Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2023-2025-жылдарга республикалык бюджеттин долбооруна ЖӨБ Союзунун комментарийи

2022-11-29 / Көңүл чордонунда
2023-2025-жылдарга республикалык бюджеттин долбооруна ЖӨБ Союзунун комментарийи

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” КР Мыйзам долбоорун карап чыгып, “Бюджеттер аралык мамилелер” бөлүмүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кароосуна бир катар эскертүүлөрдү жана сунуштарды киргизди.

Коомдук талкуулоо үчүн материалдарды берүүнүн мөөнөттөрү

Биринчи кезекте белгилей кетчү нерсе, өткөн жылдардай эле бул жылы да коомдук талкуулоонун алдында таанышып чыгууга сунушталган материалдар КР Финансы министрлигинин (КР ФМ) сайтына өтө кеч чыкты – алар угууларга иш жүзүндө эки күн калганда жарыяланган. Бул кызыкдар тараптардын бюджеттин долбоорунун параметрлерин талдап чыгуусун кыйындатат. Бул ошондой эле КР Бюджеттик кодексинин (КР БК) жоболорун бузуу болуп да саналат. Кодекстин 127-беренесинин 2-пунктунда “Коомдук бюджеттик угууларга материалдар коомдук бюджеттик угууларды өткөргөнгө чейин 10 күн мурда тиешелүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайтында жарыяланууга тийиш” деп жазылган.

Сунуш. Бюджеттин долбоорун КР ФМ веб-сайтына өз убагында жайгаштыруу зарылдыгына КР Финансы министрлигинин жана КР Министрлер Кабинетинин көңүлүн буруш керек.

“Бюджеттер аралык мамилелер” бөлүмүнүн түзүмү

ЖӨБ Союзу бюджеттин долбооруна берген Түшүндүрмө катта жылдан жылга берилген маалымат минималдуу сандык дайындарды камтый турганын, ал эми сапаттык маалыматтар (реформанын багыттары) тийгизчү таасирин эч талдабастан, фрагменттүү түрдө келтирилгенин бир нече жолу белгилеп келет. 2021-2022-жылдары Эл аралык донордук трасттык фонддун (ЭДТФ) долбоору бюджеттер аралык мамилелердин методикаларын жакшыртуу боюнча абдан көп иштерди жасаганына карабастан, бөлүмдүн эски форматы дээрлик өзгөргөн эмес. Азыр КР Финансы министрлиги карап жаткан 2023-2028-жылдар мезгилинде КРда бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясынын долбоору эч жеринде сөз болгон эмес.

Сунуш. ЖӨБ Союзу фискалдык саясаттын негизги багыттарынын (мындан ары – ФСНБ) жана бюджеттер аралык мамилелер бөлүгүндө бюджеттин долбоорлорунун аналитикалык курамын көбөйтүүнү бир нече жолу өтүнгөн:

  • жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин өзгөрүшүнө таасир этүүчү факторлордун, КР Финансы министрлигинин ЖӨБдүн киреше потенциалын чыңдоо боюнча ниеттеринин сүрөттөлүшүн кошуу менен кирешелердин динамикасына талдоону кеңейтүү зарыл;
  • жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелерине карата катышын баяндап, аларды ЖӨБгө оодарылган жүктүн (өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар жана жергиликтүү маанидеги маселелердин кеңейтилген тизмеси) көбөйүү тенденциялары менен салыштырып, финансылык децентралдаштыруу тенденцияларына талдоону кошуу керек;
  • реформалардын күтүлүп жаткан таасирине кененирээк талдоону кошуш керек: тигил же бул инновациялар кандай сандык натыйжа берери талданууга тийиш;
  • бюджеттер аралык мамилелердин жаңы концепциясына кире турган реформанын багыттарын сүрөттөп берүү зарыл.

Жалпы мамлекеттик кирешелерди бөлүштүрүү

Жылдан жылга КР ФМ бюджетке карата Түшүндүрмө каттарда киреше салыгы жана сатуудан алынуучу салык эми республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кандай бөлүштүрүлөрүн кайталап келгени менен, бул сөздөрдү жыйынтыктарды талдоо менен да, башка салыктар үчүн ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүү ниетин баяндоо менен да бекемдебей жатат. ЖӨБ Союзу жогоруда көрсөтүлгөн салыктарды бөлүштүрүүнүн үлүшү өзгөргөндөн кийин пайдасы көбөйгөн ЖӨБ органдары да, ошондой эле кирешеси азайган ЖӨБ органдары да болгонун айтып, КР Финансы министрлигине бир нече жолу кайрылган. Бул маалыматты ЖӨБ Союзу мындай кырдаалда “уттурган” ЖӨБ органдарынын өздөрүнөн алган. КР ФМ мындай ЖӨБ органдарынын киреше түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө кылдат талдоо жүргүзүп, чара көрүшү керек эле.

Сунуш. Бюджеттин долбооруна Түшүндүрмө катта жалпы мамлекеттик кирешелерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүгө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чаралардын толук сүрөттөлүшүн келтирип, сандык жана сапаттык өзгөрүүлөргө талдоо жүргүзүп, уттурган ЖӨБдүн кирешелеринин ордун толуктоо боюнча чаралардын топтомун көрсөтсө туура болмок. Мындан тышкары, башка кирешелерди да бөлүштүрүү саясатында мүмкүн болгон өзгөрүүлөргө талдоо жүргүзүш керек. Ошондой эле ишкерлердин айрым категориялары үчүн жер салыгын төлөөгө мораторий киргизүүнүн натыйжасында пайда болгон жоготуулардан улам ЖӨБдүн кирешелерин компенсациялоо боюнча чаралар Түшүндүрмө катта көрсөтүлүүгө тийиш.

Трансферттик саясат – теңдештирүүчү гранттар

Түшүндүрмө каттын долбоорунда “теңдештирүүчү трансферттер социалдык тармактын кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу көбөйдү” деп айтылат. Ошол эле учурда теңдештирүүчү трансферттерди эсептөөнүн жаңы ыкмасы тууралуу сөз болот, ал киреше жана чыгаша көрсөткүчтөрүнүн айырмасын эсептөөнүн жөнөкөй ыкмасына негизделген. Методика жөнүндө башка сөз жок. Буга байланыштуу ЖӨБ Союзунда бир катар суроолор пайда болду:

  • Эмне үчүн өсүш жаңы методиканын колдонулушунан эмес, жумушчулардын эмгек акысынын жогорулашынан улам болду? Кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу гана ЖӨБдүн өз чыгымдарын толук каржылоо жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизеби?
  • Жаңы методика орто мөөнөттүү келечекте теңдештирүүчү трансферттердин көлөмүнүн өзгөрүшүнө кандай таасир этет?
  • Эмне үчүн теңдештирүүчү трансферттерди каржылоого бюджеттен бөлүнгөн 3 098,6 2023-жылдан 2025-жылга чейин өзгөрбөйт? КР Финансы министрлиги ЖӨБдүн кирешелеринин жана чыгашаларынын айырмасынын көрсөткүчү үч жыл бою өзгөрүүсүз кала берет деп эсептейби?

Бир нече күн мурда эле талкууланган 2023-2027-жылдарга ФСНБ долбоорунда теңдештирүүчү трансферттердин жалпы суммасы жылына 3 748,3 млн. сомду түзгөн. Эмне үчүн ФСНБ долбоору чыккандан бери бир нече күндүн ичинде бул сумма бюджет долбоорунда 650 млн. сомго азайган? ФСНБда ошол эле нерсе айтылган – “теңдештирүүчү трансферттердин көбөйүшү социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу жүргүзүлгөн”, бул сумманын 17 пайызга төмөндөшү кызматкерлердин эмгек акысы мурда пландаштырылган чоңдуктарга көтөрүлбөйт дегенди билдиреби?

Сунуш. 2023-2025-жылдарга бюджеттин Түшүндүрмө катына теңдештирүүчү гранттардын жаңы формуласынын ЖӨБгө тийгизген таасирин деталдуу талдоо кошулууга тийиш – ЖӨБ органдары КР ФМ алар үчүн эмнени пландап жатканын билиши керек. Теңдештирүүчү трансферттердин суммасы ФСНБга карата эмненин эсебинен олуттуу төмөндөтүлгөнүн түшүндүрүп берүүгө тийиш.

Трансферттик саясат – максаттуу трансферттер

Максаттуу трансферттердин түзүмү болуп жаткан реформаларга карабастан кайрадан эле өзгөрүүсүз калды. Түшүндүрмө катта КР Конституциясы талап кылгандай, маморгандар ЖӨБгө өткөрүп берген ыйгарым укуктарды каржылоо кандайча ишке ашырылаары тууралуу маалымат жок. Эл аралык донордук трасттык фонддун долбоорунун жардамы менен иштелип чыккан жана КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген Максаттуу трансферттерди башкаруунун жаңы тартибин колдонуу боюнча КР ФМ эмнелерди күтүп жатканы тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы чыгаша милдеттенмелерин бөлүштүрүү боюнча Методикалык колдонмонун долбоору да айтылган эмес – бул жаңы методиканын натыйжасы кандай болот деп күтүлүп жатканы белгисиз.

Сунуш. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарды жана функцияларды толук кандуу жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн республикалык деңгээлден өткөрүп берүүдө финансылык коштоону жана зарыл ченемдик базаны камсыз кылуудагы кырдаалды өзгөртүү ниетин, анын ичинде министрликтер менен ЖӨБдүн ортосундагы келишимдерге байланышкан кырдаалдын түшүндүрмөсүн Түшүндүрмө катка киргизиш керек.

Трансферттик саясат – райондук бюджеттер

ФСНБ долбоорунда бюджеттик системанын жаңы деңгээли жөнүндө көп айтылганы менен, азырынча ниеттер гана сүрөттөлгөн. Бюджеттин долбоорунда бюджеттин райондук деңгээли тууралуу бир дагы сөз жок. Бюджет үч жылдык мөөнөткө пландаштырылгандыктан, бул жакынкы үч жылда райондук бюджеттер түзүлбөйт дегенди билдиреби? Райондук бюджеттер менен ЖӨБдүн өз ара аракеттенүүсү кандай болоору жөнүндө көбүрөөк аналитикалык жана сандык маалымат керек.

Сунуш. Эгерде Министрлер Кабинетинин ниети өзгөрбөсө жана райондук бюджеттер түзүлсө, анда бюджетке Түшүндүрмө катка райондук бюджеттердин көлөмдөрүнүн динамикасы боюнча болжолду жана республикалык, райондук жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы болжолдонгон финансылык өз ара аракеттенүүнүн кеңири сүрөттөлүшүн киргизүү зарыл. Райондук бюджеттер айылдык аймактардын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджеттери менен райондун бюджетине карата кандай каржылоо механизмдери менен кандай катышта өз ара аракеттенет? Райондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууда жана муниципалитеттер ортосундагы өнүктүрүү долбоорлорун колдоодо аймактарды өнүктүрүү бюджеттерин каржылоо каралабы? Бул дем берүүчү үлүштүк гранттарды бөлүүнүн эскирген практикасынан арылууга жардам береби?

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар

ФСНБ долбоорундагыдай эле, Түшүндүрмө катта өткөн жылдардагы башка ФСНБ жана бюджеттердин долбоорлорундагыдай эле, “Дем берүүчү үлүштүк гранттар” бөлүмүндө теория (дем берүүчү үлүштүк гранттардын аныктамасы жана ролу) жана жалпы көлөм гана келтирилет. ЖӨБ Союзу бир нече жолу көтөрүп чыккан маселелер жөнүндө эч нерсе айтылбайт: республикалык жана облустук маанидеги шаарлар үчүн квоталарды пайдалануу жана жергиликтүү бюджеттен дем берүүчү гранттарды кошо каржылоонун үлүшүн көбөйтүү тууралуу сөз да жок, мында экөө тең кирешеси аз ЖӨБдүн өнүгүү үчүн каражат алуу мүмкүнчүлүгүн азайтып жатат. Ошондой эле “Эмне үчүн дал ушул Жалал-Абад облусу бир нече жылдан бери дем берүүчү үлүштүк гранттардын көлөмү боюнча да, объектилердин саны боюнча да (ФСНБнын маалыматтары боюнча) өзгөрүлгүс лидер болуп келген?” деген комментарийлер да зарыл.

Сунуш. Бул бөлүмгө аналитикалык бөлүктү (ишке ашырылбаган долбоорлордун (узак мөөнөттүү курулуштардын) саны, региондор боюнча бөлүштүрүлүшүнө талдоону – лидерлер аутсайдерлерден эмнеси менен айырмаланат) жана саясий талдоону – КР Финансы министрлиги жогоруда айтылган көйгөйлөрдү кантип чечет? – мына ушуларды кошуп чыгуу керек.

 

 

Окшош материалы: