Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
КР ЖӨБ Союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана БАЖБА ЖӨБдү өнүктүрүү боюнча Коалиция түзүштү
Коалициянын түзүлүшү КР ЖӨБ Союзунун, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу Академиясынын ортосунда жылдар бою түптөлүп келген тыгыз өнөктөштүк мамилелердин логикалык жана эволюциялык өнүгүүсү болуп калды. Үч уюм тең ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын сүрөө, жергиликтүү башкаруунун бардык өңүттөрү боюнча экспертизаны өркүндөтүү жана муниципалдык кызматчылар менен жергиликтүү өнүгүү процессинин башка катышуучуларынын потенциалын жогорулатуу чөйрөсүндө мүмкүн болушунча көп күч-аракетин жумшоодо. Меморандум бул жемиштүү кызматташтыктын институционалдык негизин бекемдеди, жергиликтүү өнүгүүнү колдоодо катышуучулардын ролун так аныктады 1-сүрөттү караңыз.
Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө меморандумга үч уюмдун жетекчилери кол коюп, келечекте Коалиция Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун жана жергиликтүү жамааттарын өнүктүрүүгө кызыкдар өнөктөштөрдүн катышуусуна ачык болорун баса белгилешти.
Макулдашуунун катышуучулары ошондой эле Коалицияны түзүү жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө мындан аркы реформаларды ишке ашырууга; аймактарды өнүктүрүү саясатын жана практикасын өркүндөтүүгө; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатууну уюштурууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөткөн кызматтардын сапатын жакшыртууга; Кыргыз Республикасында жана Борбор Азия өлкөлөрүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну илгерилетүүгө көмөк көрсөтөөрүн белгилешти.
Кол коюлган меморандум Коалициянын мүчөлөрүнүн күч-аракеттерин бириктирип, биргелешкен демилгелерди жана иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн алардын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү үчүн шарттарды түзөт. Бул иш-чаралар чечимдерди кабыл алуу процесстерине жарандардын катышуу деңгээлин жогорулатууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугун күчөтүүгө багытталган.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















