Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсүн кантип жакшыртса болот?

2022-09-19 / ЖӨБ кызматтары
Суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсүн кантип жакшыртса болот?

КЕҢЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮ ЖАКШЫРТУУ

Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн “Кеңеш” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айгүл МАМАЖУНУСОВА бир жылдын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүсүн реформаласа болорун айтып берди. “Кеңеш” ишканасы жасай алган масштабдуу реформа төмөнкү багыттарда ишке ашырылды: ичүүчү суу менен жабдуу регламентин даярдоо жана кароосуз калган скважинаны калыбына келтирүү; ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун объекттеринде оңдоо-калыбына келтирүү иштери; тейлөөнү уюштуруунун жаңы ыкмаларын жана технологияларын киргизүү; кызмат көрсөтүүнүн географиясын кеңейтүү. Бул чаралардын зарылдыгы кызмат көрсөтүүнүн 2018-жылдагы абалынан келип чыккан.

“Арбын Таза Суу” ТСКАКБсы 2006-жылы Ноокат районунун Арбын айылында түзүлгөн. Ичүүчү суу менен жабдуу системасын башкаруу мүмкүнчүлүгү төмөн болгон жана инфраструктура жараксыз абалда калган (негизги булак суу ташкынынан улам бузулуп, булактардын агымы бир тарапка бурулбай калган эле). 2006-жылы донорлордун каражатына узундугу 1 км жана диаметри 100 мм болгон пластикалык магистралдык түтүк төшөлгөн. Сапаты начар материалдан улам желим түтүк бир жылдан кийин жарылып кеткен, себеби суу түтүгүнүн ордуна канализациялык түтүк орнотулуп калган.

Реформа кадрдык курамга жана саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү менен башталды: Айгүл МАМАЖУНУСОВАны ТСКАКБнын жаңы төрайымы кылып шайлап алышты; Орусиядан суу менен жабдуу боюнча инженер-технологду чакырышты; жергиликтүү тургундардын ичинен сантехник-тракторист жалданды.

Андан соң масштабдуу иштер жасалды:

  • көлөмү 500 куб метр болгон резервуар калыңдыгы бир метрлик ылайдан тазаланды;
  • булак суусун чыгаруу үчүн 6х10 көлөмдөгү 2 метрге жеткен жаңы резервуар курулду;
  • эски жана жаңы резервуарларды туташтыруу үчүн түтүк орнотулду;
  • жеке капиталды тартып, экскаватор сатып алышты;
  • демөөрчүлөрдүн каражатына плиталарды жана цементти сатып алышты;
  • негизги суу булагынын айланасына тосмо орнотулуп чыкты.

Кызмат көрсөтүүнү реформалоонун бардык этаптарында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” Долбоору чоң жардам көрсөттү: башынан баштап ТСКАКБнын өкүлү жумушчу комиссиянын жигердүү мүчөсү болуп калды; долбоор менен кызматташуу үчүн артыкчылык катары ичүүчү суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсү тандалып алынды; ТСКАКБнын жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү үчүн зарыл окутуу уюштурулду; экономикалык жактан негизделген тарифти иштеп чыгууга колдоо көрсөтүлдү; калк менен ачык-айкын жана ишенимдүү мамилелерди орнотууга көмөктөшүштү, бул үчүн жарандардын жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусу менен тарифтер боюнча төрт угуу өткөрүлдү; тарифтерди монополияга каршы орган менен макулдашуу жол-жобосуна көмөк көрсөтүлдү.

Бир кожолуктан алынчу тарифтин суммасы калк менен талкууланып, 50 сомдон 203 сомго чейин көтөрүлдү. Бир кубметр суу үчүн 22 сом суммасында тариф биринчи жолу орнотулду. Кызмат көрсөтүүнү уюштуруудагы жана тарифтик саясаттагы өзгөрүүлөр иштин көлөмүнүн өсүшүнө алып келди: 2018-жылы 80 миң сом болсо, 2019-жылы 360 миң сомго чейин өстү; жыл ичинде төлөмдөрдү чогултуу деңгээли 30 пайыздан 70 пайызга чейин көбөйдү.

Суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсүн реформалоонун бул практикасы системалуу жана инновациялык мамиле, ошондой эле жамааттын жогорку деңгээлдеги катышуусу менен айырмаланат. Мисалы, ичүүчү суу менен жабдуу боюнча кесипкөй инженерди жалдоо, ошондой эле атайын техниканы (экскаватор жана самосвал) сатып алууга 2 100 000 сомдон ашык жеке капиталды тартуу инновация болуп калды. Калктын катышуу деңгээли бир нече иш-аракеттер менен тастыкталып турат: жарандардын жеке каражаттарынын эсебинен 100 миң сомго түтүктөр сатып алынды; жеке ресурстар жана тышкы ресурстар (финансылык, техникалык, эмгек) колдонулду.

Жалпысынан ЖӨБ органдары, жергиликтүү жамаат жана кызмат көрсөтүүчү тарабынан кызмат көрсөтүүгө кылдат, жигердүү мамиле кылуу кызмат көрсөтүүнү жаңы деңгээлге гана чыгарбастан, анын туруктуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө да мүмкүндүк берди. Демек, Арбын айылынын жашоочулары келечекте суу менен жабдууга байланышкан көйгөйлөргө туш болбойт.

Окшош материалы: