Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эч качан кеч эмес! Аймактарда аялдардын ишкердиги кантип өнүгүүдө?

2023-02-28 / Көңүл чордонунда
Эч качан кеч эмес! Аймактарда аялдардын ишкердиги кантип өнүгүүдө?

Нураим МАНАПБАЕВА, “Курак” Аялдар форумунун эксперти

Улуттук бизнес ассоциациялары менен жергиликтүү ишкерлердин ортосундагы байланышты чыңдоо аракеттери жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Айрыкча ишкер аялдар менен байланыш жакшы, себеби аялдар экономикада көп тажрыйбага жана жигердүү позициясына карабастан, эркек ишкерлерге караганда азыраак маалыматка жана ишенимге ээ. Өлкөнүн булуң-бурчунда иштеп, борбордо иш алып барган бизнес-ассоциация аймактык ишкер аялдарга маалыматка жана ресурстарга көбүрөөк жетүүгө, өнөктөштөрдү жана колдоо табууга жардам берет. Мындай алдын ала тыянактарды “Курак” Аялдар форумунун Ноокат районунун ишкер айымдары менен болгон тажрыйбасынан кийин чыгарууга болот. “Жогорудан төмөн карай” берилген маалыматтардан, кеңештерден жана консультациялардан тышкары, “Курак” Аялдар форумунун өкүлдөрү кызыктуу тажрыйбаны жайылтуу үчүн канал болушууда, мисалы, бир караганда бизнестин өзгөчөлүгү “аялдар жасачу иш эмес” деген ойго түртсө да, жаш курагы жигердүү аялга чечкиндүү бизнес идеяны ишке ашырууга тоскоол болбойт.

Кумблогу – бул “аялдар жасай алчу” иш!

Өз ишиңиз тууралуу ойлонуп, аны эмнеден баштаарыңызды билбей жатасызбы? Идеялардан баштаңыз! Төрт жылдан бери кумблогун өндүргөн 60 жаштагы Инаят ОСМОНОВАга дал ушул идея жардам берди. Ал кайсы бир ишти баштоо эч качан кеч болбой турганын өзүнүн мисалында далилдеди.

Инаят жаш кезинде мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштечү. Айлык момпосуй, кездеме же арак менен берилген учур да болгон, ошондо ал мектептен чыгып, базарда соода кыла баштаган. “Мен 34 жашымда жолдошум инфаркттан каза болду. Төрт балам менен жесир калып, аларды бутунан тургузушум керек эле, - деп эскерет аял. - Баарын окуттум, азыр ар бири ордун таап, үй-бүлөлүү, 15 неберем бар, мен өзүм пенсиядамын. 2016-жылы мен кокусунан ооруп калып, үйдө отурууга мажбур болдум. Ошондо менде кумблогун өндүрүү идеясы пайда болду. Аялдар кеңешине семинарларга бир нече жолу барып, банктан насыя алып, аппарат сатып алдым”.

Оңой эмес тажрыйба

Инаят ОСМОНОВА буларды айтып берди: “Биринчи жыл абдан кыйын болду, аппарат улам бузула берчү, аны оңдогон усталар да жок эле. Чыгашага учурадым. Экинчи жылы аппаратта иштегенди үйрөнгөн жергиликтүү балдарды таптым. Ошентип кумблогун чыгаруу иши жолго түштү. Биринчи продукцияны муктаж болгондорго – кошуналарга жана мечитке таратып бергем. Үчүнчү жылы гана киреше таап, үч жылга алган насыяны тындыра алдым”.

Инаят ОСМОНОВА кумблогун жылына үч ай гана өндүрөт, эгер иши жүрүшсө, төрт айга узарышы мүмкүн, андан көпкө климат жол бербейт. “Биз Ноокат районунун Кара-Таш айылында жашайбыз. Бул тоо этегинде орун алган аймак, бул жердин абасы суук. Мен сапат үчүн иштейм, эч кимди алдабайм, чийки материалдарды үнөмдөбөйм, ошондуктан буюртма да көп түшөт. Товарды коңшу айылдар талап кетет. Жылына 50-60 миң кумблогун чыгарабыз. Башында көп жакшы түшунө албай, чакан аппарат сатып алган экенмин. Ошондуктан, келечекте мен чоң, заводдук жабдууларды сатып алып, өндүрүштүн көлөмүн көбөйткүм келет. Бирок менде орун аз, бир жыл мурда айыл өкмөтүнөн чоңураак аппаратты сатып алууга жана ишимди кеңейтүүгө көмөк көрсөтүп берүүсүн өтүнүп, жер сураган элем. Мени колдоп берет деп үмүттөнөм. Мен газблогун жана көбүк блогун чыгаргым келет. Бирок буга кошумча финансылык каражаттар керек. Кайтарымсыз гранттар бар экен, муну да сынап көрүш керек деп ойлойм”, – дейт Инаят ОСМОНОВА.

Ал салык төлөп, жергиликтүү жаштарды жумуш менен камсыз кылат. Төртөө аппаратта иштейт, дагы бири “Камаз” айдайт. “Айылда кирпич чыгаруучу жабдуу бар, бул ишти да аял жасап жатат. Башка жумуштар көп эмес, мамлекеттик уюмдарда иш орундары аз. Жер-жерлерде бийлик чакан фабрикаларды ачып, станокторду коюп, ишкер аялдарды колдосо жакшы болмок”, – деп белгиледи маектешибиз.

Идеялар көп, көйгөйлөр да аз эмес

Аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү үчүн бир жыл мурда Министрлер Кабинети 2022-2026-жылдарга программаны бекиткен. Бул финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, каалаган аялдарды бизнес жүргүзүүнүн негиздерине окутуу үчүн шарттарды түзүү, ишкер аялдардын санын андан ары көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү максатында жасалды.

Документте аялдардын ишкердүүлүгүнүн деңгээли жетишерлик туруктуу деңгээлде экендиги белгиленген. Бизнес менен алектенүүнү каалаган аялдардын үлүшү тынымсыз өсүп жатат. Ошол эле учурда аялдардын ишкердиги көптөгөн тармактарда бир топ өркүндөтүлүшү керек, себеби ата мекендик компаниялар үчүн да, пайдалуу инвестиция салган чет өлкөлүк компаниялар үчүн да бизнес жүргүзүүнүн жагымдуулугун жогорулатуу негизги максат болууга тийиш.

Баштапкы капиталдын жоктугу ишкердик баштаган аялдар үчүн негизги тоскоолдук болуп саналат. Адатта аялдар эркектерге караганда өз бизнесин каржылоо маселесин чечүүдө туугандарынын колдоосун таба албай кыйналышат. Мындан тышкары, аялдар үй-бүлөсүнө финансылык зыян келтирүүдөн коркуп, тобокелдикке оңой менен барышпайт. Көбүнчө тобокелдик туруктуу ишкердиктин кепилдиги болуп калат, бирок эч кандай колдоо таппай, баарынан ажырап калуудан коркуп, аял бизнес идеясынан таптакыр баш тартууга мажбур болот.

Бел-Өрүк айылдык кеңешинин депутаты Гүлзат ДОРОНКУЛОВА жер-жерлерде аялдардын ар кандай идеялары көп болгонун, бирок адатта аларга маалымат жетпегенин, ошондой эле финансыга жеткиликтүүлүгү жок экенин баса белгиледи. “Жакында эле ишкер аялдар үчүн семинарда пайызсыз насыя алуу мүмкүн экендигин билдик. Банктар өздөрү бул тууралуу үн катышпайт, себеби мындай насыяларды берүү банктарга пайдалуу болбойт. Айрыкча айыл өкмөтү дотацияда турса, анда андан колдоону көп деле күтпөй эле койсо болот”, – деди Гүлзат. Бирок ал өзүнүн кыялын орундатуу идеясынан баш тартпайт.

Гүлзат ДОРОНКУЛОВАнын айтымында, Ноокат районунда этно-стилдеги бир дагы хостел жок. “Менин эски үйүм бар, ошонун базасында хостел ачкым келет. Бирок оңдоп-түзөө иштерине финансылык колдоо табышым керек. Эки жылдан бери ушул идеяны багып келатам, кыялымды орундатуу үчүн акча издеп жүрөм. Долбоор жазсамбы деп ойлонуп жатам. Мындан тышкары, пикирлеш адамдар менен бүлдүркөн же малина өстүрсөкпү деп турабыз. Бул үчүн бизде климат ылайыктуу. Айылдыктардын башка да жакшы идеялары бар. Болгону биригиш керек”, - дейт элдик депутат.

Гүлзат мындай биригүүнүн ийгиликтүү мисалдарынын бирин келтирди. Үйдө дипломун кучактап, бирок ишсиз отурган Бел-Өрүк айылынын тургундары кейтеринг (үйдө өткөн банкеттерди тейлөө) кызматтарын көрсөтүү боюнча топ түзүүнү чечишти. Тойдо же ашта алар тамак жасоого, дасторкон жайууга, конокторду тосууга, чай куюуга, идиш жууганга жардам беришет. Командада азыр 12 аял бар, алардын дээрлик 90 пайызы мурда эмгек миграциясында жүрүп келишкен. Кардарларды Instagram аркылуу табышат, же кардарлар бири-биринен угуп өздөрү издеп келишет. Аялдар кейтеринг кызматын көрсөтүү үчүн коңшу айыл өкмөттөрүнө, жада калса Ошко чейин да барышат. Алар ижарага берип туруу үчүн идиш-аяктардын топтомун сатып алууга акча чогултуп жатышат.

Бел-Өрүктөгү аялдарды спорт да бириктирүүдө. “Мурда бизди чакан спорт талаасына киргизишчү эмес. Эркектер гана футбол ойной алышчу. “Биз да бул футбол аянтчасынын курулушуна жардам бербедик беле. Эмне үчүн аялдарды киргизбей жатасыңар?” деп сурадым. Натыйжада бизге жумасына эки күн бөлүп беришти. Ошентип, шейшемби жана жума күндөрү волейбол ойной баштадык. Азыр ал жерде кар жатат, бирок жаз келсе, кайрадан улантабыз. Биз жакшы команданы чогулта алдык, райондордун ортосундагы мелдештерге катышып турабыз”, - дейт Гүлзат ДОРОНКУЛОВА.

Күч – билимде

Аялдардын ишкердигин колдоо боюнча мамлекеттик программа жөнүндө жер-жерлерде аялдардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында 2022-жылдын декабрында “Курак” Аялдар форуму Ноокат районунда окутуу семинарын өткөргөн. Бул тажрыйба алмашуу сапарын “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын алкагында ишке ашыруу мүмкүн болду. Программаны ACTED аркылуу FCDO каржылап, Өнүктүрүү саясат институту колдоо көрсөтүүдө.

“Активисттер менен жолуккандан кийин бир нерсе түшүнүктүү болду: биздин ишкер айымдардын аймактардагы негизги көйгөйлөрү – сапаттуу, өз убагында берилген маалыматтын жоктугу жана финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктүн начардыгы, – деп белгилейт финансылык сабаттуулук боюнча адис Нураим МАНАПБАЕВА. – Тилекке каршы, аялдар банкка же микронасыя уюмдарына өз алдынча кайрылуунун маанилүүлүгүн дайыма эле түшүнө беришпейт. Мындан тышкары, көп учурда ишин жаңыдан баштап жаткан аялдарда зарыл болгон документтер же таризделген күрөө болбой калат. Көптөр өз укуктарын, бизнесин кантип баштоо керектигин билишпейт, атүгүл бири-бири менен кеңешип көргөндү же бизнес ассоциацияларга кирүүнү туура көрүшпөйт”.

“Курак” Аялдар форумунун аткаруучу директору Нуржан АЗИМОВАнын айтымында, бизнес-ассоциацияга кирүү маанилүү болгонун тастыктаган бир нече фактор бар. Эң негизгиси – керектүү маалымат көбүрөөк жеткиликтүү болуп калат. Ассоциациянын мүчөлөрү бири-бирине да пайдалуу болушу мүмкүн (байланыштар, продукциялары жана башкалар менен бөлүшүп турушат). Акыр-аягы, бул убакытты жана акчаны үнөмдөйт.

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн депутаты, аялдар кеңешинин төрайымы Алтынай АШИЕВА аялдар менен көп иштешет жана аларды өзгөчө учурду күтпөй, алакан жайып отура бербөөгө чакырат: “Тилекке каршы, көптөр ыктымалдуу тобокелдиктерден коркушат. Өзүмдүн эле үй-бүлөмдү алайынчы, мен бир нерсени жасагым келип, ойлоно баштасам, жолдошум менен балам “Бул канчалык зарыл?” деп айта башташат. Ошого карабастан, мен алдыга умтулуп, көздөгөн ишимди жасайм, анан жакындарым жыйынтыгын көрүп, ыраазы болушат. Андыктан ар дайым максаттарды коюп, аларга жетүү керек. Негизги жумушуң бар болсо да, убакытты туура пайдалануу зарыл – кечки же түшкү тыныгууну колдонсо болот”, – деген кеңешин берди АШИЕВА.

Алтынай АШИЕВА өз убактысын туура бөлүштүргөндү үйрөнгөнүнө көп эле болуп калды. Ал бир кездери азык-түлүк дүкөнүн ачып, аны бүгүнкү күндө үй-бүлөсү кармайт; ошондой эле бильярд бөлмөсүн; элеттик балдардын жайкы эс алуусу үчүн компьютердик клубду ачып, ал жабылгандан кийин аялдардын сулуулук салонун ачып, аны ижарага берип койгон. Ишкер аялдар кеңешинин бир нече мүчөсү үчүн да жумуш таап берген: аларга жакында эле үйдөн тамак жасап, сатууну сунуштаган. Бир нече аял пельмен жана манты жасап, аны айылдыктар талап эле кетишет.

“Мен жаңы бир нерсе жасаганды жакшы көрөм жана башкаларды да ушуга үндөп келем. Жаңы маалымат алуу – бул менин жолум, ошондуктан аялдардын ишкердигин колдоо боюнча семинарга катыштым. Көпчүлүк жерлерде билим жетишпейт. Ошондуктан колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек”, - деген ишенимде Алтынай АШИЕВА.

 

Окшош материалы: