Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөтү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эки “канаты”

2023-04-27 / Жергиликтүү кеңеш
Жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөтү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эки “канаты”

Айылдык кеңеш 12 депутаттан турат, анын курамында алты аял бар. Депутаттар ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын тирешүүсүнө эч кандай себеп жана жүйө болбогонун, ырааттуу, чогуу жасалган иш гана маанилүү деген пикирде. Депутаттар жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери өз ара бөлүп ала тургандай эч нерсе жок, бирок тартышып туруш керек – эгер алар адамдардын жашоо шартын оңдоонун айланасында талашып-тартышса, анда бул пайдалуу жана жакшы.

Алексей ФИЛИМОНЕНКО, Аламүдүн айылдык кеңешинин төрагасы:

– 2010-жылы мен Аламүдүн айылдык кеңешине депутат болуп шайландым, ошол эле жылы Аламүдүн районунун администрациясы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына үч талапкерди көрсөткөн. Айылдашыбыз Найзабек КӨЛБАЕВди жакшы тааныгандыктан, биз аны колдоп, бир добуштан тандаганбыз. Ал биздин айыл өкмөттө эмгек жолун юрист катары баштаган. Кийин райадминистрацияда адис болуп иштеген. Ал айылдын жана райондун көйгөйлөрүн жакшы билчү. КӨЛБАЕВдин келиши менен – аны биз, депутаттар тандап алганбыз – бизде өзгөрүүлөр башталды! Башчынын жана депутаттардын ынтымактуу, ырааттуу эмгеги жана чакан бюджет менен аймактын жашоосун өзгөртө алдык. Бакчалар жанданып, мектептер оңдолду! Ичүүчү суу жок болчу, азыр болсо суу бүт аймакка жетет. Эл ыраазы, эми алар канализацияны күтүп жатышат. Бул туура талап, себеби баары адамча жашагысы келет эмеспи!

Аймактагы өзгөрүүлөр тууралуу бир нече том болгон китеп жазса деле жарашчудай, бирок кыскача айта турган болсом, жарык, суу, газ, мектептер, бала бакчалар, светофорлор, айыл аймагын көрктөндүрүү боюнча 12 муниципалдык ишкана – мунун баары башчынын жана депутаттардын ырааттуу ишинин жыйынтыгы.

Латвияга иш сапарынан Көлбаев кыйла өзгөрүп кайтты. Ал айыл аймагын толугу менен реконструкциялай баштады. Кыргызстанда биринчилерден болуп аймактын тургундарын ташуу үчүн автобустарды лизингге сатып алган. Аксакалдар соту, Коомдук алдын алуу борбору, аялдар кеңеши, жаштар кеңеши сыяктуу коомдук башкаруу органдары ишин жандандырышты. “Ынтымак-Аламүдүн” чыгармачыл бирикмеси түзүлдү. Эки жаңы ФАП ачылып, тез жардам унаасын сатып алдык.

Екатерина СКРИПНИКОВА:

– Батирлерди менчиктештиргенден кийин биздин көп кабаттуу үйлөр кароосуз кала берди, суу экинчи кабатка араң жетчү, бакчалар, дүкөндөр, чакан ишканалар жок болгон. Чынын айтсам, эскисин оңдогонго караганда жаңысын куруу оңойдой көрүнчү. Баары тонолуп, айыл таштандыга “чөгүп” эле кеткендей болду, ар кайсы жерде таштанды жатчу. Бишкек бизди тейлечү эмес, ал эми биз республиканын борборунун маңдайында жашасак да, кароосуз калганбыз. Бул өтө уят көрүнүш эле!

КӨЛБАЕВ өзү менен кошо жаңы мезгилди да ала келди. 2010-жылы март окуялары маалында ар кайсы жерлерде дүкөндөр тонолуп жатканда Көлбаевдин командасы өмүрүн тобокелге салып, күнү-түнү айылды көзөмөлдөп турушту. Өздөрү айтпаса да, биз билебиз, аларга кол салуу болгон, бирок алар “Народный” дүкөнүн тоноого жол бербей, маселени тынч жол менен чече алышкан.

Депутаттар катары биз эч качан жалган сөздөргө, жалаа жабууга, адилетсиздиктин өкүм сүрүшүнө жол бербейбиз. Биздин жана айыл өкмөтүнүн иши алаканга салгандай эле көрүнүп турат, эл билет.

Абдыманап СОПИЕВ:

– Башчы Найзабек КӨЛБАЕВ менен биргеликте “Темир” мамлекеттик ишканасынын имаратын жана Алматы көчөсү, 60 дарегинде жайгашкан имаратты муниципалдык менчикке өткөрө алдык. “Темирде” азыр айыл өкмөтүнүн аппараты жайгашкан, ал эми экинчи имарат “Тумар” мектепке чейинки билим берүү мекемесине берилген. Бул чоң жетишкендик.

Геннадий НИЩУК:

– Калкты тейлөө үчүн лизинг жолу менен транспорт каражаттары сатып алынды. Айтмакчы, биздин айыл өкмөтүбүз республикада лизинг жолу менен техника сатып алган биринчи аймак болуп калды, бул – Найзабек КӨЛБАЕВдин эмгеги.

Бакыт ТОМПОШЕВ:

– Аламүдүн айылындагы Гагарин, Суворов жана Алматы көчөлөрүндөгү үч почта бөлүмүнө, Аламүдүн жана Садовое айылдарында жайгашкан эки китепканага капиталдык ремонт жасалды. Китепканаларды жабдуу үчүн компьютердик техника, китептер, эмеректер, “Онлайн китепкана” электрондук программалык камсыздоо сатып алынды.

Иманкул АБДЫЛДАЕВ:

–  Эки мектеп жана китепкана үчүн “Хандикрафт” интерактивдүү панели жана майыптыгы бар адамдарды окутуу үчүн программа сатып алынды.

Мирлан ИСАГАЛИЕВ:

– Мектептин стадиону үчүн пескоблоктон жана темир тордон тосмолор орнотулуп, балдардын аянтчаларынын полуна резина төшөлгөн.

Людмила НОСКОВА:

– Өтүнмөлөр боюнча, Балдарды коргоо күнүнө, Майыптар күнүнө карата, муктаж адамдарга материалдык жардам дайыма көрсөтүлүп турат, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун ж.б. сатып алууга акча бөлүнүп берилет.

Аида САДЫКОВА:

– COVID-19 пандемиясы маалында тургундар үчүн оор мезгилде көп иштер жасалды. Гуманитардык жардамды даректүү жеткирүү иши жолго салынган. Эки күндүзгү стационар ачылган – бири 50 орундуу, экинчиси 10 орундуу болчу, стационарларга бир орундуу керебеттер ж.б. сатып алынган. Төрт кычкылтек концентратору, тиричилик буюмдары – кир жуугуч машина, үтүктөөчү такта, жууркан-жаздыктар, жеке коргонуу каражаттары, жабдуулар – медициналык экран, металл штатиф ж.б. алынган.

Нурлан АШИЕВ:

– Аламүдүн айылдык аймагында санитардык эпидемиологиялык кырдаалды сактоо үчүн элдик кошуундар уюштурулган.

Токей ОРУНТАЕВА:

– 2022-жылдын жазында биз республиканын булуң-бурчунан келген конокторду – аял депутаттарды, мамлекеттик кызматчыларды тосуп алдык. Алар КР ЖӨБ Академиясы менен биргеликте Өнүктүрүү саясат институту жана “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” долбоору уюштурган конференцияга келишкен. Аламүдүн айылында биз конокторго “Жомок”  бала бакчасын, “Ачык келечек” балдар борборун көрсөттүк, электрондук китепкана менен тааныштырдык, суу топтоочу мунараны кыдырдык, буга кошумча айыл өкмөтүнүн техникасы менен тааныштырдык. Жаңы алынган таштанды ташуучу унааларды, кран, грейдерлер жана техниканын башка түрлөрүн, Бишкек – Садовое айылы, Бишкек – Мыкан айылы каттамы боюнча маршруттук автобустарды көрсөтүп чыктык.

Коноктор жасалган иштердин жыйынтыгына, инновацияларга таң калышты. Мисалы, бала бакчалардагы балдар аянтчаларына жана мектеп стадиондорундагы чуркоо үчүн жолдорго резина төшөлгөн. Коноктор мектептердеги жана китепканалардагы

электрондук такталарга, балдардын билим берүү борборуна, асфальтталган жолдорго, орнотулган светофорлорго, өз техникабызга, айылдан шаарга каттаган маршруттук автобустардын ишине, Аламүдүн жана Садовое айылдарынын суу менен камсыздалышына, муниципалдык ишканалардын ишине мыкты деген баасын беришти.

Биз өзүбүздүн муниципалитетибиздин ишинин жыйынтыктары менен, жетекчибиз Найзабек КӨЛБАЕВ менен, жашоочуларыбыз менен сыймыктанабыз. Коноктор да бизге татыктуу баа берип кеткенине кубанычтабыз.