Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Теңден-теңге (Р2Р): кесиптештерден үйрөнүп, өз жерибизде жайылтабыз

2022-09-19 / ЖӨБ кызматтары

“Теңден-теңге” же P2P принциби инструменттерди жана мыкты тажрыйбаларды чогуу үйрөнүүгө жана бөлүшүүгө багытталат.

“Теңден-теңге” Платформасы кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө мыкты практиканын жана тажрыйбанын мисалдарын жайылтууга жигердүү жардамын берүүдө. Бул Платформа ЖӨБ органдарына бетме-бет жолугушуп, бири-биринен көп нерселерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Платформа USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” Долбоорунун колдоосу менен Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы тарабынан уюштурулган. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара окутуу платформасын түзүү демилгесин 2020-жылдын башында КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу көтөргөнүн эске сала кетели. Бул платформанын жардамы менен айыл өкмөттөрдүн башчылары жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары бири-бирин жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө үйрөтүшүүдө. ЖӨБ органдарынын кызматкерлери үчүн алардын кесиптештери – өздөрүндөй эле ЖӨБ органдарынын кызматкерлери тренер катары болгону бул ыкманын өзгөчөлүгү болуп саналат. Өз ишин 2021-жылдын аягында баштаган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” Долбоору ЖӨБ органдарынын арасында «теңден-теңге” принцибин киргизүү ишин улантты, бирок муну кол коюлган Кызматташтык жөнүндө меморандумдун негизинде Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы аркылуу жасай баштады. 2022-жылдын апрелинде Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА)1  «теңден-теңге” принциби боюнча окуу платформасынын ишин жандандыруу үчүн Ат-Башы, Ысык-Көл, Кара-Суу жана Базар-Коргон райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен меморандумдарга кол койгон. 2022-жылдын май айында БАЖБА Меморандумдун алкагында максаттуу райондук мамлекеттик администрациялар менен тыгыз кызматташтыкта «теңден-теңге” принциби боюнча Платформанын төрт жыйналышын өткөрдү. Жыйналыштардын «теңден-теңге” форматындагы программасы жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, жергиликтүү бюджетти башкаруу, анын ичинде киреше бөлүгүн жогорулатуу маселелерине, ошондой эле ЖӨБгө тиешелүү башка темаларга арналды. 

____________

1 БАЖБА – Кыргыз Республикасынын жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү жана өркүндөтүү, муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын күчөтүү максатында түзүлгөн мекеме. БАЖБА ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбасы порталынын оператору болуп саналат (www.myktyaimak.gov.kg). Бул порталда жергиликтүү өнүгүү жана башкаруу практикасынын мисалдарынын Кыргыз Республикасындагы эң ири жыйнагы сакталат. Кененирээк маалымат алуу үчүн: https://myktyaimak.gov.kg

«ТЕҢДЕН-ТЕҢГЕ” ПЛАТФОРМАСЫНЫН ХРОНИКАСЫ

2022-жылдын 30-июнунда ЖӨБ органдары үчүн “теңден-тенге” принциби боюнча өз ара окутуу платформасынын онлайн-семинары өттү, ага ЖӨБ органдарынын 40тан ашык өкүлү, жергиликтүү жамааттардын лидерлери жана активисттери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жарандык коом уюмдары катышты. Суу менен камсыздоо жана жаштардын эс алуусун уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн практикасы талкууланды.

2022-жылдын 15-июлунда ЖӨБ органдары үчүн “тенден-теңге” принциби боюнча өз ара окутуу платформасынын онлайн-семинары өттү, ага 38 адам - айыл өкмөтүнүн башчылары, шаардык мэриялардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин төрагалары, ЖӨБ органдарынын кызматкерлери, эксперттер, өнөктөштөр катышты. Таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу, суу менен камсыздоо жана спорт кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу практикасы талкууланды.

Презентация бөлүгү аяктагандан кийин тажрыйба алмашуу сессиясы өттү. Катышуучулар баяндамачыларга суроолорун берип, жооп ала алышты. Катышуучулардан келип түшкөн суроолор ичүүчү суу, таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелери жамааттарда актуалдуу экендигин дагы бир жолу далилдеди. 

2022-жылдын 16-августунда Нарын шаарында Нарын жана Чүй облустарынын биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун (БМжБТ) мүчөлөрүнүн жумушчу жолугушуусу өттү.

Жолугушуу жергиликтүү деңгээлде «теңден-теңге” (Р2Р) принциби боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууда тажрыйба алмашуу форматында уюштурулду. Семинарга USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун Нарын облусундагы жана Чүй облусунун Москва районундагы пилоттук муниципалитеттеринин БМжБ топтору катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары иш кагаздарын жүргүзүү, мониторинг жана баалоо процесси менен таанышуу максатында бир катар объекттерге барышты, ал эми пилоттук муниципалитеттердин БМжБ топторунун жетекчилери иш пландарын тартуулашты.

Александровка айыл аймагынын БМжБ тобунун жетекчиси Разия ЛИВАЗА топтун иш тажрыйбасы менен бөлүшсө, Петровка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, учурда Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) долбоорлор боюнча координатору Данияр АСТАРОВ ЖӨБ органдарынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу менен кызматташуу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

БМжБ тобунун ишинде актынын өз убагында жана туура түзүлүшүнүн зарылдыгы жана маанилүүлүгү жөнүндө долбоордун консультанты Султан МАЙРАМБЕКОВ айтып берди, андан кийин катышуучуларга БМжБ актысынын формасын толтуруу үчүн топтордо иштөө сунушталды.

БМжБ топторунун арасында тажрыйба алмашуу боюнча ушундай эле жолугушуу буга чейин Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарынын БМжБ топторунун катышуусу менен өткөрүлгөн.

2022-жылдын 23-августунда айыл өкмөттөрүнүн башчылары, шаардык мэриялардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, ЖӨБ органдарынын кызматкерлери жана өнөктөштөр үчүн кезектеги онлайн-иш-чара (тажрыйба алмашуу) өттү.

Бул жолу суу менен камсыздоо, таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу, ошондой эле “Бирдиктүү терезе” форматында административдик кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу практикасы талкууланды. 

 

 

Окшош материалы: