Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Түп айылынын борбордук көчөлөрүндө жарыктандырууну жакшыртуу жаңы кырсыктардын алдын алат

2023-02-28 / ЖӨБ кызматтары
Түп айылынын борбордук көчөлөрүндө жарыктандырууну жакшыртуу жаңы кырсыктардын алдын алат

Бексултан УМРАЛИЕВ, Түп айылдык кеңешинин жооптуу катчысы

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Түп айылында 2018-жылы 23 жаштагы жигиттин жана 2020-жылы 40 жаштагы эркектин өмүрүн алып кеткен кырсыктар болгон. Алардын бирөө үйлөнө элек болсо, экинчисинин артында балдары жетим, жубайы жесир калды. Бул кырсыктар айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин да, жергиликтүү тургундарды да бушайманга салып, мындай жамандыктын кайталанбашынын алдын алуу үчүн олуттуу чараларды көрүү керек экендигине ынандырды. Түп айылдык аймагы үч айылдан турат: Түп, Шаты жана Бирлик. Борбордук Түп айылынын 6 көчөсүнүн ичинен Бакай жана Шиловец кең көчөлөрүнүн жолдорунун абалы да абдан начар болуп, түнкү жарыктандыруу да жок эле. Жогорудагы эки кырсык тең Шиловец көчөсүндө болуп, ал тез эле “кандуу жол” деген атка конду. Кырсыктарга чейин эле бул көчөлөрдө жөө тургундар күндүз эптеп басып жүрүшсө, кечки же түнкү мезгилде бул көчөлөрдө жарыктандыруу жок болгондуктан өзгөчө кооптуу болуп калган.

Эмнелер жасалды?

Жергиликтүү тургундар, анын ичинде калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен фокус-топтор өтүп, алардын жүрүшүндө Түп айылынын эки борбордук көчөсүндө көчө жарыктарын орнотуу артыкчылыктуу кызмат көрсөтүү деп аныкталды. Андан кийин жалпы чогулуштун катышуучулары жана анын төрагасы биринчи кезекте көчө жарыктарын орнотуу боюнча иш-чараларды өткөрүү керек деп чечишти. Аталган көйгөйдү чечүү үчүн Түп айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошумча каражат булагын издеп жаткан учурда КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу (ЖӨБ Союзу) бул багытта колдоо көрсөтөрүн, бирок ал конкурстук негизде боло тургандыгы жөнүндө маалымат таратты1. Бул жардамды алуу үчүн Түп айыл өкмөтү ЖӨБ Союзунун бардык талаптарын аткарып, жергиликтүү бюджеттен өз салымын бөлүү тууралуу айылдык кеңештин чечимин чыгарып берди; айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери атайын тренингдерге катышып, алардын жыйынтыгында өз долбоорлорун да жакташты. Бул аракеттердин натыйжасында ЖӨБ Союзу аркылуу “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунан 500 миң сом гранттык каражат бөлүнүп берилди. 

Айылдын эки чоң борбордук көчөсүнө жарык орнотуу үчүн айылдын тургундарынын, анын ичинде мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу, калктын аярлуу катмарынын суроо-талаптарын эске алуу менен бардыгы үчүн шарттарды түзүү максатында Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы түзүлгөн, ресурстар такталып, мөөнөттөрү аныкталган. Пландын аткарылышына байкоо жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн буйругу менен биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлгөн. Тендерди өткөрүп, жеңүүчүнү тандап алган соң РЭСтен техникалык талаптардын тизмеси алынып, аларды эске алуу менен орнотулган түнкү чырактар 100Вт жарык кубаттуулугу менен түнкү убакытта көчөлөрдү жарыктандырып жатат. Жалпысынан эки кең көчөгө аба ырайынын шартына жараша атайын реленин жардамы менен автоматтык түрдө күйүп-өчүп турган 150 даана жарык орнотулуп, бул жерде жашаган 500дөй үйдүн көйгөйү чечилди. Мектеп окуучуларынын жана жалпы эле жөө тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн айыл ичинде жолдорду оңдоо жана тротуар куруу үчүн ачык тендер жарыяланган. Бул үчүн жергиликтү бюджеттен 6 млн сом каралып, Сыдыкбеков көчөсүнүн баш жагына 650 метр аралыкка асфальт төшөлүп, Бакай жана Шиловец кең көчөлөрүн жээктеп тротуар салуу каралды. 2022-жылдын этегинде Бакай кең көчөсүнө тротуар салынып бүтүп, асфальт төшөлдү, ал эми Шиловец кең көчөсүнө тротуар салуу ишинин биринчи этабы аткарылып, бирок аба ырайына байланыштуу толук бүткөрүү иштери 2023-жылдын жаз айларына калды.

Экономикалык натыйжалуулугу

Заманбап жана таймер менен иштеп турган, электр энергиясын үнөмдөгөн түнкү чырактар орнотулду. Караңгы көчөлөргө жарык келип, автоматтык таймер коюлгандан кийин жарыкка төлөнүүчү акы да үнөмдөлүп калдды. Бул да жергиликтүү бюджетке олуттуу пайдасын алып келди.

Социалдык натыйжалуулугу

Күн кыскарып, түн узарып калган кыш мезгилинде окуучуларга жана жөө тургундарга абдан ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Алыстан эле жол жакшы көрүнүп, тротуар дагы пайда болуп калгандыктан, түнүндө жол кырсыктары токтоду; уурулук кескин түрдө азайды, айылдык аймактын көркү да оңолду.

Башкаруу натыйжалуулугу

Айыл өкмөтү кызмат көрсөтүүгө мониторинг жүргүзүп турат, бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат, күйүп кеткен жарыктар улам алмаштырылып турат. Бул кызмат көрсөтүү муниципалдык тазалык ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Жарык үзгүлтүксүз берилет – муну БМжБ тобу туруктуу көзөмөлдөп турат. Мындан тышкары ишеним телефондору да иштейт. 

Түп айылдык кеңешинин депутаты ИШЕН УУЛУ Асылбектин пикири: “Айыл жергесинде түнкү жарыктандырууну уюштуруу бул, биринчиден, коопсуздукту камсыз кылуу, бийликтин калкка кам көргөнү деп эсептейм”.

Түп айылынын Бакай көчөсүнүн тургуну  А. КАСЫМБАЕВдин пикири: “Бул жарыктандыруу менен жашообуз ыңгайлуу жана коопсуз болуп калды, кечкисин балдарыбыз дагы сабактан коркпой келишет”.

Документтердин жеткиликтүү үлгүлөрү:

  • “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору менен кызматташуунун алкагында ЖӨБ Союзунун конкурсуна катышууга өтүнмө;
  • Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планын ишке ашыруу үчүн жумушчу топту түзүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн чечими;
  • Түп айылында КЖАПты ишке ашырууда аткарылган жумуштарды аныктоо үчүн мониторинг тобунун курамын түзүү жөнүндө тескеме.

Мыкты тажрыйбанын сүрөттөлүшүнө түз шилтеме: https://myktyaimak.gov.kg/library/best-practices/best-practice-example?lang=kg&id=365 

__________ 

1 Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында.  

Окшош материалы: