Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштардын эс алуусун кантип уюштурса болот?

2022-09-19 / ЖӨБ кызматтары
Жаштардын эс алуусун кантип уюштурса болот?

МАДЫ АЙЫЛЫНЫН ЖАШТАРЫ БИРИГИП, ЖАШОО ШАРТТАРЫН ЖАКШЫРТУУ ҮЧҮН 50 ДОЛБООРДУ ИШКЕ АШЫРЫШТЫ

Практика менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Жаштар союзу” Коомдук фондунун төрагасы, жаштардын лидери КАЛЫБЕК уулу Бектур бөлүштү.

Мады аймагынын айылдарында жашоо шартынын начарлашы өзүн пайдалуу иштер менен алагды кыла албаган жаштардын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизип келген. Жыл сайын уурулук көбөйүп, жаштар арасында рэкет учурлары жайылып, тургундар айылдын көчөлөрүндө таштанды ыргытып, автоунаалардын көптүгүнөн жана жол кыймылынын эрежелерин этибарга албагандыктан жол кырсыктары көбөйгөн эле. Айылда жумуш болбогондуктан, жашоочулардын көпчүлүгү базарларда соода кылып, же Ошко иш издеп кетишчү. Айылдагы студенттер да билим алганы Ошко кетчү. Ыңгайлуу аялдамалар болбогондуктан аба ырайы кандай гана болбосун, адамдар жолдун жээгинде маршрутканы же башка транспортту күтүүгө мажбур эле. Мындай жагдай алардын коопсуздугуна да коркунуч туудурган, себеби алар транспортко түшүп, же чыгып баратканда жол кыймылынын башка катышуучуларына да авариялык кырдаалдарды жаратышкан. Бул жагдай кош бойлуу аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана улгайган адамдар үчүн өзгөчө чоң көйгөйлөрдү жаратканы талашсыз.

Кырдаалды байкап отуруп, Кыргыз-Чек айылынын жаштары чогулуп, калктын эң курч көйгөйлөрүн чечмей болушту. Бул үчүн алар калктын, анын ичинде социалдык аялуу топтордун муктаждыктарын изилдеп чыгышты. Биринчи кезекте жаштардын демилгелүү тобу түзүлүп, ага 300дөн ашык адам, анын ичинде 15 кыз кирген. Ар бир адам мүмкүнчүлүгүнө жараша өз акчалай салымын кошту. Натыйжада, Кыргыз-Чек айылынын жаштары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча 50гө жакын долбоорду ашар жолу менен ишке ашыра алышты, анын ичинде: отургучтары бар 8 аялдама, 20 таштанды челеги, айылда тазалыкты сактоого чакырган 4 маалыматтык такта орнотулган. Дүйнөлүк саламаттык күнүнө карата жаштар кыз-келиндер жана чоң энелер үчүн кыска жана узак аралыкка спорттук марафон өткөрүштү. Жаштардын иши эл арасында колдоо таап кетти, мисалы, Асан-Чек айылынын тургуну Капар МАМАСАБИРОВ өз каражатына аялдама куруп берди. Демилге айылдын өнүгүшүнө олуттуу салым кошту: тургундар үчүн коопсуз шарттар түзүлдү, көчөлөр тазаланды, инфраструктура жакшырды. ЖӨБ органы өзүнүн чечими менен аялдамаларды, таштанды урналарын жана маалымат такталарын орнотуу үчүн жер участокторун берди. Натыйжада, биргелешкен аракеттер менен Жаңы-Чек айылынын бир катар көйгөйлөрү чечилди. Жергиликтүү демилгенин оң жыйынтыктарын көрүп, ЖӨБ органдары мындан кийин ушул өңдүү демилгелерге сөзсүз жардам көрсөтүүгө убада беришти.

Жаш активисттердин жергиликтүү демилгесинин жыйынтыктары айылдын ар бир жашоочусуна, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, улгайган адамдарга, кош бойлуу аялдарга чоң пайда алып келди. Мындан тышкары, айыл тургундарынын активдүүлүгү жогорулады, себеби жаштардын демилгелерин ишке ашырууга алардын көпчүлүгү өздөрү катышкан. Бул практика жергиликтүү жамаат ар кандай көйгөйлөрдү өз алдынча чече алаарын, ал эми жаштар өнүгүү процессинде лидердин ролун ойной аларын айкын көрсөттү.

КАЛЫБЕК уулу Бектур, жаштардын лидери, “Жаштар союзу” Коомдук фондунун төрагасы: “Биз өз демилгебиздин жыйынтыгы менен сыймыктанабыз, себеби жаштар чогулуп, мүмкүн болушунча бардык күчүн жана каражатын жумшады. Мурда жаштар көчөлөргө, муундарга жана уруусуна жараша топторго бөлүнүп, бири-бири менен мушташып жүрүшчү, көп адамдар арак ичип, акча тоноп, телефон уурулугу менен алектенип жүрсө, эми мунун баары азыр токтоп калды. Биз коомдук фонд түзүп, барган сайын жаштарды өз уюмубузга көбүрөөк тарта баштадык. Жаштардын башын бир маанилүү максат үчүн бириктирдик – өз айылыбызды өнүктүрүүгө үндөп келебиз. Азыр биз чоң команда болуп жашап, иштеп жатабыз. “Вотсапта” 400 кишиден турган эки тайпа түзүлдү, алар эки айылдын көйгөйлөрүн биргелешип чечүү үчүн бизге жардам берип турушат. Квартал сайын жолугушууларды өткөрүп, анда пландарды талкуулап алабыз, андан кийин футбол жана волейбол боюнча турнирлер өткөрүлөт. Башка айылдарга үлгү көрсөтүү үчүн биз демилгелерди жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырдык: КТРК, Asia TV, “Ынтымак”, ОРТРК аркылуу көрсөтүшкөн, иш-аракеттерибизди социалдык тармактарга да чыгарып турабыз”.

 

 

Окшош материалы: