Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
Суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсүн кантип жакшыртса болот?
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ТАЗА ИЧҮҮЧҮ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮ ЖАКШЫРТУУ
Сары-Колот айыл аймагынын жашоочулары аймакта ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүнү талаптагыдай уюштуруунун жоктугунан узак убакыт бою кыйналып келишкен. Калктын басымдуу бөлүгү сууну ачык, корголбогон булактардан пайдаланышчу, бул жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө алып келген. Бирок, көпчүлүк тургундар таза суу үчүн акы төлөөдөн баш тартышчу, алар ден соолугун тобокелдикке салып, кооптуу болсо да, акысыз сууну колдонуп жүрө беришкен. Көйгөйдү чечүү үчүн Сары-Колот ААнын органдары айылдын кадыр-барктуу тургундарына кайрылууну чечишти. Алар аксакалдарды ичүүчү суунун булактарына жеткирүү иштерин уюштуруп, ушундай булактардан суу алып ичүүнүн тобокелдиктери, мындан пайда болчу оорулар, ден соолукка тийгизген зыяны тууралуу кенен түшүндүрүп беришти. Аксакалдардын катышуусу менен айылдыктардын арасында каналдан корголбогон сууну керектөөнүн зыяндуулугу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгү уюштурулган. Жамааттын кадыр-барктуу мүчөлөрүнүн жана ЖӨБ органынын биргелешкен күч-аракеттери менен калкты борбордоштурулган жана сабаттуу уюштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн акы төлөөнүн зарылдыгына ынандыра алышты. Экономикалык жактан негизделген тариф эсептелип чыгып, коомдук угуулар өткөрүлгөн, эсептегичтер орнотулуп, сууну иш жүзүндө пайдалануу үчүн акы алуу практикасы киргизилген. Жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча коомдук ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуунун төмөнкүдөй жыйынтыктары алынды:
- суу эсептегичтерин орнотуунун эсебинен керектелген суу үчүн акы төлөөнүн деңгээли көбөйдү;
- суу мурдагыдан үнөмдүү пайдаланылып калды;
- мурда сууга жете элек калктуу конуштардын тургундары суу менен камсыз болду;
- калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу убактысы күнүнө 4 сааттан 10 саатка чейин көбөйдү.
Окшош материалы:
-
№12 (146) / 2023-12-10 Маданий жана музыкалык мурастарды сактап калуу максатында Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү балдар үчүн музыка сабактарын уюштурууда
-
№12 (146) / 2023-12-10 Айыл өкмөтүнүн жана мониторинг тобунун күч-аракети менен Казыбек айылдык аймагында 120дан ашык бала дзюдо, бокс жана күрөш боюнча сабактарга катыша башташты
-
№12 (146) / 2023-12-10 Семеновка айылдык аймагындагы балдар аянтчасы: тургундардын, мигрант мекендештердин жана ЖӨБ органынын салымы
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Туруктуу кызмат көрсөтүүнү алгың келеби? Анда убагында төлө!
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Сиздин пикириңиз жергиликтүү бийлик үчүн маанилүүбү?
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Жамааттын күчү менен жүргүзүлгөн сапаттуу мониторинг объекттердин жана кызматтардын сапатын жакшыртат
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Санариптик биллинг өлкөдө арышын кеңейтүүдө, же муниципалдык ишканаларда “Оймо Биллингди” ишке киргизүүнүн жыйынтыктары
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Кыргызстандын муниципалдык ишканаларында сатып алуулардын жаңы Эрежелери: ачык-айкындуулукту камсыз кылууда кызмат көрсөтүүчүлөргө жардам