Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актыларды берүүнүн мөөнөттөрү тууралуу

2022-12-28 / Юридикалык кеңеш

Башка маселелерди тактоо үчүн КР Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрин жүргүзүүгө жооптуу адистерине (0312) 62-62-10 (кошумча 199) телефону боюнча кайрылсаңыз болот.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү кандай мөөнөттө жана кандай түрдө Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө берилет?

Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 токтому менен бекитилген) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө берүү эрежелерин белгилейт.

Алсак, Жобонун 2-пунктуна ылайык, ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү ченемдик укуктук актылар жарыяланган күнү жарыялануу булагын көрсөтүү менен кагаз жана электрондук сактагычтарда, мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Юстиция министрлигине аларды каттоону жүргүзүшкөн мамлекеттик органдар тарабынан жиберилет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү ченемдик укуктук актылар жарыяланган күнү жарыялануу булагын көрсөтүү менен кагаз жана электрондук сактагычтарда, мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө аларды каттоону жүргүзүшкөн органдар тарабынан жиберилет.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги түшүндүргөндөй, иш жүзүндө документтер жарыяланган учурдан тартып бир күндөн ашык эмес убакытка кечиктирилишине жол берилет жана документтер атайын тапшырылат.

Өзгөртүүлөрдү киргизүүгө келсек, Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө берилген, кагаз жүзүндө жана электрондук сактагычтарда болгон ченемдик укуктук актылардын нускалары сайтта жарыяланган ченемдик укуктук актынын текстине толугу менен дал келиши керек. Антпесе, документтер кабыл алынбайт.

Окшош материалы: