Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсүн кантип жакшыртса болот?

2022-09-19 / ЖӨБ кызматтары
Суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсүн кантип жакшыртса болот?

АК-САЙ АЙЫЛЫНДАГЫ ЖАҢЫ КОНУШТУН ТУРГУНДАРЫН ИЧҮҮЧҮ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮ УЮШТУРУУНУН МИСАЛЫ

Тажрыйба менен бөлүшкөндөр: КАДЫРОВА Гүлзат, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы; Рана БЕЛЕКОВА, ТСКАКБнын төрайымы.

Жаңы конуштун тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу тажрыйбасы көптөгөн ЖӨБ органдарын кызыктырып келет, себеби калктын саны көбөйүп жатат, өзүнчө турак жайга муктаж болгон жаңы үй-бүлөлөр пайда болууда, айылдардын аймактары жаңы конуштардын эсебинен кеңейүүдө. Мындан улам ЖӨБ органдары жаңы конуштарды зарыл инфраструктура менен талаптагыдай камсыз кылуу үчүн олуттуу каражаттарды тартуу зарылчылыгына туш болушууда. Болот Мамбетов АА жамааттын ресурстарын, жергиликтүү бюджетти, тышкы булактарды бириктирүүнүн эсебинен мына ушул көйгөйдү чече алды. Бул тема көптөгөн айылдар үчүн актуалдуу болгонун эске алганда, Болот Мамбетов ААнын тажрыйбасы аудиториянын катышуучуларында көптөгөн суроолорду жаратты. Тактап айтканда, Нарын облусунун Учкун айылдык кеңешинин депутаты тарифтер, суу эсептегичтерин сатып алууну каржылоо булактары, бак-дарактарды ичүүчү суу менен сугарган учурлары жөнүндө суроолорду узатты. ТСКАКБнын төрайымы Рана БЕЛЕКОВА “абоненттер сууну канча пайдаланса, ошончо акча төлөшөт” деп жооп берди. Бул шарттар алдын ала сүйлөшүлөт, ал эми эсептегичтер иштебей калса, приборлорду алмаштырууга кеткен чыгымдарды абоненттер төлөйт. Сугарууга уруксат берилген, бул үчүн 20 сом көлөмүндө тариф белгиленген. ТСКАКБнын жалпы бюджети – 360 миң сомго жакын.

Талкуунун катышуучулары тарифти бекитүүнүн жол-жобосу жөнүндө маселени кайрадан көтөрүп, процесске бардык кызыкдар тараптар катышат деген жоопту алышты. Суу жеткирүүчү тарифти эсептейт. ЖӨБ органы коомдук угуулардын алкагында калк менен тарифти талкуулоону уюштурат, мында тарифке кеткен чыгымдар жөнүндө керектөөчүлөр кеңири маалыматты алып, тарифти жогорулатуу үчүн жүйөлөр келтирилет. Ошондон кийин гана жергиликтүү кеңештин сессиясы тариф жөнүндө сунуштарды карап чыгып, ставкаларды бекитет. Ак-Сай айылынын ТСКАКБсы тарифтин калькуляциясын эсептеп жатканда кызмат көрсөтүү өзүн актай алгыдай кылып, анын экономикалык туруктуулугун камсыз кылды, натыйжада тариф суунун 1 кубметрине 32 сом өлчөмүндө белгиленди.

Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча аракеттердин натыйжасында айыл күнү-түнү – 24 саат бою суу менен камсыз болду. Жоопкерчилик да бөлүштүрүлгөн: ТСКАКБ сууну кожолуктарга жеткирүү үчүн жооп берет, абоненттер болсо өз эсебинен сууну короонун жана үйдүн ичинде бөлүштүрүүнү уюштурат. ТСКАКБнын маалыматы боюнча, 2022-жылы айылдагы калктын 90% өз үйлөрүн көрктөндүрүп, аларды санитардык түйүндөр, канализация, кир жуугуч машиналар жана душ менен камсыз кылышкан.

 

Окшош материалы: