Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөтү – жергиликтүү өнүгүүнүн жүрөгү – бир калыпта жана катуу согот, санариптештирүүнүн ритминде

2023-04-27 / Иш кагаздарын жүргүзүү жана командалык иш
Айыл өкмөтү – жергиликтүү өнүгүүнүн жүрөгү – бир калыпта жана катуу согот, санариптештирүүнүн ритминде

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр өз убагында жана натыйжалуу жеткирилгенде, алар адамдар үчүн билинбей деле калат, кадыресе көрүнүш катары кабылданат. Эгерде алар үзүл-кесил көрсөтүлсө же такыр эле жок болсо гана тургундардын эсине түшөт. Тигил же бул байгерчиликтин булактары жөнүндө ойлонбогон жаран – жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн эң жакшы сыйлык. Тескерисинче, бир нерсе туура эмес болуп жатат деген белги келип жатса, анда бул тынчсыздандырган көрүнүш. Аламүдүн айыл өкмөтүндө командалык иштин жана ойдогудай башкаруунун аркасында көпчүлүк иштер ийгиликтүү жүрүүдө (ал эми бул жерде жети негизги бөлүм – жалпы, финансы-экономикалык, салык, социалдык коргоо жана жер маселелери боюнча бөлүмдөр бар). Бул жерде күн сайын татыктуу жашоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жөнүндө ойлонушат.

Каалаган мекеменин башкы бөлүмү – финансы-экономикалык бөлүм. Тигил же бул ойду ишке ашыруу бюджеттин көлөмүнө көз каранды болот. Ар кандай жакшы идеяны ишке ашырууга каражат табылбаса, идея бойдон кала берет. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүндө үч адам иштейт. Айыл өкмөтүнүн башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылып, чыгаша бөлүктү сарамжалдуу пайдалануу максатында бөлүм менен күнү бою байланышта турат. Башка айыл өкмөттөрүндөй эле Аламүдүн бюджетинде да көп нерселерди жасоого мүмкүнчүлүк жок. Акчанын көпчүлүгү кызматкерлердин эмгек акысына жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жумшалат. Ошого карабастан, аймак мамлекеттик казынадан дотация албастан, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү менен өзүн-өзү камсыз кылып келатат.

Эл аралык долбоорлордун колдоосу менен айыл өкмөтү бюджетти жана өнүктүрүү программаларын даярдоонун жаңы ыкмаларын өздөштүрө алды. Мамлекеттик түзүмдөрдө каражаттын тартыштыгынан улам көптөгөн иш-чаралар ишке ашырылбай, кагаздын бетинде гана “жашап” жатканы белгилүү. Бирок, ишке ашпаган иштер жана куру убадалар жарандардын ишенимин жоготууга алып келет. Ар бир план бюджетке шайкеш келиши керек.

Айыл өкмөтү ошондой эле сырттан каражат тарта алат. Тажрыйбалуу башчылар жергиликтүү бюджет туш тарапка чачырабай тургандай стратегиянын чоо-жайын билишет. Инвестицияларды тартуудагы негизги роль айыл өкмөт башчысына жүктөлгөн.

– Аймакты азыркы башчы башкарып турган мезгилде айыл өкмөтүнүн бюджети дээрлик жети эсе – 19 миллиондон 125 миллион сомго чейин көбөйгөнүн белгилей кетүү керек. Кирешенин басымдуу бөлүгүн “Куликовский”, “Шинлайн”, ремонт заводу жана текстиль өндүрүшү сыяктуу ири салык төлөөчүлөр камсыздайт, – деп айтты финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Чолпон АЛЫМБАЕВА.

Айыл өкмөтү ишинин стили боюнча социалдык тез жардам бөлүмүнө окшош – баары эле көйгөйдүн тез арада жана ашыкча суроо узатпастан чечилишин каалайт. 14 миң адам жашаган калктын жашоосуна таасирин тийгизген күнүмдүк милдеттерди да, узак мөөнөттүү пландарды да ыкчам аткарууга туура келет. 16 кызматкер мындай көлөмдөгү ишти аткарууга кантип үлгүрүп жатышат?

– Ар бир айыл өкмөтүндө иштер абдан көп. Чукул маселелерди токтоосуз чечип, жашоочулардын өтүнүчтөрүнө реакция жасап, мамлекеттик органдардын каттарына жооп берүү зарыл. Мен айыл өкмөтүнүн башчысы катары төртүнчү мөөнөт иштеп жатам, ошондуктан менин тажрыйбам тапшырмаларды тезирээк аткарууга мүмкүндүк берет, – дейт Найзабек КӨЛБАЕВ.

– Күн сайын эртең менен башчы кызматкерлер менен чогулуш өткөрүп, анда тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын талкуулайт. Эгер кандайдыр бир маселе чечилбей калса, анын себептери жана ыктымал мунаса жолдору талкууланат, – дейт сатып алуулар боюнча адис Азиз ЖУМАНАЛИЕВ.

– Мен айыл өкмөтүнө кокусунан эле келип калгам, – деп сөзүн баштады социалдык өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адис Нуриза АЙТИЕВА. – Мен бир жыл гана иштеп кетем деп ойлогом, бирок андан бери жети жыл өттү. Эмне үчүн мен кала бердим? Мага күчтүү, ынтымактуу команда жана иш кантип жолго коюлганы абдан жакты. Бул жерде ар ким өз ишин гана бүтүрбөстөн, кесиптешине да жардам берүүгө аракет кылат. Мен социалдык коргоо бөлүмүндө адисимин. Майыптар, пенсионерлер, жетим балдар, көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөр менен иштейм. РИИБдин жана акимчиликтин кызматкерлери кирген комиссия менен бирге рейддерге чыгып турабыз. Кошуна Садовое айылына болгон биринчи рейдим эсимде. Биз ошол маалда жаштар тууралуу маалымат чогултуп жатканбыз. Бараарын барып алып, бирок транспорттун жоктугунан улам кайта албай калсак болобу! Бактыга жараша, жанымда дагы үч кесиптешим бар болчу. Бишкектен такси чакырууга туура келди. Жолго кеткен чыгымдардын ордун толуктап беришкени менен, баары бир такси кымбат болду. Ошондо биз адамдардын бир жерден экинчи жерге жеткени азап экендигин жана аймакта ушул өңдүү көйгөйлөр дагы көп болгонун түшүндүк.

Албетте, аймактагы бардык өзгөрүүлөр 21 депутаттан, анын ичинде алты аялдан турган жергиликтүү кеңештин колдоосу болбосо, ишке ашмак эмес.

– Бюджеттин чектелүү болгонуна карабастан, көп нерсени өзгөртө алдык. Бала бакчалар калыбына келтирилди, мектептер оңдолду, ал эми балдар көп жылдар бою өтө алгылыксыз шарттарда – вагондордо окуп келишкен эле! – дейт Аламүдүн айылдык кеңешинин төрагасы Алексей ФИЛИМОНЕНКО. – Таза суу менен камсыз кылуу, светофорлорду орнотуу, газ өткөрүү жана аймакты көрктөндүрүү боюнча 11 муниципалдык ишкананы түзүү сыяктуу маанилүү инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылды. Азыр негизги муктаждык – канализация системасы. Депутаттар башчыны бардык маселелерде колдоого даяр, ал элди бириктире алат, мунун натыйжасында бардыгы бир жыйынтык үчүн иштешет.

– Өткөн жылы биздин аймакта өткөн конференцияга республиканын булуң-бурчунан коноктор келген – аял депутаттар, мамлекеттик кызматчылар катышкан, – дейт депутат Токей ОРУНТАЕВА. – Алар бала бакчада, балдардын билим берүү борборунда, электрондук китепканада, суу алуу мунарасында болушту, аларга таштанды чыгаруу үчүн техниканын жаңы түрлөрү, маршруттук автобустар көрсөтүлдү. Коноктор айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн жасаган иштерине жана өз ара байланышынын жогорку деңгээлине баа беришти.

Муниципалдык ишканаларды айыл өкмөтүнүн “колу-буту” деп койсо болот. Алар качан гана болбосун жумушта отурушат: телефон чалууларга жооп беришет, күтүлбөгөн кырдаалдар орун алган жерлерге барышат. Тургундар күтүүсүз окуя болсо, дайыма тиешелүү кызматка – таштанды, суу, канализация, жолдор, архитектура, жарыктандыруу, жада калса маданият жана спорт бөлүмдөрүнө кайрылса болооруна көнүп калышкан.

Жакындан бери айыл өкмөтү иштерди жүргүзүүдө электрондук программаларды колдоно баштады. Бул убакыттын талабы жана адистер жаңы көрүнүштөргө тез эле ыңгайлашып кетишти. Электрондук иш өндүрүшү документтер менен иштөө процессин тездетип, жөнөкөйлөштүрөт, алардын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул процесс ресурстарды жана акчаны үнөмдөйт, почта жана чабарман кызмат көрсөтүүлөрүнө кеткен чыгымдарды азайтат. Кагаз документтери көп сандагы материалдарды талап кылат, мисалы, кагаз, боёк, ошондой эле кагаздарды сактоочу жайлар, бул болсо кошумча жайларды ижарага алуу зарылчылыгына алып келет. Дагы бир артыкчылыгы – убакыт үнөмдөлөт: бардык документтерди тез арада таап, керектүү адамдарга өткөрүп берүүгө болот. Мындан тышкары, электрондук документтерди сактоо да оңой.

Аламүдүн айыл өкмөтү электрондук платформалардын бир нече түрүн колдонот.

“Е-КЫЗМАТ”

Аламүдүн айыл өкмөтүндө 2020-жылдын ноябрынан тарта “Е-Кызмат” маалымат системасы – “электрондук кызматчы” иштеп жатат. Программага бардык муниципалдык кызматчылар жөнүндө маалыматтар киргизилип турат. Анын жардамы менен кызматкерлер жөнүндө маалыматтарды башкарууга болот, анын ичинде эмгек стажын жана кызматтык тепкичтеги көтөрүлүүсүн көзөмөлдөө мүмкүн. Ар бир өзгөрүү белгиленет, толуктоолор же өзгөртүүлөр киргизилип турат. Ал жерде ошондой эле бош кызмат орундары жөнүндө маалымат да жайгаштырылат, бул болсо жаңы талапкерлерди табууга жардам берет, бул жумушун алмаштырууну каалагандар үчүн ыңгайлуу программа.

“Е-Кызматтын” жардамы менен иштин натыйжалуулугу жогорулайт, кызматкерлердин ортосундагы байланыш жакшырат жана жалпысынан бүтүндөй муниципалитеттин ишинин өндүрүмдүүлүгү көбөйөт, себеби документтерди иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон убакытты кыскартууга мүмкүндүк берет.

“САНАРИП АЙМАК”

Аламүдүн айыл өкмөтүндөгү “Санарип Аймак” автоматташтырылган системасы 2021-жылдын ноябрынан бери иштеп жатат. Ал кожолуктар жана алардын мүчөлөрү жөнүндө статистикалык маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет: жаш курагы, улуту, жынысы жана башкалар боюнча жашаган адамдардын саны көрсөтүлөт. Программа калктын миграциясын көзөмөлдөөгө жөндөмдүү.

Программанын жардамы менен айыл өкмөтү башка мамлекеттик органдар – “Кадастр”, паспорт столу, ЗАГС, ветеринардык башкармалык менен маалыматтык байланышты кармап турат.

Бул системаны киргизүү менен чарбалык китепти жүргүзүүгө зарылчылык болбой калды. Мындан тышкары, система аркылуу маалымкаттар да берилет. 

Бүгүнкү күндө “Санарип Аймакка” кожолуктардын 93% же калктын 82% киргизилген. Бирок системага маалыматтарды киргизүүдө көйгөйлөр бар, атап айтканда, ээси башка мамлекеттин жараны болгон жана жеке идентификациялык номери (ПИН) жок кожолуктар жөнүндө маалыматтарды; документи таризделбеген үйлөр жөнүндө маалыматтарды; туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү санариптештирилбеген балдар жөнүндө маалыматтарды системага киргизүү мүмкүн эмес. Ошондой эле ветеринардык башкармалыктын электрондук базасында маалыматтар жок болсо же жаңыланбаса, малдын бар экендиги жөнүндө маалымкат алуу мүмкүн болбойт.

“СОЦИАЛДЫК ПАСПОРТ”

“Социалдык паспорт” системасы жашоочулардын жеңилдетилген категориялары жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу максатында түзүлгөн. Ага майыптыгы бар адамдар, жалгыз бой пенсионерлер, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган, Чернобыль атомдук электростанциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандар, Ооганстандагы согуштун ардагерлери жана башка социалдык категориялар жөнүндө маалыматтар киргизилет. Ушул тапта системага 309 социалдык паспорт киргизилген. Бул система муниципалитетке райондогу социалдык кырдаалды көзөмөлдөөгө жана талдоого, ошондой эле калктын аярлуу категорияларын социалдык жактан колдоо жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууга жардам берет.

INFODOCS 

Infodocs – бул 2021-жылдын ноябрынан бери колдонууга берилген электрондук документ жүгүртүү системасы. Системада иштөө үчүн башчынын, башчынын орун басарынын, жооптуу катчынын жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысынын электрондук санарип колтамгалары алынган, ошондой эле бардык муниципалдык кызматчыларга логиндер жана сыр сөздөр берилген.

Бул системанын артыкчылыктары – бул кол эмгегин, документтерди жеткирүү жана издөө убактысын азайтууга, кирген жана чыккан документтерди эсепке алуу ишин жакшыртууга жана документтердин жоголушунун алдын алууга мүмкүндүк берет. Программанын жардамы менен электрондук отчетторду даярдап, басып чыгарууга болот. Мындан тышкары, система маалымат алмашуу жана электрондук документтерди жүргүзүү үчүн башка органдар менен өз ара байланыш түзүүгө мүмкүндүк берет.

Айыл өкмөтүнүн башчысы бул системанын жардамы менен аткаруу тартибин көзөмөлдөйт.

“Электрондук программалар – жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана мамлекеттик администрациялардын ишин өркүндөтүү үчүн прогрессивдүү аспаптар, – деп эсептейт жооптуу катчы Юрсина ЖУМАЛИЕВА. – Бул системалар чечим кабыл алуу процесстерин тездетет, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртат жана ЖӨБ органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатат. Электрондук башкаруу программасы чечкен маанилүү маселелердин бири – жарандарды каттоону автоматташтыруу. Программа ар бир тургун жөнүндө маалымат базасын жүргүзөт: дарегин, байланыштарын, үй-бүлөлүк абалын жана башка мүнөздөмөлөрүн киргизет. 2022-жылдын декабрынан тарта маалымкаттар берилбей калды, ал эми уюмдар, анын ичинде банктар адам тууралуу маалыматты электрондук маалымат базасынан алып турушат”.

Айылдык аймактын сайты бар – alamudun. kg, бул сайтта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соңку жаңылыктары жарыяланат. Ошондой эле alamudun.kg сайтынын баракчалары Инстаграм жана Фейсбук социалдык тармактарында да бар. Айыл өкмөтүнүн иши жөнүндө маалымат кварталдардагы жана айыл өкмөтүнүн имаратындагы такталарда дайыма жаңыланып турат.

Аймактарды башкаруу процессине прогрессивдүү электрондук системалары бар айыл өкмөтүнүн кызматкерлери гана эмес, күн сайын элеттиктердин көйгөйлөрүнө туш болгон 54 кварталчылар да киргизилген.

– Аламүдүн айылы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” программасы боюнча республикада биринчи болуп иштей баштаган. Башчы беш АКӨБдү – муниципалдык түзүлүштүн бир бөлүгүндө жарандардын жашаган жери боюнча аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын түзгөн. Алардын ар биринде айыл өкмөтү менен тыгыз иштеген активисттер – 20дан адам бар. Биз муниципалитеттин маалыматын элге жеткиребиз, агартуу иштерин жүргүзөбүз, жашоочуларды кандайдыр бир иш-чараларга мобилизациялайбыз, айыл өкмөтүнүн чогулуштарына чакырабыз, – дейт кварталдык комитеттин төрагасы Ширин САТУВАЛДИЕВА. – Калк айылда болуп жаткан окуялар тууралуу бардык маалыматка ээ. Ошондуктан биз бийликтин көңүлүнөн куру калбайбыз жана аймактын жашоосуна жигердүү катышып турабыз.