Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Кантип жашап жатасың, район?” же жергиликтүү мамлекеттик администрация өнүгүү жана райондук деңгээлдеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурстарды кантип бириктире алат?

2023-02-28 / Көңүл чордонунда
“Кантип жашап жатасың, район?” же жергиликтүү мамлекеттик администрация өнүгүү жана райондук деңгээлдеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурстарды кантип бириктире алат?

Айнура БАЛАКУНОВА, ӨСИнин консультанты; Алтынай БУЗУРМАНКУЛОВА, ӨСИнин долбоорлорунун менеджери; Абдували ХУДАЙБЕРДИЕВ, ЖККБ-Ноокат КБнын директору

Аймактарды өнүктүрүү – бул татаал жана комплекстүү процесс, эгерде адамдар өздөрү бул өнүгүүнүн жигердүү катышуучуларына айланбаса, бул процесс адамдардын жашоосун оңдобойт. Жамааттын жана үй-бүлөнүн турмушундагы көптөгөн көйгөйлөр айылдык аймактардын деңгээлинде чечилет. Бирок жалгыз гана муниципалитеттин күч-аракети менен көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес – ресурстар да, ыйгарым укуктар да буга жол бербейт жана мындай көйгөйлөрдү адатта адамдар жана уюмдар башкаруунун райондук деңгээлине – жергиликтүү мамлекеттик администрацияга мындан ары – ЖМА даректешет.

Кыргыз Республикасынын келечектеги административдик-аймактык тутумунда ЖМАнын орду жана ролу азырынча анык эмес, бирок жашоо бир орунда турбайт, ошондуктан азыртан эле акимдер жана ЖМАнын кызматкерлери калктын, бизнестин муктаждыктарына жооп берүүгө, өздөрүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын мындан ары – СЭӨП иштеп чыгууга жана аларды аткарууга тийиш. Ошол эле учурда ЖМА жана район жалпысынан көптөгөн суроолорго туш болушат, акимчиликке министрликтердин жана ведомстволордун жергиликтүү өкүлдөрүн чакырган күндө да ал суроолорго жоопту табуу мүмкүн эмес. Эгерде өнүгүү процессине ар кандай кызыкчылык топтору: бизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрү, интеллигенция жана аярлуу топтор кирсе, райондук деңгээлде өнүгүү жөнүндө диалог кыйла натыйжалуу болот. Регионду өнүктүрүү үчүн диалог платформасын түзүү тажрыйбасын Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын эки районунан – Ноокат жана Ат-Башы райондорунан алууда1. “Муниципалитет” журналынын бул санында ЖККБ-Ноокаттын жана Абдували ХУЙДАЙБЕРДИЕВдин жигердүү катышуусу жана колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан Ноокат районундагы платформанын алгачкы, орто аралыктагы жыйынтыктары тартууланат.

Координациялык кеңеш районду өнүктүрүү платформасы катары

2022-жылдын этегинде, 27-декабрда Ноокат шаарында Ош облусунун Ноокат районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин (мындан ары – Координациялык кеңеш) жыйыны өттү. Кеңеш аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес, эл аралык жана башка уюмдардын, ошондой эле жигердүү жарандардын районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында эриш-аркак иштешүүсүн координациялоо максатында түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Координациялык кеңештин иши жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы – акимдин буйругу менен бекитилген Жобо менен жөнгө салынат, ага ылайык Координациялык кеңеш иш учурунда төмөнкү принциптерди жетекчиликке алат:

  • мыйзамдуулукту сактоо;
  • ишмердүүлүктүн ачыктыгы;
  • мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес, эл аралык жана башка уюмдардын, ошондой эле жарандардын районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча эриш-аркак иштешүүсү;
  • Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулоодо жана чечимдерди кабыл алууда Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн укуктарынын теңдиги;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү;
  • Координациялык кеңештин жыйындарында коюлган милдеттерди коллегиалдуу, эркин жана ачык талкуулоо.

Координациялык кеңештин мүчөлөрүн жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрүнөн кабыл алуу ачык уюштурулду – бардык каалоочулар чакырылды. Берилген арыздардын жыйынтыгы боюнча жана Жобонун талаптарын эске алуу менен Координациялык кеңештин курамы 21 адамдан түзүлгөн. Координациялык кеңештин курамына райондун акиминин орун басары, ЖМАнын адистери, мамлекеттик органдардын адистери, ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жарандык коомдун уюмдарынын жана бизнестин өкүлдөрү кирди. Координациялык кеңештин төрагасы болуп райондун акиминин орун басары, ал эми орун басарлары – жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү болушту. Натыйжалуу ишти уюштуруу үчүн Координациялык кеңештин иш планы даярдалды.

Калктын ар кандай топторунун кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эсепке алууну камсыздоо үчүн райондук СЭӨПны иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү Кеңештин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат. Мындай ишти муктаждыктарды изилдөөдөн баштоо керек, ал үчүн Кеңеш 51 көйгөйдүн тизмесин аныктоого жардам берген фокус-топторду өткөрдү.

Маселелердин тизмеси декабрь айындагы жыйында талкууланып, анда кеңеш жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана башка кызыкдар тараптарга өткөрүп берүү үчүн аныкталган көйгөйлөрдү иликтөөнү чечти.

Улуттук бизнес ассоциациялардын жардамы

Көйгөйлөрдү аныктоодон тышкары, Координациялык кеңештин ишине кырдаалды талдоо кирди, аны аткарууда туризм жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү улуттук бизнес-ассоциациялар чоң жардам көрсөтүштү.

Жыйында Координациялык кеңештин орун басары, ишкерлер ассоциациясынын төрайымы С. ИСРАИЛОВА аялдардын ишкердиги чөйрөсүндөгү кырдаалга жасалган талдоо менен тааныштырып, тармактын негизги көйгөйлөрү жөнүндө айтып берди: ишмердүүлүктү (бизнести) каттоо жана жүргүзүү жол-жоболору боюнча аялдардын маалымдуулугунун деңгээли төмөн, финансыга жана имарат жайга жеткиликтүүлүк начар, ишкерлер ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн деңгээли төмөн ж.б. Сунуштама катары ассоциациянын лидери ишкерлер үчүн борбор ачууну, аялдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча тренингдерди өткөрүүнү, ишкер аялдардын жана өз алдынча иштеген аялдардын катышуусу менен фестивалдарды жана жарманкелерди уюштурууну, аялдардын ишкердигин колдоо боюнча мамлекеттик программа тууралуу маалыматты жайылтууну сунуштады. Талкуунун жүрүшүндө Координациялык кеңештин мүчөлөрү ишкердикке тиешеси бар башка аныкталган көйгөйлөрдү да белгилешти. Жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде ирригация көйгөйлөрү өзгөчө белгиленди.

Аймакта туризмди өнүктүрүүнүн келечеги темасы боюнча ЖМАнын социалдык маселелер боюнча адиси Г.ТОКТОРОВА сөз сүйлөдү. Фокус-топтордун жыйынтыктары жана Кыргыз туристтик операторлор ассоциациясынын (КТОА) эксперттеринин корутундусу баяндаманын өзөгүн түздү. Райондо туризмди өнүктүрүүгө жолтоо болгон эң актуалдуу көйгөйлөрдүн катарында туристтик ресурстар жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги, туристтик объектилерди инвентаризациялоо жөнүндө маалыматтардын жоктугу, аймактык туризм чөйрөсүндөгү алдыңкы тажрыйбалар жана ийгиликтүү практикалар жөнүндө маалыматтын тартыштыгы белгиленди. Бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн төмөнкүдөй сунуштамалар берилди:

  • туризмди өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөй турган жооптуу адисти аныктоо;
  • туристтик ресурстардын реестрин иштеп чыгуу;
  • материалдык эмес мурастардын реестрин иштеп чыгуу;
  • туроператорлор менен жолугушууларды өткөрүү;
  • туристтер үчүн шарттарды түзүү максатында инфраструктураны жакшыртуу – Кара-Кой эс алуу аймагына баруучу жолду (15 км) асфальттоо.

Темаларды кайчылаш талкуулоо кызыктуу жана олуттуу болду: катышуучулар туризмди өнүктүрүү аялдардын ишкердүүлүгүн да өнүктүрүүгө жагымдуу таасир берет деген негиздүү тыянакка келишти.

Кеңеш ишкерлерге салык салуу боюнча дагы бир практикалык маселени талкуулады. Адис А.МАЛИКОВдун пикири боюнча, жаш ишкер аялдардын салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуунун кесепеттерин көп жакшы түшүнбөгөнү тармактын көйгөйү болуп саналат. Акыркы убакта аялдарды ар кандай ак ниетсиз финансылык “схемаларга” тартуу учурлары көбөйдү, мында айрым аялдар бул “пирамидаларга” катышуу үчүн ишкер катары катталып, өз ишин улантпай, отчет тапшырбай жатышат.

Биргелешип пландаштыруу – биргелешип аткаруу

Координациялык кеңеш фокус-топторду өткөрүүнүн жүрүшүндө түзүлгөн ушул гана эмес, башка көйгөйлөрдү да чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кеңеш көйгөйлөрдү дыкат иликтеп, жоопкерчилик чөйрөсүн аныктоо үчүн жумушчу топторду, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнөн сунуштарды кабыл алуу боюнча өзүнчө жумушчу топту жана мониторинг боюнча жумушчу топту түзүүнү чечти.

ЖМАнын экономика бөлүмүнүн башчысы Б.АБДУВАПОВ райондун СЭӨП түзүмү, программанын долбоору менен тааныштырып, мындан ары ар бир чөйрөнүн көрсөткүчтөрүн талдоо талап кылынарын, ар биринин ичинде артыкчылыктар аныкталып, программалар иштелип чыгаарын баса белгиледи. Программага иш-чаралардын планы иштелип чыгат, анда райондук мамлекеттик администрациянын компетенциясына көңүл бурулат. Чечими райондук администрациянын ыйгарым укуктарына кирбеген маселелер боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга маалымат берилет. Ошондой эле Кеңештин мүчөлөрү программаны ишке ашырууга жана мониторинг жүргүзүүгө жигердүү катышат деп пландаштырылууда.

 

___________ 

1 ACTED аркылуу FCDOнун каржылоосу менен Өнүктүрүү саясат институту тарабынан колдоого алынган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” (EGED) программасынын алкагында

Окшош материалы: