Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чеке-Дөбө айылындагы тротуар – жарандардын коопсуздугу

2023-02-28 / ЖӨБ кызматтары
Чеке-Дөбө айылындагы тротуар – жарандардын коопсуздугу

САЙИТБЕКОВ Нурлан, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Барпы айылдык аймагындагы Чеке-Дөбө айылы Жалал-Абад шаарына чектеш жайгашкандыктан, автоунаалардын көптүгүнөн, жергиликтүү жашоочуларга жөө жүрүү абдан эле ыңгайсыз жана кооптуу болуп келген. Айрыкча окуучуларга, ошондой эле пенсия курагындагы карыяларга кыш мезгилинде тротуардын жоктугунан жөө жүрүү чоң көйгөй жаратчу. Жаан-чачында, кыш мезгилинде тротуардын жоктугунан канча деген окуучулар, пенсионерлер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ДМЧ адамдар мектепке, бала бакчага, ФАПка жана башка социалдык мекемелерге убагында жете албай кыйналышчу. Ата-энелер балдарын мектепке машинеси менен жеткирип, же болбосо такси жалдап жөнөтүшчү.

Эмнелер жасалды?

Чеке-Дөбө айылынын тургундары жыйындарда, коомдук угууларда тротуарга муктаждыгын дайыма айтышып, жергиликтүү бийлик органдарына талаптарын коюп келишкен. Мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн Барпы АӨ элдин суроо-талаптарына жооп кайтарып, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына артыкчылыктуу кызмат көрсөтүү катарында зарыл маселе кылып киргизишкен. 2022-жылы Барпы айыл өкмөтү ЖӨБ Союзунун долбоорунун алкагында Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планын (КЖАП) даярдап, конкурска катышып, 500 000 сом грант утуп алган. Ал эми КЖАПта көрсөтүлгөн миллион сомдон ашык, узуну 553 метр болгон тротуардын калган 600 миң сомун Барпы АӨ жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөй турган болду. Экономикалык кризис учурунда айыл өкмөтү инвестиция тартуу менен артыкчылыктуу маселени чечип, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшырта алганын чоң жетишкендик катары бааласа болот.

Процесс кантип уюштурулган? Айыл өкмөтүнүн тескемеси менен Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун курамын бекиткен. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына артыкчылыктуу көйгөй катары киргенден кийин айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджеттен өздүк салым деп жетпей жаткан сумманы бөлүп берген. Андан соң Барпы айыл өкмөтү КР ЖӨБ Союзу жана “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору менен биргеликте Алкактык келишимди түзүп, тротуардын курулушунун долбоордук-сметалык документтерин даярдоо үчүн техникалык инженерди жалдаган. Зарыл болгон документтерди толтуруп чыгып, Кыргыз Республикасынын сатып алуулар жөнүндө мыйзамадарына ылайык тендердик жол-жобону өткөргөндөн кийин Гранттык келишим түзүлүп, иштер башталган. Натыйжада Чеке-Дөбө айылынын А.Азимканов көчөсүндө узундугу 553 метр болгон тротуар курулган. БМжБ тобунун мүчөлөрү өз учурунда, өздөрүнүн графиктери боюнча жумуштарын жасашты. БМжБ тобу Барпы айыл өкмөтүнүн №97 тескемесинин негизинде бекитилип, анын курамына 5 адам – социалдык кызматкер, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл башчылары кирген. Жумуштардын аткарылышы боюнча мониторинг жана баалоо техникалык адис (технадзор) менен биргеликте жүргүзүлгөн. Жалпысынан БМжБ тобу каражат даректүү жумшалганын, ошого жараша материалдар сатып алынып, кызмат көрсөтүлгөнүн тастыкташкан.

Экономикалык натыйжалуулугу

Тротуардын жоктугунан ата-энелер балдарын мектепке ташып, же болбосо такси жалдап жөнөтүшчү. Эми ата-энелер коркпой эле балдарын мектепке жөнөтүп, убакытты да, каражатты да үнөмдөп калышты. Ошондой эле Жалал-Абад шаарына да көптөгөн тургундар такси жалдабай эле жөө барып келгенге шарттар түзүлдү.

Социалдык натыйжалуулугу

Пенсия курагындагы карыялар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кыш мезгилинде да жөө басып калышты. ДМЧ адамдар мектепке, бала бакчага, ФАПка жана башка социалдык мекемелерге кечикпей барып калышат. 

Башкаруу натыйжалуулугу 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү тургундардын суроо-талаптары боюнча көрсөтүлүп жаткан кызматтар сапаттуу, жеткиликтүү жана туруктуу болуусуна көзөмөлдү күчөттү. Ушул долбоорду ишке ашыруу менен ЖӨБ органы инвестиция тартуу жана аларды башкаруу тажрыйбасын алды. Жарандар менен чогуу көйгөйлөрдү, аларды СЭӨПга киргизүү көйгөйлөрүн талкуулап жатып, пландуу, иреттүү жана ачык-айкындуулук менен иштегенди үйрөнүштү.

Долбоордун катышуучусунун пикири. Кубаныч АЙТБАЕВ, Чеке-Дөбө айылынын айыл башчысы: “Биздин айыл Жалал-Абад шаарына чектеш болгондуктан автоунаа да көп, тротуар жок жашоо абдан эле кооптуу болчу, мына эми маселе чечилди. Мектептен кайтып келаткан окуучулар тротуардан баратканын көрүп ичимден кубанып калам, чындыгында адам өмүрү бардык нерседен кымбат эмеспи...”.

Кутлихан АЛИМОВА, Чеке-Дөбө айылынын тургуну: “Ата-энелер абдан кубандык. “Балдарыбыз эмне болду экен?” деп дайыма санаага батчубуз. Тротуар пайда болуп, бир кыйла жеңилдеп калдык. Келиндер балдарын коляскага отургузуп алып бала бакчага жеткирип жатканын, аксакалдар эрчишип чайканага баратканын көрүп сүйүнүп отурабыз. Айыл өкмөтүнө жана жардам бергендердин баарына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!”.

Документтердин жеткиликтүү үлгүлөрү:

  • Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун актысы;
  • Барпы айыл өкмөтүнүн Чеке-Дөбө айылында тротуар куруу үчүн аракет планын бекитүү жөнүндө чечими;
  • Курулуш иштерин жүргүзүү жөнүндө типтүү макулдашуу;
  • Чеке-Дөбө айылында А. Азимканов көчөсүндө тротуар куруу жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому.

 

Окшош материалы: