Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аламүдүн айылдык аймагы

2023-04-27 / Атайын чыгарылыш
Аламүдүн айылдык аймагы

“Муниципалитет” журналынын бул саны Чүй облусунун Аламүдүн айылдык аймагына арналды. Кыргызстандын борборуна эң жакын жайгашкан Аламүдүн аймагы Бишкектен беш чакырым узактыкта орун алган.

Аянты 78 км2 болгон аймакта Аламүдүн жана Садовое деген эки айыл жайгашкан, бул жакта  14 000 адам жашаган 4 500 түтүн бар.

Аймакта ар түрдүү улуттагы адамдар жашайт: кыргыздар, орустар, корейлер, украиндер, немистер, уйгурлар, татарлар, чечендер, казактар бар.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ муниципалитетти төртүнчү мөөнөт катары менен – 2009-жылдан бери башкарып келатат. Муниципалитетте 18 адам эмгектенет, алардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын саны 21 адам болсо, анын ичинде алты аял бар.

Аймакта 11 муниципалдык ишкана, беш бала бакча, эки жалпы билим берүүчү мектеп, эки китепкана, балдардын билим берүү борбору, клуб жана эки фельдшердик-акушердик пункт иштейт.

Журналдын бул жолку чыгарылышынын мазмуну шарттуу түрдө беш блокко бөлүндү: 

  • Найзабек КӨЛБАЕВ менен маектешүү; 
  • таштандыны жыйноо, спорт, транспорт, суу, жарыктандыруу, жолдор сыяктуу жергиликтүү маанидеги маселелерди ийгиликтүү чечип келаткан муниципалдык ишканаларга сереп жана алардын айрымдарына кененирээк токтолуу;  
  • социалдык блок, социалдык багыттагы борборлор – китепканалар, мектепке чейинки билим берүү, Балдардын ден соолук борбору, бала бакчалар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борбор Аламүдүн элинин пайдасы үчүн кандай иштеп жаткандыгы жөнүндө макалалар;
  • башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө сөз кылабыз – айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин күнүмдүк ишине электрондук платформаларды киргизүү;
  • жергиликтүү жамаат (аксакалдар соту, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомдук демилгелер) менен иш алып баруу тууралуу блок.

Атайын чыгарылыштын материалдарын журналист Ирина БАЙТАНАЕВА даярдап, уюштуруу жагынан колдоону Гуляим ШАМШИДИНОВА көрсөттү, алар Аламүдүн айылдык аймагынын жетекчилигине, кызматкерлерине, депутаттарына жана тургундарына терең ыраазычылыгын билдиришет.

Айыл өкмөтү менен байланыш жолдору:
Чүй облусу, Аламүдүн району, Аламүдүн айылы, Аламүдүн айыл өкмөтү, Набережная көч., 300 А
Телефон номерлери: 0312 48 41 68, 0559 77 55 77
Электрондук дареги: alamudun2013@mail.ru, naizabek@rambler.ru