Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкектеги реформа: МТБнын ордуна шаардык башкармалыктар пайда болот. Ал эми шаар тургундары үчүн эмнелер өзгөрөт?

2023-05-15 / Көңүл чордонунда
Бишкектеги реформа: МТБнын ордуна шаардык башкармалыктар пайда болот. Ал эми шаар тургундары үчүн эмнелер өзгөрөт?

Бишкектиктер шаар бийлигин урушуп, аларга көптөгөн даттануулар жана дооматтар менен кайрылганга көнүп бүтүшкөн. Салт боюнча мэрия жана мэрдин өзү нааразылыктын негизги бутасы бойдон калууда. Бирок Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эки деңгээли – төрт райондук администрация жана 22 муниципалдык аймактык башкармалык (мындан ары – МАБ) бар экенин баары эле билет. Өз алдынча башкаруунун эң төмөнкү деңгээли катары МАБ шаардыктардын башкы өнөктөшүнө айланып, алардын ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарына байланышкан көпчүлүк көйгөйлөрүн чечиши керек эле. Анткен менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда эл дагы эле мэрдин, шаардык кеңештин депутаттарынын, муниципалдык ишканалардын реакциясын күтүп жатканын көрүүгө болот.

Бул туура эле деңизчи, себеби мэрия да, депутаттар да, кызмат көрсөтүүчүлөр да баш калаадагы жашоо сапаты үчүн шаардыктардын алдында жооп беришет. Бирок миллиондон ашык адам жашаган шаарда күн сайын пайда болуп турган маселелердин санын эске алганда, жогоруда саналып өткөн түзүмдөрдөн ар бир жашоочуга өзгөчө аяр мамилени күтүү бир аз аңкоолук болоору айкын. Шаардыктарга эң жакын звено – МАБ – борбор калаанын тургундарын түйшөлткөн маселелердин олуттуу бөлүгүн өзүнө ала алат жана муну жасашы керек деген ой логикалуудай көрүнүп турат. Ошону менен бирге, Интернеттеги жана социалдык тармактардагы жаңылыктарга жасалган талдоо көрсөткөндөй, МАБдар шаардыктардын көйгөйлөрүн четинен чечип жатканы менен, негедир бул иштер көп деле көзгө урунбайт. МАБдын ишин баяндаган жаңылыктардын басымдуу бөлүгү ишембиликтерди уюштуруу, пенсионерлерге жана ардагерлерге белектерди тапшыруу, коммерциялык көрнөк-жарнактардын эки тилде жазылышын текшерип, рейддерди өткөрүү өңдүү иштерге арналган. Бул жумуштар маанилүү жана керектүү болгону талашсыз. Бирок мэр, депутаттар, кызмат көрсөтүүчүлөр МАБга караганда көп жеткиликтүү болбогонуна карабастан шаардыктар баары бир суроо-талаптарын аларга узата беришет. Ал тургай, “МАБдар шайлоо учурунда административдик ресурсту колдоо үчүн гана түзүлгөн, ал эми чарба ишинде алардан майнап чыкпайт” деген уу сөздөрдү да угууга болот.

Мына эми мэрия реформаны пландаштырып жатканы, анын жүрүшүндө МАБдын ролу, алардын формасы, ал тургай саны да олуттуу түрдө өзгөрө турганы кабарланууда. Бул реформа шаардыктардын жашоосун өзгөртөбү? Жарандардын суроо-талаптарына жооп кайтаруу убактысы чындап кыскарып, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк оңолчудайбы? Же реформа – бул жөн гана кезектегидей эле башкаруу органдарынын аталышын өзгөртүп, иштин маңызына таасирин тийгизбей тургандай кылып, аткаминерлердин ордун которуштуруп коюу элеби?

Бул суроолорго баарынан жакшы реформанын башкы уюштуруучусу жана демилгечиси – Бишкек шаарынын мэри Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ гана жооп бере алат. Калаа башчысы “Муниципалитет” журналы менен маектешүүгө макул болду.

– Эмилбек Мырзакулович, МАБды реформалоо чечимине эмне себеп болду? Бул кыйла эле күтүүсүз жаңылык экен: МАБдар рейддерди өткөрүүнүн жана шайлоолорду уюштуруунун зарыл аспабы эле болгонуна, ал эми шаардын турмушундагы чындап эле маанилүү маселелерди райондук администрациялар жана мэрия чечерине баары көнүп калышкандай. Күтүлүп жаткан реформанын маңызы эмнеде?

– МАБдарды түзүп жаткан мезгилде алар башкаруунун прогрессивдүү формасы болчу. МАБдар жергиликтүү өз алдынча башкарууну элге жакындатып, жарандардын өзүн-өзү уюштуруусунун минималдуу зарыл формасын камсыз кылып, шаардыктар менен мэриянын ортосунда көпүрө кызматын аткарып келишкен. Бирок андан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында да, Бишкектин өзүндө да бир топ өзгөрүүлөр болду. Бир жагынан алганда, узак убакыт бою шаардын инфраструктурасы олуттуу капиталдык салымдарга муктаж болуп келген, аларды жалгыз эле бир МАБдын гана эмес, бүтүндөй райондун да чегинде камсыз кылуу мүмкүн эмес болчу. Мэрия ондогон жылдар бою мегаполистин күнүмдүк, бирок чоң көйгөйлөрүн чечип, “өрт өчүрүүчү” режиминде иштөөгө аргасыз болгон. Мисалы, жолдорду, жаңы конуштарды алалы. Бир дагы МАБ борбордук магистралдарды оңдоо жана куруу, бүтүндөй кичи райондорду көрктөндүрүү өңдүү масштабдуу милдеттерди аткара алмак эмес. Албетте, азыр деле баары ойдогудай болуп жаткан жери жок, шаар үчүн глобалдуу көйгөйлөр аз эмес, бирок “күйүп жаткан” маселелердин басымдуу бөлүгү чечилгенин моюнга албай коюуга болбойт. Экинчи жагынан, райондун деңгээлинде жергиликтүү маанидеги маселени натыйжалуу чечип, сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Райондун деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн көтөрө ала тургандай, потенциалы (техникасы, адамдардын саны жана башка ресурстары) жетиштүү  жеке кызмат көрсөтүүчүлөр рынокто дайыма эле боло бербейт экен. Буга биз Бишкек шаарынын Октябрь районунда таштанды чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн аутсорсингге берген учурда ынандык. Үчүнчүдөн, райондук администрациялар мэрия менен калктан алыстап кеткен, райондогу маселелерди чечүү боюнча өзүнүн ролун дайыма эл сапаттуу жана толук аткара бербеген МАБдын ортосунда “өткөрүп берүүчү” звено болуп калды. Жалпысынан алганда, биздин пикирибиз боюнча, чакан ыкчам маселелерди чечүүнү элге баарынан жакын турган башкаруу деңгээлине өткөрүү менен шаардык өз алдынча башкарууну децентралдаштырууга мезгил жетти. Анткен менен МАБдар азыркыдай түрүндө мындай ишке көп даяр эмес. Бирок кеп МАБда гана эмес, жалпысынан эле шаардагы башкаруу системасын, анын ичинде мэриянын бөлүмдөрүн, райондук администрацияларды, муниципалдык ишканаларды да кошо өзгөртүү үчүн күч-аракеттерди жумшаш керек.

– Реформанын расмий максаттары кандай жана бул ниеттер бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө болуп жаткан реформалар менен канчалык коошуп турат?  

– Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеген дал ушул реформалар Бишкекте да өзгөрүүлөрдү жасоо тууралуу чечимди кабыл алууга негиз болуп берди. “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы бизди шыктандырып, ушул документтерден шаардык өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүгүн жана зарылдыгын көрө алдык.

Реформанын расмий максаты – Бишкек шаардык мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу. Жалпак тил менен айтканда, башкаруунун деңгээлдери ортосундагы өз ара мамилелерди тартипке келтирүү, чечим кабыл алуу борборлорун элге жакындатуу, стратегиялык маселелерди чечүү үчүн мэрияга убакыт табуу максатын көздөп жатабыз. Бирок ишти баштоо үчүн кырдаалды талдап чыгып, ошол талдоонун негизинде жаңы башкаруу модели түзүлүшү керек болчу. Ошондуктан, Шаарды өнүктүрүү агенттиги аркылуу жана Өнүктүрүү саясат институтунун финансылык жана уюштуруучулук колдоосу менен биз жумушчу топту түздүк. Анын курамына Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы эксперттер кирди. Тактап айтканда, жумушчу топко эксперттер Бекболот БЕКИЕВ, Салих МУРЗАЕВ, Жалалбек БАЛТАГУЛОВ, Венера БОЛТОБАЕВА, Бектурган ОРОЗБАЕВ, ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын борбордук аппаратынын бөлүм башчылары кирди. Топтун ишин Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек БАЙГОНЧОКОВ жана мэриянын аппарат жетекчиси, эксперттик топтун башчысы Азиз САДЫРБЕКОВ жетектеди. Шаарды өнүктүрүү агенттиги тарабынан иш процессин директор Курманбек МОЛДОКУЛОВ жана ЖӨБ боюнча сектор башчысы Улан АСАНКУЛОВ колдошту.

Топтун алдында төмөнкүдөй милдеттер турган: кыйла компакттуу, жогорку натыйжалуу жана калкта ишенимге ээ болгон башкаруу системасын түзүү үчүн Бишкектин ЖӨБ органдарынын түзүмдөрүн жана функцияларын иретке келтирүү, функцияларды типтештирүү, бирин-бири кайталаган функцияларды табуу.

Башкача сөз менен айтканда, жумушчу топ башкаруу системасында иш жүзүндө ким кандай милдеттерди аткарып жатканын, ким ишин жасабай жатканын ж.б. талдап чыкты. Мисалы, талдоонун жүрүшүндө лифттердин ишин эсепке алуу жана камсыз кылуу боюнча милдеттер бирин-бири кайталап жатканы белгилүү болду. Бишкек мэриясы такыр аткарбашы керек болгон иштердин түрлөрү да (мэрияга тиешелүү эмес функциялар) табылды. Ошондой эле топ кеңири жайылган дагы бир көйгөйдү аныктап чыкты – ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө мыйзамдын талаптарын көзгө илбестен, мамлекеттик органдар өздөрүнүн айрым бир милдеттерин мэрияга оодарып коюшкан. Мисалы, жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын толук түшүүсүнө көмөктөшүү милдети ушундай жол менен өткөрүлүп берилген. Дагы бир көйгөй – аткарууда конкретикасы жок функциялар жана ыйгарым укуктар. Алсак, “райондук администрация керектөө рыногунун суроо-талабын жана конъюнктурасын изилдейт, калкты соода, коомдук тамактануу жана тиричиликти тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт” деген милдет бар. Керектөө рыногунун суроо-талабын жана конъюнктурасын изилдөө багытында администрация кантип, эмнелерди жасап жатканы такыр түшүнүксүз. Мындан тышкары, жумушчу топ көзөмөлдөөнүн кээ бир функциялары ашыкча болгонун, ал эми айрымдарында такыр эле предмети жана чаралары жок экендигин аныктады.

Жумушчу топко кирген эксперттер МАБдын, мэриянын бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери менен жолугуп, Бишкектин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун ишин жөнгө салган документтерге талдоо жүргүзүп чыгышты. Ошентип, топ МАБдын жана райондук администрациялардын заманбап “портретин тартып”, алардын ишин уюштуруудагы көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди аныктап чыкты.

Натыйжада жумушчу топ мэрияга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү деңгээлин реформалоо жолдорун көрсөтүп берип, шаардык мэриянын аймактык башкаруу органдарын оптималдаштырууну, алардын компетенциясын толук жана так аныктоону, алардын жана башка муниципалдык органдар менен кызматтардын ортосунда ыйгарым укуктарды чектөөнү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө калктын тикелей катышуусунун жаңы формаларын, тартибин жана кепилдиктерин сунуш кылды.

– Башкаруу системасынын көз карашынан алып караганда абдан эле туура болчудай, бирок иш жүзүндө кандай болоор экен? МАБдын келечеги кандай болот деп ойлойсуз? 

– Башкаруунун эки деңгээлинин – райондук администрациялардын жана МАБдардын ордуна башкаруунун бир деңгээли – шаардык башкармалыктар түзүлөт, алар шаардыктардын оптималдуу санын – райондорго караганда азыраак, бирок МАБга караганда көбүрөөк тейлешет. Башкача айтканда, Бишкекте 4 райондук администрациянын жана 22 МАБдын ордуна 12ге жакын шаардык башкармалык пайда болот, болжолдуу эсептей келгенде ар бири 90-100 миң адамды камтыйт. МАБга караганда шаардык башкармалыктарга кыйла олуттуу көлөмдөгү ыйгарым укуктар берилет жана финансылык жактан көбүрөөк өз алдынчалуулугу болот, алар райондорго караганда шаардыктарга жакыныраак болот.

Биринчи этабында башкаруунун бул моделин пилоттук режимде шаардын Свердлов районунда киргизүү пландалып жатат, бул жерде үч шаардык башкармалык иш алып бармакчы. 

– Чындыгында эле ыйгарым укуктары анык болбогон 26 башкаруу органынын ордуна 12 күчтүү жана өз алдынча башкаруу органын түзүүнү оптимизация десе болот. Бирок шаар тургундары үчүн эмнелер өзгөрөт? 

– Реформа биринчи кезекте аткаминерлердин жашоосун жеңилдетүү үчүн эмес, шаардыктардын турмуш шартын оңдоо үчүн жасалууда. Албетте, жаңы башкаруу системасы шаардыктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине канааттануу деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет деп күтүп жатабыз. Биринчи кезекте муниципалдык, социалдык жана турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу кызмат көрсөтүүлөр кыйла жеткиликтүү болууга тийиш.

Тагыраак айта турган болсок, шаардык башкармалыктар турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн тургундардын алдында өздөрү жооп беришет. Мисалы, алар катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандашат. Эгерде кызмат көрсөтүүчү тургундар ыраазы боло тургандай жетиштүү деңгээлде иштей албаса, анда шаардык башкармалык бул маселени чече алат – кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн кызмат көрсөтүүчүгө таасир эте алат, ал тургай аны алмаштырып коё да алат.

Ошондой эле бүгүнкү күндө МАБдар көпчүлүк учурда кызмат көрсөтүүчүлөргө кайрылууларды же райондук администрацияга, же мэрияга гана даректеп жаткан чакта шаардык башкармалыктар шаардыктардын өтүнүчтөрүнө жана кайрылууларына өздөрү жооп кайтарышат. Иш жүзүндө МАБдар адамдарды керектүү даректерге багыттаган диспетчерлерге эле айланып калышты. Эми шаардык башкармалыктар тургундардын көйгөйлөрүн өздөрү чече башташат.

– Ал эми шаардык башкармалыктар таштанды чогултуу жана ташып чыгаруудан башка дагы кандай кызмат көрсөтүүлөргө карата шаардыктардын бардык кайрылууларын чечүүгө ыйгарым укуктуу болот? Шаардык башкармалык ар бир шаар тургуну калаа менен өз ара маселелерин чече ала тургандай бийликтин (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун) чордону боло алабы?  

– Буга чейин жылдар бою топтолуп келген көйгөйлөрдүн баарын көз ирмемде чечүү мүмкүн эмес, бардык кызмат көрсөтүүлөр боюнча бир заматта универсалдуу тейлөө борборлорун түзө турган “сыйкырдуу таякчабыз” жок. Баскыч-баскычы менен иш алып барабыз. Ушул тапта шаардык башкармалыктарга санитардык тазалоо, көрктөндүрүү (мисалы, бак-дарактарды бутоо), аймакты жашылдандыруу, ички жолдорду жана тротуарларды оңдоо (бирок курулуш эмес) ж.б. чөйрөлөрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү пландалып жатат. Бардыгы, анын ичинде мэрия да көбүрөөк нерсени каалаганына карабастан, бул да оңой-олтоң иш эмес.

Алсак, калкка “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ар кандай муниципалдык кызматтарды көбүрөөк көрсөтө алышы үчүн шаардык башкармалыктардын компетенциясын кеңейтүү, ошондой эле шаардык башкармалыктардын базасында калкты тейлөө борборлорун (КТБ) жаңы сапатта уюштуруу иштери орто мөөнөттүү пландарда бар. Бүгүнкү күндө жарандар КТБларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бир бөлүгүн гана ала алышат, бирок ар бир адам мамлекеттик гана эмес, муниципалдык жана турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү бир эле жерден ала алган учурда ойдогудай кырдаал болмок. Баса, төлөмдөрдү санариптештирүү бизди ушундай чечимдерге түртүп жатат. Чындыгында эле, эгерде төлөмдү бир эле жерде – төлөм терминалдары аркылуу уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда эмне үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн да ушул эле принцип боюнча уюштурууга болбосун? Бирок, бул ойлогондой жөнөкөй иш эмес. Ченемдик укуктук жана жөнгө салуучу базага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, санариптик платформаларды өркүндөтүү жана башкалар боюнча көп күч-аракет талап кылынат. Бирок биринчи кадам жасалды жана ал толугу менен “жаран үчүн мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” түшүнүгүнө жооп берет.

– Бирок ыйгарым укуктар жана укуктар көйгөйлөр өзүнөн өзү эле чечиле баштайт дегенди билдирбейт да. Асфальтты жана техниканы сатып алыш керек, а эгерде алар болбосо, эч кандай мыйзам жолдорду оңдой албайт эмеспи. Шаардык башкармалыктар өз милдеттерин аткаруу үчүн акчаны кайдан алышат? Шаардыктарга жаңы финансылык жүк түшпөйбү?

– Шаар тургундары шаардык башкармалыктын иши үчүн азыр салык төлөөчү катары калаанын бюджетине төлөп жаткандан көбүрөөк акча төлөшпөйт. Биз шаардын ичиндеги каржылоо схемасын өзгөртөбүз – бул үчүн биздин укуктарыбыз бар,  шаардык башкармалыктарда өз алдынча тескей турган бюджеттик каражаттары болот. Мисалы, быйыл кайсы көчөнү, ал эми кийинки жылы кайсы көчөнү оңдош керектигин өздөрү чечет. Бул шаардык башкармалыктарды өздөрүнүн бюджеттик ресурстарына ээ болбогон МАБдардан абдан эле айырмалап турат. Бирок ошого жараша жоопкерчилиги да көбүрөөк болот – алар мэриянын алдында да, жарандардын алдында да жооптуу болушат. Шаардык башкармалыктар жөнүндө жобонун долбооруна кызмат көрсөтүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандардын шаардык башкармалыктын ишине канааттануу деңгээлин өлчөө өңдүү милдеттүү талапты жөн жерден киргизген жокпуз. Башка бир маселе бар: кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү үчүн төлөмдөрдүн чогултулушу жана тарифтердин негиздүүлүгү өтө маанилүү, бул – шаардыктардын жоопкерчилиги болот. Шаардык башкармалыктар эки тарап тең өз милдеттенмелерин аткарышы үчүн кызмат көрсөтүүчүлөр менен да, шаар тургундары менен да эриш-аркак иш алып барат деп күтүлүүдө. Ансыз кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугу жана сапаты мүмкүн болбойт. Жалпысынан алганда, адамдар менен иштөө шаардык башкармалыктардын башкы артыкчылыгы болот, алар адамдардын маселелерин чечүүгө жөндөмдүү, реалдуу, иштеген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болууга тийиш.

– Кайтарым байланыш каналы уюштурулабы? Тактап айтканда, шаардыктарга жок дегенде шаардык башкармалыктын чегинде калаанын жашоосуна катышууга, анын өнүгүшүнө таасир этүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болчудайбы? Жарандык коом уюмдары шаардык башкармалыктардын атынан биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн натыйжалуу өнөктөштөрдү таба алышабы?

– Албетте, адамдар менен иштөө деген биргелешкен иш-аракеттерди, аймакты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды, долбоорлорду билдирет. Биз конкреттүү механизмдердин үстүнөн иштөөнү улантып жатабыз, бирок жалпысынан мыйзамдар ЖӨБ органдары үчүн шаардыктардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга тикелей катышуусун камсыз кылуу үчүн көптөгөн талаптарды жана мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп койгонун унутпайлы. Мисалы, программалык документтер жана шаардык башкармалыктардын бюджеттери боюнча коомдук угуулар, жергиликтүү сурамжылоолор, тигил же бул долбоорду ишке ашыруунун пайдасына добуш берүү жана башкалар каралууда. Айтмакчы, бул чаралар азыркыга караганда шаар тургундары менен эриш-аркак иштешүүнүн алда канча натыйжалуу каналы болуп берет, себеби мэрия ар бир артыкчылыкты угуп, эске алууга физикалык жактан да, мааниси боюнча да күчү жетпей жатат, ал эми райондук администрациялардын алдында андай милдет жок. Ошондуктан шаардык башкармалыктардын адамдар менен ишин эки тараптуу идеялар жана биргелешкен аракеттер кыймылы менен толуктоо үчүн жарандык коом уюмдарын, шаардык коомчулукту, жарандардын топторун кызматташууга чакырабыз. Реформаны шаардыктардын пикирин эске алуу менен ишке ашыруу үчүн биз көптөгөн методикаларды, колдонмолорду, механизмдерди, практикаларды иштеп чыгышыбыз керек. Андыктан ар кандай түрдөгү жардамга ыраазы болобуз. 

– Мэрия үчүн жана жеке өзүңүз үчүн эмнелер өзгөрөт?

– Мен да, мэриянын борбордук аппараты да шаардын турмушундагы учурдагы “тешиктерди” жамап, “өрт өчүрүүчү” режиминде иштебешибиз керек. Чынын айтсам, мэриянын дал ушундай ролу шаардын келечегин көрүүгө жана аны өзгөртүүгө белсенүүгө жол бербей келатат. Жеке өзүм жана борбордук аппарат күч-аракетти шаарды өнүктүрүүнүн, анын жаңы келечегин түзүүнүн, жаңы технологияларды киргизүүнүн, креативдүү шаардык мейкиндиктерди түзүүнүн стратегиялык маселелерине, коомдук транспортту уюштуруу чөйрөсүндө инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга, айлана-чөйрөнү жакшыртууга, шаардыктар менен өз ара аракеттенүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багыттоого тийишпиз. Бишкекти бакубатчылыктын оазисине жана жашоо шарттарынын көз карашынан алганда Борбор Азиядагы үлгүлүү мегаполиске айландыруу максатында шаар мэриясы жана жашоочулар чындап өнөктөштөргө айланышы керек. Бизге өткөн муундардан жакшы эле мурас калган, ал мурас шаарга акыркы отуз жыл бою өнүгүшүнө мүмкүндүк берди. Бирок азыр айлана-чөйрөнүн жана калктын абалы жана талаптары тездик менен өзгөрүп жатат, эгерде биз стратегиялык маселелерди чечүүгө өтпөсөк, Бишкектин ойдогудай келечеги белгисиз мөөнөткө калчудай.

“Муниципалитет” журналынын окурмандарынын атынан сиздерге борбор калаанын жашоочуларынын кызыкчылыгында реформаны натыйжалуу ишке ашырып алууну каалайбыз!

Мэр менен “Муниципалитет” журналынын башкы редактору Надежда ДОБРЕЦОВА баарлашты.

 

Окшош материалы: