Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосу боюнча жаңы билим – мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө байланыштуу жаңылануу

2022-10-16 / ЖӨБ кызматтары
Мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосу боюнча жаңы билим – мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө байланыштуу жаңылануу

Автор: Замир ЫМАНКАЛИЕВ, КР ЖӨБ Союзунун эксперти

2022-жылдын август айында Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун алкагында долбоордун кызматкерлери, тренерлери, эксперттери жана ЖӨБ Союзу үчүн окуу семинары өттү. Семинардын ишине 27 адам катышты, алардын ичинде ЖӨБ Союзунун кызматкерлери, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун кызматкерлери, эксперттер жана консультанттар болду.

Жалпысынан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мамлекеттик сатып алуулар системасы жөнүндө жакшы билишет. Бирок, сатып алуулар боюнча айрым адистер сертификаттарды Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамы өзгөргөнгө чейин алышкан, ошондуктан алардын билимин жаңылаш керек эле. Семинардын биринчи күнү катышуучуларга “Мамлекеттик сатып  алуулар жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген негизги өзгөртүүлөргө, сатып алуулар жол-жоболорунун катышуучуларына, жетекчинин, сатып алуу боюнча комиссиянын жана сатып алуулар бөлүмүнүн ролуна, консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын этаптары менен ыкмаларына тиешелүү темалар сунушталды. Анын ичинде, даттануу берүү жана ишенимсиз жеткирүүчүлөрдүн маалымат базасына киргизүү жол-жоболору каралды.

Экинчи күнү мамлекеттик үлүшү 50 жана андан ашык пайыз болгон чарба жүргүзүүчү коомдордун, мамлекеттик ишканалардын жана муниципалдык ишканалардын сатып алууларын уюштуруудагы негизги өңүттөрүн жана чоо-жайын ачып берген маселелер каралды. Анын ичинде сатып алууларды жүзөгө ашыруу ыкмалары талданып чыгып, Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун Типтүү тартибин колдонуунун чоо-жайы каралды. Бул Типтүү тартип муниципалдык ишканалар тарабынан сатып алууларга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 Токтому менен бекитилген. Муниципалдык ишканалардын сатып алууларынын ички жол-жоболорун иштеп чыгуу темасы семинардын маанилүү бөлүгүн ээледи.

Мисалы, мамлекеттик сатып алуулар планын иштеп чыгууда билимдин жетишсиздиги байкалат. Мамлекеттик сатып алуулар планын кийинки жылга, үстүбүздөгү жылдын ноябрында үч жылга түзүү зарыл. Мамлекеттик сатып алууларды пландоодо адистер товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыкты кылдат иликтеши керек.

Конкурстук комиссияны түзүү жөнүндө буйрук жаңы Мыйзамга ылайык, жылдын башында 10 жумушчу күндүн ичинде чыгарылышы керек. Буйрукта комиссиянын функциялары, милдеттерди аткаруунун мөөнөттөрү каралууга тийиш. Документтерди сатып алуу бөлүмү конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө документтерге коюлган талаптардын негизги учурлары жөнүндө түшүндүрүп берүү практикасын жүргүзүшү керек. Ошондой эле конкурстук комиссияны түзүүдө сандык курамы жана конкурстук комиссияда мамлекеттик сатып алуулар жаатында сертификациясы бар адистин милдеттүү түрдө болушу менен чектелээрин эске алуу керек.

Тендердик өтүнмөлөрдү баалоо жана салыштыруу. Конкурстук документтерде баадан тышкары тандоонун башка критерийлери да белгиленет. Келечектеги келишимдин бардык шарттары документтерде каралууга тийиш. Конкурстук комиссия берилген өтүнмөгө карата талапкер менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөшү керек. Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү баалоо жүргүзүп, ар бир катышуучунун ар бир өтүнмөсүн салыштырып чыгып, баалап, баалоо отчетторун түзүшү керек. Өтүнмөлөрдү баалоонун жүрүшүндө катышуучулардын өтүнмөлөрүн түшүндүрүү укугунан пайдалануу зарыл. Өтүнмөлөрдү баалоодо алар анча-мынча талаптарга шайкеш келбегендиги үчүн аларды четке какпаш керек. Катышуучулардын финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүү зарыл. Өтүнмөлөрдү баллдык система менен баалоо мүмкүнчүлүгү эске алынууга тийиш.

Ошондой эле тренингдин жүрүшүндө мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуу ыкмасы туура эмес аныкталып, өткөрүлгөн конкурстарды пландоо сапаттуу болбогону белгилүү болду. Жылдын аягында сатып алуучуга кандайдыр бир милдеттенме бербестен, жеткирүүчүлөргө алдын-ала төлөп берүү көрүнүшү уланууда, акыр соңунда, жеткирүүчүлөр өз милдеттенмелерин аткарышпайт жана айрым учурларда таптакыр эле жок болуп кетишет.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар көптөгөн суроолорго, анын ичинде төмөнкүлөргө жооп ала алышты:

  • Бир булактан усулун колдонуунун шарттары кандай?;
  • Конкурстук комиссияны кантип түзүү керек жана анын жоопкерчилиги кандай?;
  • Бааларга мониторингди кантип жүргүзүү керек?;
  • Сатып алуулар бөлүмү, конкурстук комиссия кандай документтерди түзөт?;
  • Жетекчи эмнелер үчүн жооп берет?;
  • Каталогду кантип колдонуп, ага кантип катталуу керек?;
  • Сатып алуунун кандай ыкмалары бар жана алар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат?;
  • Каржылоонун бир нече булагы бар болсо, эмне кылуу керек?;
  • Сатып алуучу уюмдун бөлүмү кандай функцияларды аткарат?
  • Бөлүмдүн же конкурстук комиссиянын курамында канча адам болушу керек жана ага кимдер сөзсүз түрдө кириши керек?
  • Бөлүмдүн же конкурстук комиссиянын курамына сатып алуучу уюмдун жетекчиси кире алабы?

Бул тренинг мындай иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын аныктоого мүмкүндүк берди, себеби кызматкерлер мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө толук кандуу жардам ала алышпайт.

Жүргүзүлгөн тестирлөөгө ылайык, угуучулар мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдар, мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөр, ошондой эле Порталдагы өзгөрүүлөр боюнча жетиштүү маалымат алышты деген жыйынтыкка келүүгө болот.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде тренингдин катышуучуларында, анын ичинде ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринде өткөрүлгөн тренингдерге муктаждык бар деген жыйынтык чыгарууга болот, себеби мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр системалуу түрдө болуп турат, мамлекеттик сатып алууларга тартылган айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөр менен толук таанышып чыгыша элек, мындан улам иштин жүрүшүндө маселелер пайда болууда. Ушуга байланыштуу өткөрүлгөн тренинг кызматкерлерге сатып алуулар маселелери менен таанышууга жана ар тараптуу консультациялык жардам алууга мүмкүнчүлүк берди.

 

Окшош материалы: