Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары СЭӨПны иштеп чыгууга жергиликтүү жамаатты тартуу ыкмаларын үйрөнүштү

2023-02-28 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары СЭӨПны иштеп чыгууга жергиликтүү жамаатты тартуу ыкмаларын үйрөнүштү

Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы БАЖБА социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарын СЭӨП иштеп чыгууда жергиликтүү жамааттын укугун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттары үчүн бир күндүк практикалык семинарлардын сериясын өткөрдү. Иш-чаралар USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

“Окутуунун натыйжасында аял депутаттар аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарын (СЭӨП) иштеп чыгуу процессине жергиликтүү жамаатты тартуу боюнча жеке көндүмдөрүн жакшыртышты. Тренингдин форматы теориялык билимдерди жана практикалык мисалдарды, лекцияларды, катышуучулардын практикалык тапшырмаларды аткаруусун жана алардын ортосундагы тажрыйба алмашууну бириктирди”, – деп белгиледи жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубунун насаатчысы Салия АКУЛОВА.

2022-жылдын декабрь айында Жалал-Абад, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунун жергиликтүү кеңештеринин 108 аял депутаты практикалык семинарларга катышты. Тренингдердин жыйынтыгы боюнча катышуучулар “Эч кимди унутта калтырбоо” принцибин эске алуу менен СЭӨПны даярдоого жергиликтүү жамааты тартуунун ыкмаларын үйрөнүштү. Бул тема боюнча окуу материалы төмөнкү QR-код боюнча жеткиликтүү:

“Социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу процессине жамааттын ар кандай социалдык топторунун өкүлдөрүн – жаш курагы жана иши ар кандай болгон аялдар менен эркектерди, сөзсүз түрдө аярлуу топтордун өкүлдөрүн тартуу зарыл, себеби ар кимдин муктаждыгы ар башкача болот жана алардын бардыгын угуп, жаңы СЭӨПда эске алуу зарыл”, – деди тренер Жылдыз КЕРИМОВА.

Семинар биринчи жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болуп калган катышуучуларга өзгөчө жакты, себеби жергиликтүү жамаатты чечимдерди кабыл алуу процесстерине тартуунун мыйзамдык негиздери жөнүндө жалпыланган маалыматты гана бербестен, бюджеттик процессти, СЭӨПны иштеп чыгуунун этаптарын, программаны ишке ашыруунун мониторингин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Катышуучулар “аларды тынчсыздандырган суроолорго жооп ала турган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ар кандай варианттарын бири-бири менен талкуулай турган практикалык окуу жетпей жүргөнүн” мойнуна алышты. Себеби, эркек депутаттардан айырмаланып, аял депутаттарда баарлашуу үчүн мүмкүнчүлүктөр азыраак болот. Жеринде чогулуп, талкуу жүргүзө турган коомдук жайлар дээрлик жок. Мындай тренингдер аялдарга актуалдуу маалыматтарды, практикалык билимдерди берет жана тажрыйба алмашуу үчүн мейкиндик болуп саналат, бул жерде алар тажрыйбалуу аял депутаттардан практикалык (алгылыктуу) мисалдарды алышат. 

Шайыргүл ЧЫЙБЫЛОВА, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Момбеков айылдык кеңешинин депутаты: “Эми биз программаларды же пландарды иштеп чыкканга чейин ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрүнүн пикирин иликтөөнүн маанилүүлүгүн баамдап калдык. Мисалы, биздин айылдарда футбол аянтчалары бар, бирок футболду негизинен балдар жана эркектер ойношот, демек, биз кыздар менен аялдардын пикирин, алар кандай спорт менен машыгууну каалаарын билип, алардын жеке өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп беришибиз керек. Ошондой эле улгайган адамдар жана майыптыгы бар адамдар үчүн эс алууну уюштуруу маанилүү, алардын пикирин да изилдеп чыгуу зарыл”.

Окшош материалы: