Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкты кантип уюштурса болот?

2022-09-19 / ЖӨБ кызматтары

АРСТАНБАП АА ТАШТАНДЫЛАРДЫ КӨМҮҮГӨ, АЛ ЭМИ МОГОЛ АА ИЧҮҮЧҮ СУУГА ЖЕТҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК АЛДЫ

Тазалык маселеси көптөн бери Арстанбап айыл аймагында көйгөйлүү маселе болуп келген. 2013-жылы жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен мекемелерде, уюмдарда, көчөлөрдө, дүкөндөрдө таштанды челектери орнотулуп, агартуу иштери жүргүзүлгөн эле. Бирок Арстанбап айыл аймагында таштанды төгүүчү жайдын жоктугу көйгөй бойдон кала берген. Бул маселени чечүү жолу Могол АА менен муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык түрүндө табылды, анын алкагында таштанды таштоочу жайды биргелешип пайдалануу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Ошол эле учурда Могол айыл аймагынын жашоочулары таза суу менен камсыз болгон эмес, ошондуктан муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык эки эсе пайдалуу болуп калды, себеби бул өнөктөштүктүн алкагында Арстанбап айыл аймагынан Могол ААга суу түтүгүн өткөрүү долбоору ишке ашырылган. Кызмат көрсөтүүнү башкаруу үчүн “Могол таза суу” муниципалдык ишканасы түзүлүп, келишимге ылайык Арстанбап айыл аймагынын Гумкана жана Кызыл-Суу айылдарынын жашоочулары таза суу менен камсыз болушат.

Окшош материалы: