Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Айыл келечеги” бала бакчасынын канализация системасын жана тазалоочу курулмаларын жакшыртуу

2023-02-28 / ЖӨБ кызматтары
“Айыл келечеги” бала бакчасынын канализация системасын жана тазалоочу курулмаларын жакшыртуу

Чынара МАМЫТОВА, айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Кара-Ой айылдык аймагы Кара-Ой айылынан турат жана Ысык-Көлдүн түндүк тескейинде жайгашкан. 2013-жылы АРИСтин көмөгү менен 150 орунга эсептелген бир кабаттуу бала бакча курулган. Бакчада 25 кызматкер иштейт, 4 тайпа, кир жуучу бөлмө, ашкана жана чакан септик бар. Канализацияда топтолгон таштандыдан уулуу жыт чыгып, ал аймактын булуң-бурчуна чейин жетип, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгына жана даттануусуна себеп болгон. 30 кожолук жашаган эки көчө каңырсыган жытка тумчугуп жашап келген. Жашоочулар канализацияны тазалаш үчүн жылына алты жолу антисанитардык кызматты чакырышчу. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен жыл сайын 120 000 сом сарпталып турчу.

Эмнелер жасалды?

ЖӨБ органы айылдын бардык көйгөйлөрүн калк менен талкуулап, эң артыкчылыктуусун тандап алуу үчүн коомдук угууларды уюштуруп, өткөргөн. Угууга 50дөн ашык адам келип, катышуучулар бир нече көйгөйдү көтөрүшкөн: 1.Таза суу алуу үчүн жаңы суу мунарасынын курулушу; 2. Борбордук жолдо тротуардын курулушу; 3. Ички жолдорду көрктөндүрүү; 4. Тазалоочу курулманын курулушу. Угууларда баарынан көп тазалоочу курулманын курулушу кызуу талкууланып, бул маселени чечүүнүн ар кандай жолдору сунушталган. 

Натыйжада айылдык кеңештин төрагасы Б.Усенбеков көтөргөн демилгени угуулардын катышуучулары колдоп берип, айыл өкмөтүнүн башчысынын алдына биринчи кезекте тазалоочу курулманын курулушуна байланышкан көйгөйдү чечүү маселеси коюлган. 

Бул көйгөйдү чечүү максатында Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Хельветас долбоорунун семинарларына катышкан. Көп өтпөй ЖӨБ органы Мыкты тажрыйбалар порталында “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” конкурсу өтүп жатканын уккан. Бул конкурсту КР ЖӨБ Союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана Хельветес долбоору жарыялаган эле. Конкурска катышууга өтүнмө берген Кара-Ой айыл өкмөтү “Айыл келечеги” бала бакчасынын агын суусун тазалоо боюнча долбоорду ишке ашырууга 500 000 сомго сертификат алган. 2021-жылдын ноябрь айынан баштап аталган долбоорду ишке ашырууга тендер жарыяланган. 2022-жылдын февралында “Гарант Строй” ЖЧКсы менен “Тазалоочу курулманын курулушу жөнүндө” келишим түзүлгөн. 2022-жылдын июнь айында аталган курулуш пайдаланууга берилген. Курулуштун жалпы наркы 1 779 267 сомду түздү, анын ичинен 500 000 сому гранттык каражат, ал эми жергиликтүү бюджеттен 1 279 267 сом бөлүнгөн. Долбоордун алкагында тазалоочу жабдуулар, электркалкандар орнотулуп, бетон жана жер иштери жасалган.

Экономикалык натыйжалуулугу

Бүгүнкү күндө Кара-Ой айылдык аймагынын “Айыл келечеги” бала бакчасы жаңы заманбап канализация менен камсыздалып, бардык керектөөлөрдү канааттандырган сапаттуу тазалоочу курулма курулган. Эгерде буга чейин бул көйгөйдү чечүү үчүн жылына жергиликтүү бюджеттен 120 000 сомду сарпталып келсе, азыр бул чыгымдар 84 пайызга – дээрлик 100 000 сомго азайды.

Чынара МАМЫТОВА, айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси: “Айыл келечеги” бала бакчасынын канализация системасынын жана тазалоочу курулмаларынын ишин жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу биз үчүн бул чөйрөдөгү биринчи жана ийгиликтүү тажрыйба болуп калды. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жардамы менен биз көп нерсени үйрөндүк, элдин жергиликтүү бийликке ишеними көбөйдү, жада калса башка айылдардын жашоочулары да бизге ушундай долбоорду өз жамаатында ишке киргизүү демилгеси менен кайрылып жатышат”.

Эльмира ОСМОНКАНОВА, бала бакчанын директору: “Биз бул долбоорго тартылган уюмдарга ыраазыбыз. Бул долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында бир эле маалда бир нече көйгөй чечилди: биздин балдар жагымдуу шарттарда тарбияланууда, балдардын жана чоңдордун ден соолугуна эч кандай коркунуч жок, балдар мурдагыга караганда бир кыйла жанданып, активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Ата-энелер да абдан ыраазы, алар балдары үчүн тынчсызданбай калышты. Бала бакчанын кызматкерлери болсо келечекке план түзө башташты, бакчанын аймагын дагы кантип көрктөндүрсө болот деп ойлонуп жатабыз”. Адинай АКМАТАЛИЕВА, эне: “Менин балам бул бакчага барганына бир жыл болду. Балдарыбыздын уулуу жыт менен дем алганы, антисанитардык шарттарда тарбия көрүп жатканы жүрөгүбүздү оорутуп келген эле. Эми болсо шарттар заман талабына шайкеш келип, тыкан жана таза болуп калды. Жергиликтүү бийликке ыраазычылыгыбызды билдиребиз”. 

Окшош материалы: