Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Административдик кызмат көрсөтүүнү кантип жакшыртса болот?

2022-09-19 / ЖӨБ кызматтары
Административдик кызмат көрсөтүүнү кантип жакшыртса болот?

АК-ЖАР ААДА “БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ” ФОРМАТЫНДАГЫ АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ЖАКШЫРТУУ ПРАКТИКАСЫ

Ак-Жар айылдык аймагы жашоочулардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу боюнча бир катар көйгөйлөрүн чечүү максатында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча борбор түзүү чечимин кабыл алган. Борбор түзүлгөнгө чейин Ак-Жар айыл аймагынын жашоочулары тийиштүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана документтерди алуу үчүн райондук борборго бир нече жолу келип, кезекте турууга мажбур болчу. Алар муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү (маалымкаттарды, чечимдерди) алуу үчүн бир нече кабинетке кирип-чыгышы керек эле. Мындай жагдай жергиликтүү тургундарды абдан нааразы кылып келген.

Административдик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча демилгени Ат-Башы районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы колдоого алды. Ишке ашыруу процессинин этаптары төмөнкүдөй болду:

  • артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү талкуулап, тандап алуу үчүн фокус-топту өткөрүү;
  • кызмат көрсөтүүнү уюштуруу планын иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүү;
  • тейлөөнү уюштуруу планын даярдоо;
  • өнөктөштөр менен кызматташуу тууралуу макулдашууну түзүү. Жергиликтүү мамлекеттик администрация; кадастр, архитектура, социалдык коргоо, Социалдык фонд жана айыл өкмөтү макулдашуунун катышуучулары болуп калышты;
  • “Бирдиктүү терезенин” регламентин даярдоо.

“Бирдиктүү терезенин” ачылышына айыл аймагынын жашоочулары абдан ыраазы, себеби алар тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү айыл аймагынын администрациялык имаратында уюштурулган бир жерден эле алып калышты.

Окшош материалы: