Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык: кызмат көрсөтүүлөр

2022-09-19 / ЖӨБ кызматтары
Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык: кызмат көрсөтүүлөр

КЕТМЕН-ДӨБӨ ЖАНА ЧОЛПОН-АТА АА ТАШТАНДЫНЫ БИРГЕЛЕШИП ЧОГУЛТУП, ТАШЫП ЧЫГАРУУ ИШИН УЮШТУРА АЛЫШТЫ

Кетмен-Дөбө жана Чолпон-Ата АА биригип, Кетмен-Дөбө АА түзгөн “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын базасында катуу тиричилик калдыктарын чогултуп,  ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн уюштурушту.

Кызмат көрсөтүүлөрдү биргелешип уюштуруу калкты таза суу менен камсыз кылуу, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу, ошондой эле ички муниципалдык жолдорду техникалык тейлөө өңдүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын (мындан ары – КЖАП) аткаруунун алкагында мүмкүн болду. КЖАП “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (мындан ары – ЖДКЖ долбоору) колдоосу менен даярдалып, ишке ашырылган. Швейцария Өкмөтү каржылаган долбоорду Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту аткарып келет.

Муниципалитеттер кызматташтык үчүн максаттуу өнөктөш катары тандалып алынган жана 2019-жылдын апрелинде ЖДКЖ долбоору менен меморандумга кол коюшкан. Долбоор өткөргөн семинарлар, тренингдер, башка иш-чаралар эки муниципалитеттин жана муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу менен муниципалитеттер ортосундагы кызматташууга өбөлгө түздү.

Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо үчүн Кетмен-Дөбө жана Чолпон-Ата айыл аймактарында өзгөчө аялуу топтордун катышуусу менен фокус-топтор өткөрүлдү. Жалпы жыйында эки муниципалитеттин жашоочулары, айылдык кеңештин депутаттары, жергиликтүү лидерлер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү аныкталган бардык көйгөйлөрдү талкуулап чыгышты. Натыйжада аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына өзгөртүүлөр киргизилип, көйгөйлөрдү чечүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча Иш-аракеттер планын даярдоо боюнча жумушчу топтор түзүлдү. Жыйынтыгында эки муниципалитеттин кызматкерлери аталган документти даярдап, эки айыл аймагы биргеликте гранттык конкурска катышып, 5 000 000 сомдук грантты утуп алышты. Өз салымы 2 250 000 сомду, КЖАПты каржылоонун жалпы суммасы 7 250 000 сомду түздү.

Планды аткаруунун алкагында Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу түзүлгөн “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын документтери жаңыртылды. 

Фокус-топтордо калктын аялуу катмарынын катышуусу менен тарифти эсептөө жана КТК чогултуу кызмат көрсөтүүсүнүн туруктуулугу маселелери талкууланды. Кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугу, экономикалык натыйжалуулугу үчүн тариф коомдук угууларда каралып, андан кийин тарифти эки жергиликтүү кеңештин депутаттары кабыл алышкан. Кетмен-Дөбө ААнын айылдарында ар бир кожолук үчүн тариф 78 сом көлөмүндө, ал эми Чолпон-Ата ААнын айылдарында ар бир кожолук үчүн тариф 100 сом деп бекитилген.

Кызмат көрсөтүүчүнүн материалдык базасын чыңдоо, жумушчу шаймандарды жана техникаларды жайгаштыруу үчүн гараж уюштурулган. Айыл өкмөтүнүн имаратында муниципалдык ишканага өзүнчө бөлмө бөлүп берилген. Эксперттин жардамы менен “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын мүлкүнүн бирдиктүү реестри түзүлүп, банкта амортизациялык чегерүүлөр үчүн өзүнчө атайын эсеп ачылган.

Долбоор берген каражаттын эсебинен таштанды төгүлүүчү жай тазаланып, отургучтар жана жарык орнотулган. Жарандар арасында кызмат көрсөтүүнүн акысы үчүн жоопкерчилик жөнүндө маалыматтык өнөктүккө жарыяланган конкурста Кетмен-Дөбө 35 400 сом өлчөмүндөгү товардык байгеге ээ болду. Чолпон-Ата айыл өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын социалдык-гендердик принциптерди эске алуу менен даярдоо чөйрөсүндө Жалал-Абад облусунда лидер болуп калды.

Тренингдердин жана семинарлардын жардамы менен айыл аймагынын кызматкерлери муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында КЖАПты даярдаганды үйрөнүштү. Алар КР Финансы министрлигинин сайтындагы жарандык бюджет боюнча маалыматтарды колдонуу менен коомдук угууларды өткөрүү көндүмдөрүнө ээ болушту.

2022-жылдын май айынан баштап муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү Кетмен-Дөбөдө, ал эми 2022-жылдын июнь айынан баштап Чолпон-Ата ААда ишке ашырылып жатат.

Окшош материалы: