Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
“Муниципалитет” журналы окурмандарына ыраазычылыгын билдирип, лотереяда 60 байге ойнотту
2022-жылдын аягында Бишкекте “Муниципалитет” журналынын жана ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын жазылуучулары үчүн байгелер электрондук түрдө ойнотулду. Иш-чараны БАЖБА жана ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы менен бириктирилген www.myktyaimak.gov.kg “Муниципалитет” журналынын редакциясы www.municipalitet.kg уюштурган.
“16-ноябрдан баштап Google-формасында онлайн анкетаны толтурган “Муниципалитет” журналынын жазылуучулары байгелерди ойнотууга катыша алышмак. Анкетаны каттоодо жана толтурууда жеке номерлер ыйгарылып, ошол номерлер байге ойнотууга катышкан. Лотереяга бардыгы болуп 337 анкета катышты”, – деди Порталдын кардарлар базасынын администратору, жазылуучулар арасындагы конкурстун жыйынтыгын чыгаруу боюнча комиссиянын төрайымы Гүлайым ШАМШИДИНОВА.
Лотерея кокус сандардын электрондук генератору (рандомайзер) аркылуу өткөрүлүп, ага комиссиянын мүчөлөрү, модератор жана байкоочулар катышты. Байге ойнотуу ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын “Фейсбуктагы” жана “Инстаграмдагы” баракчаларында түз эфирде көрсөтүлдү.
Жобого ылайык, катталган жеке номери кокус сандардын электрондук генератору аркылуу автоматтык түрдө кайсы бир номерге дал келген адам тиешелүү байгени утту деп табылат.
Жалпы байге фонду 170 000 сомду түзүп, аны БАЖБА бөлгөн. Лотереянын катышуучулары байге катары 20 USB флеш-картасын; “Муниципалдык кызмат суроолордо жана жооптордо” аттуу 20 жыйнакты; “Муниципалитет” журналына 2023-жылга 10 жазылууну; проекторлор үчүн 6 экранды; 2 (эки) көп функционалдуу принтерди (КФП); проекторду жана ноутбукту алышты.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















