Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тажрыйба алмашуу: Токтогул жана Ак-Суу райондорунун ЖӨБ органдары бири-биринен үйрөнүшөт

2022-10-16 / ЖӨБ кызматтары
Тажрыйба алмашуу: Токтогул жана Ак-Суу райондорунун ЖӨБ органдары бири-биринен үйрөнүшөт

Автор: Замир ЫМАНКАЛИЕВ, КР ЖӨБ Союзунун эксперти

Калктын жашоо-турмушунун сапатын жогорулатуу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү милдеттерин ишке ашыруу биринчи кезекте конкреттүү муниципалитеттерде жасалууда жана ал жерде көзгө илинээрлик өзгөрүүлөр бар. Мисалы, пландоону жана башкарууну жакшыртуунун, жеринде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жана мониторинг жүргүзүүгө калкты тартуунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрин түзүүнүн эсебинен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулайт. Бул ийгиликке жетүү үчүн муниципалитеттер кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин планын (мындан ары – КЖАП) даярдашат. Кырдаалга кылдат талдоо жүргүзүүнүн негизинде КЖАП муниципалитеттерге инвестицияларды тартууга жана кызмат көрсөтүүлөрдү сапаттуу уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын бардык жерлеринде ЖӨБ органдары элет жергесинде жашоо шарттарын жакшыртуу жана таштандыларды чогултуп, ташып чыгарууну уюштуруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, таза сууга жана мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүсүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, балдардын бош убактысын натыйжалуу пайдалануу жана алардын жеке көркөм чыгармачылыгы үчүн шарттарды түзүү сыяктуу жергиликтүү маселелерди чечүү зарылдыгына туш болууда. ЖӨБ органдарынын басымдуу бөлүгү бул иштерди адистерди тартуунун жана эл аралык өнөктөш уюмдардын гранттык колдоосунун эсебинен чечип келүүдө. Бул ийгиликтүү практиканы жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу муниципалитеттер ортосунда тажрыйба алмашууну уюштурууда. Тажрыйба алмашуу муниципалитеттердин ортосундагы кызматташтыкты илгерилетүүчү аспап боло алары иш жүзүндө тастыкталды.

Өз кезегинде заманбап жана натыйжалуу башкаруу технологияларын колдонуу, тиешелүү уюштуруу жана көзөмөлдөө механизмдерин киргизүү да бул маселелерди чечүүгө кирет.

Тажрыйба алмашуу боюнча жыл сайын өткөрүлүп жаткан муниципалитеттер ортосундагы иш-чаралар уланууда.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы муниципалитеттери үчүн тажрыйба алмашуу уюштурулган.

Токтогул району: балдардын эс алуусу, мектеп окуучулары үчүн шарттар жана муниципалдык ишкана 

2022-жылдын 16-майында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ЖӨБ Союзунун пилоттук айыл өкмөттөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралар өттү. Иш-чарага 33 адам, анын ичинде 21 айылдык муниципалитеттин өкүлдөрү, ошондой эле Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Акылбек ТҮКЕБАЕВ, Токтогул шаарынын башчысы Болот БОЛГОНБЕКОВ, ЖДКЖ Долбоорунун Жалал-Абад облусундагы координатору Эмил АЛЫБАЕВ, ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү катышты.

Тажрыйба алмашуу сапары кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууда Токтогул шаарынын тажрыйбасы тууралуу презентация менен башталды. Эркин форматта катышуучулар “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын ийгиликтүү уюштурулган кызмат көрсөтүүлөрүн, Балдар чыгармачылык үйүнүн жетишкендиктерин талкуулашты.

Андан соң катышуучулар “Ыңгайлуу шарт” коммуналдык ишканасынын техникалык базасы жана ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Адистер ишкана кандай уюшулгандыгын, анын туруктуу иштеши үчүн кандай чаралар көрүлөрүн, тарифтер кандайча түзүлөрүн, элден таштандыларды чыгаруу үчүн төлөмдөр кантип чогултуларын жана башка маселелерди айтып беришти. Тажрыйба алмашууга катышкан муниципалитеттердин жетекчилери кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун чоо-жайын сурашып, аларды кызыктырган бардык суроолорго жооп алышты.

Балдар чыгармачылык үйүн уюштуруу тажрыйбасы катышуучуларды өзгөчө кызыктырды, ал жерде ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен имаратты оңдоого жана музыкалык аспаптарды сатып алууга каражат бөлүнгөн. Мекеменин жетекчисинин айтымында, жасалган иш-аракеттер өз жемишин бере баштады: таланттуу балдар облустук жана республикалык таймаштарда биринчи орунду ээлеп жатышат. Балдар чыгармачылык үйүндө тил курстары, комуз ийрими, бий, сүрөт тартуу, манасчылык, кол өнөрчүлүк ийримдери иштейт. Балдар үчүн ийримдер акысыз.

Сапардын экинчи күнү Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүндө уланды. Бул жерде ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен биринчи “Электрондук китепкана” ачылган. Эски имарат оңдолуп, жылытуу системасы өткөрүлгөн. Мындан тышкары, китепканага компьютерлерди, эмеректерди алып келишип, Интернет кошуп беришкен. Ошентип, ар кайсы курактагы айыл тургундарына жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды: электрондук китептерди окууга, аудиокитептерди угууга, видеоматериалдарды көрүүгө жана “Электрондук китепкана” интернет-кызматын колдонууга болот. Ошондой эле элеттиктер китепти үйүнө алып кетип окуп келе алышат. Айыл өкмөтүнүн башчысы жакын арада китепти тез окууга, кыска убакытта эсептей алганга жана балдардын чыгармачылыгын өркүндөтүүгө арналган кошумча ийримдер ачыларын билдирди.

Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары - элеттик муниципалитеттердин өкүлдөрү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын даярдоо ыкмалары, эл аралык уюмдар менен иштөө жолдору, жеке салым жана адамдар менен иштөө жөнүндө суроолорду беришти. Натыйжада, коноктор долбоорго “келечектеги муунга кам көргөн мыкты долбоор” катары баасын беришти.

Ушул эле күнү Токтогул районунун Сүйөркулов айылдык аймагындагы Т.Ашыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде ишке ашырылган, кенже класстар үчүн ысык тамак уюштуруу долбоору боюнча тажрыйба алмашуу болду. Бул жерде ЖДКЖ Долбоору мектеп ашканасы үчүн бардык керектүү жабдууларды сатып берген. Буга чейин окуучулар ысык чай менен таттуу нан гана алышчу. Керектүү жабдуулардын жоктугунан алар даяр таттууларды сатып алышчу. Азыр атайын ашпозчуну жалдап, окуучулар үчүн ысык тамактын 10 түрү даярдалат. Мектептин ашканасын азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн жер бөлүп берүү чаралары көрүлүп жатат, бул жерде мектеп ашканасын экологиялык жактан таза азыктар менен камсыз кылуу үчүн керектүү жер-жемиштерди өстүрүшөт. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары долбоорду ишке ашырууга канча чыгым кеткенине, мамлекеттин ар бир окуучуга бөлгөн 10 сомдон субсидиясы кантип колдонулуп жатканына кызыгышты. Долбоорду ишке ашыргандар жалпысынан 1 миллион сомдон ашык каражат сарпталганын айтышты. Негизги чыгымды донорлор көтөргөн, калган бөлүгү мектеп жамаатынын, ата-энелердин жана жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен жергиликтүү бюджеттен алынган. Ал эми 10 сомдук ысык чайдын ысык тамакка айланып кетишинин негизги себеби – мурда бардык таттууларды көчөдөн сатып алышса, эми жогорку класстын окуучулары менен бирге ашканада даярдап калышты.

Жалал-Абад облусунун муниципалитеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу иш-чарасы Токтогул районунун Сүйөркулов ААда жайгашкан Абды Сүйөркуловдун музейинде жыйынтыкталды. Бул музейде катышуучулар мамлекеттик ишмердин жетишкендиктери жана анын кыргыз элинин өнүгүүсүнө кошкон салымы менен тааныша алышты. Иш-чарага катышкан элеттик муниципалитеттердин башчылары тажрыйба алмашуунун пайдасын баса белгилеп, үйрөнгөн тажрыйбаны өз ишинде колдоноорун тастыкташты.

Ак-Суу району: муниципалитеттер ортосундагы таштандыларды чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, мектепке чейинки билим берүүнүн шарттарын жакшыртуу жана балдардын бош убактысын натыйжалуу уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

2022-жылдын 26-майында тажрыйба алмашуу боюнча ушундай эле иш-чара Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда өттү. ЖӨБ Союзу уюштурган сапарга 29 адам, анын ичинде Ысык-Көл облусунун 15 айылдык ЖӨБ органынын жетекчилери, ошондой эле Ак-Суу райондук мамадминистрациясынын башчысы, ЖДКЖ Долбоорунун жана ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү катышты.

Тажрыйба алмашуу сапары Ак-Суу районунун айыл өкмөтүнүн тажрыйбасы тууралуу презентациядан башталып, эркин форматта жана суроо-жооп түрүндө уланды.

Андан соң катышуучулар ишке ашырылган долбоорлорду өз көзү менен көрө алышты. Ак-Суу районунун Теплоключенка, Октябрь жана Кереге-Таш айыл өкмөттөрү тиричилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну кантип биргелешип уюштургандыгын, коммуналдык ишкананы, техникалык базаны кантип өнүктүрүп, тарифтерди кантип даярдашканын, кызмат көрсөтүүнү кандайча уюштургандыгын айтып беришти. Айталы, Теплоключенка ААдагы 14 адам иштеген муниципалдык ишканада 10дон ашык техника бар, ишкана таштандыларды чыгарып, бир эле учурда үч муниципалитетке кызмат көрсөтөт. Ишкананын аянты 2 гектар болгон полигону бар, ал бардык санитардык талаптарга жооп берет, аймагынын туш тарабы тосулган, ал жерде бүгүнкү күндө мыйзамдын чегинде иштер жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын (МОК) алкагында Ак-Суу районунун айыл аймактары тиричилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу маселелерин чечүүдө күч-аракеттерин бириктиришти. Ак-Суу районунун үч муниципалитети (Теплоключенка, Кереге-Таш, Октябрь) “КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу” МОКтун кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын даярдашты. Бул пландар муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында кызмат көрсөтүү боюнча башкаруу системасын, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртмакчы. Теплоключенка АА Ак-Суу районунда МОКтун лидери болуп саналат, бул кызмат көрсөтүү “Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС” муниципалдык ишканасынын базасында уюштурулган.  Ар бир айыл өкмөтүндө КТКны ташып чыгаруунун тарифтери бекитилип, КТКны ташып чыгаруу графиги жана стандарттары түзүлгөн. Өнөктөш айыл өкмөттөрү менен кызмат көрсөтүүчүнүн ортосунда келишимдерге кол коюлган.

2021-жылдын декабрынан тартып “Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” муниципалдык ишканасы МОКтун алкагында кызмат көрсөтө баштап, 2533 абонентти тейлеп жатат.

Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында Теплоключенка ААда жалпы аянты 1,9 гектар болгон таштанды полигонун тосмолоо боюнча курулуш иштери жүргүзүлүп, КТКны кабыл алуу пункту орнотулуп, кароолчу үчүн үй курулган. Ошондой эле артында чиркегичи бар атайын техника – таштанды ташуучу унаа сатып алынып, келишим боюнча “Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” муниципалдык ишканасынын чарбалык карамагына өткөрүлүп берилген.

Ичүүчү суу менен камсыздоо, анын ичинде суу түтүктөрүн жана скважиналарды оңдоп, тейлөө кызмат көрсөтүүсү Ак-Суу районунун көптөгөн айыл аймактарында жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Октябрь айыл өкмөтү бул артыкчылыктуу маселелерди чечип, сапаттуу ичүүчү суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсүн камсыз кылуу боюнча жеткирүүчүлөр үчүн шарттарды түзүү максатында суу түтүктөрүн жана скважиналарды оңдоо боюнча тейлөө кызматын уюштурду. Бул иштер Теплоключенка, Кереге-Таш, Челпек АА өнөктөш болгон муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында жасалды. Бул кызмат Октябрь айыл өкмөтү түзгөн “Элдин куту” муниципалдык ишканасы аркылуу көрсөтүлөт. МОКту ишке ашыруунун алкагында атайын техника (манипулятор краны) жана жабдуулар (жогорку басымдагы компрессор, насостор) сатып алынды, алар скважиналарды, суу түтүктөрүн оңдоп, тейлеп, дагы башка тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулат.

МОКтун алкагында кол коюлган Келишимдерге ылайык, “Элдин Куту” муниципалдык ишканасы макулдашылган график жана бекитилген прейскурант боюнча түшкөн өтүнмөлөр боюнча кызмат көрсөтүүнү пландап жатат.

Жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрү: скважинаны тазалоо, тереңдеги насосторду алмаштыруу, компрессор менен суу жабдуу тутумдарын тазалоо, манипулятор кранынын кызмат көрсөтүүлөрү (кудуктарды, лотокторду, көпүрөлөрдү ж.б. орнотуу), скважиналарды жана суу түтүк системаларын пайдалануу боюнча ичүүчү суу менен жабдуу кызматын көрсөткөндөрдү окутуп, аларга консультация берүү.

Скважиналарды, суу түтүк тармактарын оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү МОКтун катышуучусу болгон айыл аймактарында да, ошондой эле Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында да уюштуруу пландалууда.

Кара-Жал АА мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу боюнча долбоорду даярдап, ЖДКЖ Долбоорунан 4 000 000 сом алды. Буга кошумча жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, жергиликтүү эл да салымын кошкон. Натыйжада Боз-Булуң айылындагы бала бакчанын имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, ал эми инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 9 миллион сомду түздү.

Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысы жана бала бакчанын директору тажрыйба алмашуу үчүн келген айыл өкмөтүнүн башчылары менен өз байкоолорун бөлүштү. Долбоордун негизинде бала бакча кеңейтилип, бардык керектүү шарттары бар кошумча имарат курулган. Бүгүнкү күндө Боз-Булуң айылында мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүсү жолго салынып, бала бакчада орун жетиштүү, кезек күткөндөр жок. Долбоор ийгиликтүү ишке ашырылып, мекеме калкка кызмат көрсөтүп келатат.

Тепке айыл аймагынын бардык үч айылынын окуучулары үчүн музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөткөн ийримдер Тепке айылында уюштурулуп, элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. Долбоор берген грантка жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кошумча салымы кошулуп, 24 комуз жана башка музыкалык аспаптар сатып алынды, кызмат көрсөтүү үч мектептин окуучулары үчүн жеткиликтүү болуп калды. Бул жерде үч ийрим тобу ачылып, жалпысынан 40 өспүрүм жана окуучу музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнүп жатышат.

Сапардын катышуучулары тажрыйба алмашуу боюнча иш-чара өнүгүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгилешти. Алар кесиптештеринин жетишкендиктерин көрүп, алардан алган мыкты тажрыйбаларын өз иш-аракеттеринде колдоно тургандыктарын айтышты.

ЖМКда кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жөнүндө позитивдүү маалымат жетпей жатат

ЖӨБ Союзу ийгиликтүү тажрыйбаны жайылтуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында аны ЖМКларда жана социалдык тармактарда кеңири чагылдыруу зарыл деп эсептейт. Жарандардын көзүнө илинген жыйынтыктарга жетишкен айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин, айыл өкмөтүнүн башчыларынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу усулдары жөнүндө даректүү түрдө маалымат берип туруу зарыл. Кыргызстандын медиа мейкиндигинде аймактарда болуп жаткан жаңылыктарга кызыгуу чоң, позитивдүү окуяларга жана алардын каармандарына муктаждык курч, бирок, тилекке каршы, ЖМКларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери жөнүндө билдирүүлөр гана көп чыгат, бул болсо жалпысынан ЖӨБ институтунун аброюн түшүрүп жатат. Негизги көңүлдү ЖӨБдүн кызматкерлерине буруп, ийгиликтүү тажрыйбаларды кеңири чагылдыруу башка ЖӨБ органдарын өз кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууга көбүрөөк кызыкдар болууга шыктандырат.

Окшош материалы: