУСУ

Ош облусундагы тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары Жоош айылдык аймагында болуп, Жоош жана Жаңы-Арык айылдык аймактарындагы кесиптештеринин тажрыйбасы менен таанышып чыгышкан.

  • Жоош айыл өкмөтүндө программисттерди даярдоо курсун ишке киргизүү

Маданият үйүндө орун тапкан КР БШКнын Жарандык жана санарип билим берүү окуу борборуна 20 компьютер сатып алынып, атайын класс ачылган. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун консультациялык жардамынын аркасында жаштардын жана жалпысынан эле жарандардын компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тариф иштелип чыгып, 2022-жылдын ноябрында борбор кызмат көрсөтө баштаган. Кыргыз-Өзбек университетинин Инженердик-технологиялык факультетинин доценти Гүлзат ӨМҮРБЕКОВА конкурстун негизинде Борбордун окутуучусу болуп тандалып алынган. Долбоор ошондой эле кызмат көрсөтүүчү менен аны алуучунун ортосундагы келишимди кантип туура тариздөө керектигин түшүндүрүп, процесске байкоо жүргүзүп туруу үчүн жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн мониторинг жана баалоо тобун түзүү зарыл экенин белгилеген. Азыркы учурда Окуу борборунда беш тайпада 85 адам билим алууда: бир тайпа – айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айыл старосталары, төрт тайпа – мектеп окуучулары жана жергиликтүү жаштар.

  • Жаңы-Арык айылынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу

Ак-Терек жана Таш-Арык айылдарында ичүүчү таза суу берүү системасы жок болчу; Правда жана Жаңы-Арык айылдарында колдонулган суу үчүн акы чогултуунун деңгээли төмөн эле, калк “табият тартуулаган суу” үчүн акча төлөгүсү келбей, кээде сууну ачык (корголбогон) көлмөлөрдөн алып, мунун натыйжасында жугуштуу оорулардын саны өскөн (өз убагында Жалал-Абад облусунун Акман муниципалитетинде да ушундай эле жагдай түзүлгөн болчу). USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу жана жергиликтүү аксакалдардын катышуусу менен калк арасында ачык булактардан суу алуунун кесепеттери жана бул көйгөйдү чечүүнүн жолдору тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, ичүүчү суунун тарифи эсептелип, андан кийин тариф жергиликтүү калк менен талкууланып, аны айылдык кеңештин депутаттары бекитип беришкен. Долбоор ошондой эле эсептегичтерди орнотуп, үйлөргө суу түтүктөрүн өткөрүү иштерин уюштурууга да жардам берген. Ошол эле учурда тургундарга суу түтүктөрүнүн күнүмдүк тиричиликтеги пайдасы да, мисалы, кир жуугуч машиналарды, бойлерлерди, санитардык түйүндөрдү орнотуу мүмкүнчүлүгү, айтор ыңгайлуу жашоонун бардык артыкчылыктары даана көрсөтүлдү.

Гүлмайрам ЖАҢЫЛЫКОВА, Ош облусунун Нариман айылдык аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: “Биздин аймакта ичүүчү сууга жетпей жүргөн Кайрагач деген айыл бар. Жаңы-Арык муниципалитетиндеги кесиптештерибиз биз туш болгон көйгөйдү кантип чечкенин көрүп, муну биз да чече алабыз деп ишендим. Бизде мүмкүнчүлүктөр бар, бирок депутаттардын колдоосунун жоктугунан (азырынча колдогон депутаттар азыраак) маселе чечилбей келатат. Төрт жыл мурун ичүүчү суу менен камсыз кылуу аракети көрүлгөн, бирок географиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу дал ушул айылга суу жетпей калган, буга тоолор тоскоол болгон эле. Эми биз бул маселени тереңирээк изилдегибиз келип турат. Болжолдуу сметасы 3 млн сомго жакын болду. Айыл өкмөтү тең каржылоонун көлөмүн аныктап, жардам алуу үчүн араб кайрымдуулук фондуна кайрылышы керек болот. Мындан тышкары, биз айрым муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда муниципалитеттер ортосундагы кызматташуу ыкмасын да изилдейин деп жатабыз”.

НАРЫН ОБЛУСУ

Нарын облусундагы тажрыйба алмашуу сапары Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн базасында өттү. Бул сапарда Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун муниципалитеттеринин катышуучулары өз кесиптештеринин ийгиликтүү тажрыйбасынын мисалдары менен тааныша алышты.

  • Ак-Жар айылдык аймагында спорт кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу

Балдар жана жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун максаты болду. ЖӨБ органдарында спорт комплексин кармоого жана спорттук шаймандарды сатып алууга каражаты болгон эмес. Ал эми айыл өкмөтү бул кызмат көрсөтүүнү кантип уюштуруп, тарифти кантип эсептеп, спорттук комплексти кайсы каражаттын эсебинен кармоо керектигин билбей турган. Жергиликтүү тургундар комплексте спорттук иш-чараларды өз алдынча өткөрүп, бирок өзүнөн кийин сынган айнектерди, бузулган эмеректерди жана башаламандыкты таштап кеткен учурлар да болгон. Улуу муун жаштардын физикалык даярдыгы начарлап баратканына нааразы эле. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен 2021-жылдын октябрында башталган кызматташуу ушул жана башка көптөгөн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жардам берди. Тактап айтканда, жумушчу топ түзүлүп, анын мүчөлөрү кызмат көрсөтүүнү уюштуруу методикасын үйрөнүп, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына талдоо жүргүзүп чыгып, артыкчылыктуу керектөөлөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү аныкташкан. Кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун иш-аракеттер планын даярдап, спорттук секциянын кызмат көрсөтүүсүнүн наркын эсептөө методикасын киргизүү кийинки баскыч болуп калды. Кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун формасы катары аутсорсинг тандалып алынган. Аутсорсинг – кызмат көрсөтүүнү көз карандысыз жеткирүүчүгө өткөрүп берүү. Конкурстук комиссия кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнү тандады; ЖӨБ органы тарифтерди талкуулоо боюнча коомдук угууларды уюштуруп, андан кийин кызмат көрсөтүүчү менен келишим түзүлгөн.

  • Ак-Жар айылдык аймагында “Бирдиктүү терезе” кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу

Жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү үчүн ЖӨБ органдары райондук мамлекеттик администрациянын демилгеси менен “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тейлөө борборун уюштурушкан. Бул Борбор Мамкаттоону, райондук архитектураны, Кадастр департаментин, Соцфондду жана социалдык коргоону бириктирген. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору ушул кызмат көрсөтүүнү уюштурууга консультациялык жардам көрсөткөн.

  • Кара-Коюн аймагында жаштар үчүн спорт кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу

Кара-Коюн айылдык аймагындагы кырдаал Ак-Жар муниципалитетине окшош эле: аймакта спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгү жок болчу, жаштар бош убакытты кантип уюштурууну билишкен эмес, улуу муун жаштар үчүн өнүгүү шарттарынын начардыгына кейип, “жаштар өнүкпөй эле артка кетип жатат” деп айыпташкан. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2”  долбоору менен кызматташтык муундар ортосундагы чыр-чатактын алдын алып, аймакта спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу өңдүү көйгөйдү чечүүгө жардам берди. Долбоор ЖӨБ органына тарифти эсептөө методикасын үйрөнүп, аны колдонууга, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча иш-аракеттер планын түзүүгө жардам берди. Натыйжада муниципалитетте дзюдо, бокс жана күрөш секциялары ачылып, кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүлөрдүн ортосунда келишимдер түзүлүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көзөмөлдөгөн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлгөн.

  • Кара-Коюн аймагында ичүүчү суу менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүү

Жергиликтүү эл ичүүчү суу үчүн акча төлөгүсү келген эмес, себеби алар эмне себептен дал ушул сумманы төлөшү керектигин жана чогулган акча кайда кетип жатканын түшүнбөй жатышкан. “Суу – бул Жараткандын белеги да!” дешчү. ЖӨБ органдары каражаттардын бир бөлүгү түтүктөрдү кармоого жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө жумшалып жатат деген жүйөлөрүнө эч ким ынанбай, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө зарылчылыгын көзгө илбей келишкен. Айрым тургундар сууну көлмөлөрдөн алгандыктан, мындай көрүнүш жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө алып келген. Маселе эч чечилбей жаткан эле. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору айылдык аймакка келгенден тарта “муз козголду” десе болот. Долбоор айыл өкмөтүнүн адистерине тийиштүү темалар боюнча консультацияларды уюштуруп, калк менен биргеликте артыкчылыктуу маселелерди аныктоого көмөк көрсөтүп, аларды чечүү жолдорун сунуштаган. Өнөктөштүктүн натыйжасында ЖӨБ органдары тарифтерге байланыштуу маселени калк менен чече алышты: таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептеп чыгып, тарифти аныктап, жергиликтүү тургундар менен талкуулашты. Калк менен талкуулоодон кийин тарифти жергиликтүү кеңештин депутаттары бекитип, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылды. Кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда келишимдер түзүлүп, кызмат көрсөтүү процессине Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) байкоо жүргүзүп турат. БМжБТ ар кандай маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүү демилгесин көтөрүп келет. Мындан ары таза суу “24/7” режиминде жеткиликтүү болуп калды. Тиричилик шарттары да оңолду: эми кир жуугуч машина, санитардык түйүндөр, бойлерлер элеттиктердин да үйүндө пайда болду.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ

Тажрыйба алмашуу сапары Ысык-Көл облусунун Ананьев айылдык аймагында жыйынтыкталды. Бул аймакка Түп жана Ысык-Көл райондорунун ЖӨБ органдары келишти.

  • Долбоорлорду ишке ашырууда Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) ролу

БМжБ тобун түзүүнүн мыйзамдык негиздери, анын укуктары жана милдеттери, көйгөйлөрү жана жетишкендиктери тууралуу айыл өкмөтүнүн адиси айтып берип, калк алдында ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылууда бул топтун өзгөчө ролун белгиледи. Тактап айтканда, айылдык аймактын чегинде долбоорлорду ишке ашыруу процессинде 13 адамдан турган топ Көк-Дөбө айылындагы көпүрөнүн курулушуна (жергиликтүү бюджеттин эсебинен), Ж. Абдрахманов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна жана мектепте жылытуу системасын оңдоо иштерине (от казанды орнотууга) мониторинг жүргүзүп чыккан. Мониторинг учурунда БМжБ тобу дефекттик актыларды түзүп, аларды жоюу боюнча сунуштарды берген. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору буга чейин өткөргөн тренингдердин жана консультациялардын натыйжасында топтун бардык иштери сапаттуу болуп, стандарттарды жана мөөнөттөрдү сактоо менен жүргүзүлгөн.

  • Семеновка айылдык аймагында КТКны ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу

Семеновка айылдык аймагындагы муниципалдык ишкана (МИ) 2016-жылы катуу тиричилик калдыктарын чогултуп, ташып чыгарып, жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүү, муниципалдык жолдорду тейлөө, коомдук пайдалануудагы жерлерди күтүү жана көрктөндүрүү, жарыктандыруу үчүн түзүлгөн. 

Ишкананын техникалык базасы жакшы болчу, бирок чогултулган каражаттар чыгашаларды жаап, ишкананын штатын кармоого жетишсиз эле. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен 2021-жылдын октябрында башталган кызматташтыктын натыйжасында бул көйгөйдү чечүү мүмкүн болду. Долбоордун адистери ишкананын финансылык туруктуулугун жана рентабелдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тарифтерди эсептеп чыгып, аларды киргизүү методикасы; кызматташуу жана аны туура тариздөө ыкмалары жөнүндө кеп-кеңештерин беришкен: муниципалдык мүлк объектилерин пайдалануу жөнүндө айыл өкмөтү менен ишкананын ортосунда, МИ менен кызмат алуучулардын (калктын) ортосунда келишимдер түзүлгөн. Мындан тышкары, долбоордун көмөгү менен айыл өкмөтүнүн жумушчу тобу түзүлүп, анын мүчөлөрү кызмат көрсөтүүнү уюштуруу методикасы, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына талдоо жүргүзүү, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча иш-аракеттер планын даярдоо боюнча тренингдерден өтүшкөн. Эсептөөдөн кийин тариф жергиликтүү калктын талкуусуна коюлуп, андан соң жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилген. Тарифти талкуулоого катышып, жергиликтүү калк тарифтин көлөмүнө нааразычылыгын билдирген эмес (тариф бир кожолукка айына 100 сомду түзгөн), тескерисинче, аймактын көчөлөрүнүн тазалыгына көмөк көрсөтө баштаган.

Ысык-Көл облусунун Талды-Суу айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары Нуржан ЖАСЫЛБЕКОВА: “КТКны чогултуп, ташып чыгаруу биздин аймак үчүн да актуалдуу маселе болуп саналат. Бизде муниципалдык ишкана жок, бирок кесиптештеримдин тажрыйбасын көрүп, бул бизде да ишке ашаарына көзүм жетти! Анын үстүнө Семеновка муниципалитетиндеги кесиптештерибиз жасалышы керек болгон бардык иш-аракеттер тууралуу этап-этабы менен толук айтып беришкен. Чындыгында эле, муниципалитеттер ар башка болгону менен, көйгөйлөрүбүз бирдей эле да”.

  • Өрүктү айылдык аймагынын бокс боюнча спорт секциясынын кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу

Элет жергесиндеги жаштардын сергек жашоо образын жүргүзүүсү, дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгуусу, өнүккөн спорттук инфраструктурага жетүүсү үчүн шарттарды түзүү бул практиканын максаты болуп саналат. Алдыга коюлган максатка жетүүгө ЖӨБ органдары өз алдынча чече албаган бир катар көйгөйлөр тоскоол болгон. Тактап айтканда: спорттук секцияларды ачуу жана күтүү үчүн жергиликтүү бюджетте каражаттын тартыштыгы, спорттук комплекстин жана шаймандардын жоктугу. Бул маселелер USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун консультацияларынын жардамы менен чечилди. Тарифтерди эсептөө методикасын окутуп, финансылык туруктуулукту камсыздоодон тышкары, долбоордун көмөгү менен айыл өкмөттөрүндө жумушчу топ жана БМжБ тобу түзүлгөн. Жумушчу топ процессти уюштурса, ал эми БМжБТ анын сапаттуу ишке ашырылышын көзөмөлдөп турган. Чогуу жасалган иштердин жыйынтыгында спорттук секциялардын – бокс, күрөш жана кичи футболдун кызмат көрсөтүүлөрүнө конкурс өткөрүлүп, тариф иштелип чыгып, жергиликтүү калк менен талкууланып (ар бир катышуучу үчүн айына 300 сомду түзгөн), кызмат көрсөтүүчүлөр менен аларды алуучулардын ортосунда келишимдер түзүлгөн.

КОРУТУНДУ СӨЗДҮН ОРДУНА

Данияр АСТАРОВ катышуучулардын басымдуу бөлүгү айткан пикирге кошулат, ал тажрыйба алмашуу сапарлары ийгиликтүү өттү деп эсептейт: “Тажрыйба алмашуу сапарларынын максаттары ишке ашты деп ойлойм. Катышуучулардын көпчүлүгү айрым ийгиликтүү тажрыйбаларды өздөрүнүн муниципалитеттеринде да жайылтууну каалап жатышат. Алар кээ бир маселелерди чечүү жолу абдан эле жөнөкөй болгонун моюнга алып, мындай сапарларды уюштуруу зарылдыгын белгилешти. Ушундай сапарларда биздин кесиптештерибиз азыркыдай эле биз үчүн тренер же насаатчы боло алышат”.

Ар кандай тажрыйба алмашуу салыштыруу, атаандаштык элементтерин камтыйт. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндөгү бир эле чечимдер айрым муниципалитеттерде жалпы укуктук базага карабастан, тажрыйбаны өзгөчө, кайталангыс кылган өзгөчөлүктөргө ээ болушу мүмкүн. Мындай сапарлардын баалуулугу жана практикалык пайдасы мына ушунда – ар бир ЖӨБ органы жана ар бир жамаат буга чейин эле белгилүү болуп көрүнгөндөй ар кандай практикага жаңычылдык киргизип, башкалардын көзүнө илинбеген майда деталдарын байкай алышат. Бул процессте сапардын катышуучуларында, алардын башка муниципалитеттердеги кесиптештеринде баяндамасы менен өзгөчө жаккан сүймөнчүктөрү пайда болот. Жогоруда сүрөттөлгөн сапарларда “Көрүүчүлөрдүн көңүлүн ээлеп алгандар” ким болгонун түшүнүү үчүн БАЖБАдан катышкан уюштуруучулар WhatsApp мессенжерин колдонуп, катышуучулар арасында чакан сурамжылоо өткөрүшкөн. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча баарынан көп добуш алган пракалар болуп төмөнкүлөр табылды:

  • Акман айылдык аймагынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу, 9 добуш;
  • Жаңы-Арык айылынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, 24 добуш;
  • Ак-Жар айылдык аймагында “Бирдиктүү терезе” кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу, 31 добуш;
  • Долбоорлорду ишке ашырууга Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) ишин уюштуруу, 17 добуш.

БАЖБАдан долбоордун менеджери Салия АКУЛОВА баш байге катары жеңүүчүлөргө “Муниципалдык кызмат суроолордо жана жооптордо. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актуалдуу 120 актуалдуу суроосуна жооптор” аттуу жыйнакты тапшырды. Аталган жыйнак КР ЖӨБ Союзунун катышуусу менен даярдалып, БАЖБА чыгарган4

Окуу сапарларынын бардык катышуучулары башка баалуу маалыматтарды ала алышты. Мисалы, Данияр АСТАРОВ Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын базасында муниципалдык кызматчыларды окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун координатору Бакыт АЙТКУЛОВ катышуучуларга Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттер жана бюджеттик ссудалар боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү берди.

“Оймо-Биллинг” тиркемесинин (Көп функционалдуу техникалык чечим) презентациясы чоң кызыгууну жаратты. Интернет саясатынын жарандык демилгесинин менеджери Темир КАЗЫБАЕВ жана “Оймо биллинг” компаниясынын жетекчиси Нурлан ЖУМАШЕВ каржы агымын уюштуруу боюнча санариптик чечимдер ЖӨБ органдарына жана муниципалдык ишканаларга азыртан эле жеткиликтүү болуп калганын айтып беришти. Практикалык өнөктөштүктүн башталышы бул чөйрөдө сапардын маанилүү жыйынтыгы болуп калды: Нарын облусундагы тажрыйба алмашуу сапарынын жүрүшүндө Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык суу менен камсыздоо ишканасы “Оймо биллинг” системасына кошулуу үчүн келишим түздү. MyCloud.kg5 компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде муниципалдык ишкана кардарлардын абоненттик базасын түзөт, ал эми система ишке киргенде керектөөчүлөр өз телефондоруна “Оймо биллинг” мобилдик тиркемесин орнотуп, онлайн-дүмүрчөктөрдү көрүп, жеткиликтүү тейлемелер аркылуу төлөмдөрдү жүргүзө алышат. Муниципалдык ишкана ошондой эле карыздарды жана төлөмдөрдү талдоо үчүн функциялар менен өзүнүн финансылык туруктуулугун жана башкаруу системасын өркүндөтүп, керектөөчүлөр менен байланышты чыңдай алат. 

____________ 

1 “Р2Р” платформасын колдоо боюнча USAIDдин долбоорунун иши жөнүндө кеңири маалыматты “Муниципалитет” журналынын №6-7 сандарынан (128-129) таба аласыз: http://municipalitet.kg/ru/article/full/2893.html 

2 Консультациялык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн улуттук тармагын түзүү жөнүндө кененирээк маалыматты “Муниципалитет” журналынын №6-7 сандарынан (128-129) табууга болот: http://municipalitet.kg/ru/article/full/2894.html

3 “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДС) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде документ жүгүртүүнү автоматташтырууга жана документтерди электрондук форматка өткөрүүгө арналган маалыматтык система болуп саналат. ЭДСны колдонуу каттарды, башка кагаз корреспонденцияларды жөнөтүү жана жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартууга, аткаруучулук тартипти жакшыртууга жана документтерди иштетүүнү стандартташтырууга мүмкүндүк берет. Кененирээк маалымат алуу үчүн: https://infocom.kg/ru/projects/infodocs/

4 Жыйнакты сатып алууга байланыштуу маселелер боюнча Гуляим Шамшидиновага кайрылсаңыз болот: +996 770 771-130, +996 550 / 505 324-945; электрондук дареги: g.shamshidinova@lga.kg

5 “Оймо биллинг” мобилдик тиркемесинин жаңы функциялары USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу алдында “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” КФ менен MyCloud.kg компаниянын кызматташтыгынын негизинде иштелип чыккан.

 

Окшош материалы: