Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Капиталдык курулуш укугу менен ижарага берүү тууралуу

2022-07-04 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду ЖӨБ Союзунун өкүлү Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ жана БАЖБАнын юристи Жаңыл ДЮШЕЕВА даярдашты

Капиталдык курулуш укугу менен кайсы жерлер ижарага берилет жана кайсы жерлерде мындай укук болбойт?

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жерлердин категорияларына жараша төмөнкүлөрдүн жерлеринде капиталдык курулуш укугу бар жер участогун ижарага берүү болбойт:

  • суу фондунун (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 97-беренеси);
  • токой фондунун (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 87-беренеси);
  • калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренеси).

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери жол катнашы катары пайдаланылуучу, же болбосо калктын маданий-турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруучу (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, газондор, арыктар жана башка сугат тармактары, өткөөлдөр, бульварлар, скверлер, көлмөлөр ж.б.) жерлерден турат.

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери такыр ижарага берилбейт. Муниципалдык жерлер болсо төмөнкү жерлерде капиталдык

курулуш укугу менен ижарага берилиши мүмкүн:

  • жалпы пайдалануудагы жерлерди кошпогондо, калктуу конуштар;
  • айыл чарба багытындагы жерлер.

Айыл чарба багытындагы жерлер айыл чарбасын жүргүзүү максатында зарыл болгон имараттарды жана курулуштарды (кашарлар, фермалар ж.б.) куруу үчүн капиталдык курулуш укугу менен ижарага берилиши мүмкүн.

Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчикке же ижарага укуктарды акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Типтүү жобо менен жөнгө салынат. Бул Типтүү жобо КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген. Белгилей кетсек, бул жобо типтүү болуп саналат жана анын негизинде ар бир муниципалитет жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө өзүнүн жобосун кабыл ала алат.

Ижарачы капиталдык курулуш жүргүзүүнү пландап жаткан жер участогун ижарага берүүнүн мөөнөтүн айыл өкмөтү жети жыл деп чектеп койгону мыйзамдуубу (натыйжада ижарачы ижара мөөнөтүнүн аздыгына байланыштуу насыя ала албай жатат)?

Ооба, мыйзамдуу. Жер участоктору ижарага бериле турган мөөнөттү ыйгарым укуктуу орган аныктайт. Бул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон бөлүмү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Типтүү жобонун 5-беренеси). Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу, анын ичинде ижара келишиминин шартында пайдалануу жерди 50 жылга чейинки чектелген мөөнөттө пайдалануу деп таанылат.

Ошентип, жер участогун ижарага берүү мөөнөтүн муниципалдык органдар өз чечимине жараша аныктай алышат (50 жылга чейин).

Бирок бул эрежеге калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери кирбейт, алар 5 жылга чейин берилет (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесинин 2-бөлүгү).

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка теңдеш шарттарда жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардын алдында артыкчылыктуу укукка ээ. Ижарачы ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми эгерде келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, келишимдин колдонулушу аяктаганга чейин акылга сыярлык мөөнөттө ушундай келишим түзүүгө ниети жөнүндө ижарага берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүгө макулдугу же макул эместиги жөнүндө ижарага алуучуга 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

Жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.

Эгерде ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө келишим түзүүдөн ижарага алуучуга жазуу жүзүндө баш тартса, бирок аны менен келишимдин мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде башка жак менен ижара келишимин түзсө, ижарага алуучу өз тандоосу боюнча сотто түзүлгөн келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди өзүнө которууну, аны менен ижара келишим түзүүдөн баш тартуудан келтирилген чыгашалардын жана колдон чыгарылган пайданын ордун толтурууну же болбосо ушундай чыгашалардын гана ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Колдон чыгарылган пайданы кошуп алганда, чыгашанын ордун толтуруу түзүлгөн тиешелүү келишим колдонулган мөөнөткө толук көлөмдө ордун толтурууга жатат.

Эгерде ижарага алуучу ижарага берүүчү тарабынан 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү каршы пикир болбогондо, келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин жер участогун пайдаланууну улантса, келишим мурдагы келишимде түзүлгөн тиешелүү мөөнөткө ошол эле шарттарда кайра жаңыртылды деп эсептелет.

Демек, жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактарга караганда артыкчылыктуу укугуңуз бар. Жер участогун жаңы мөөнөткө ижарага берүү келишимин түзүүдө тараптардын макулдашуусу боюнча ижаранын шарттарына карата келишимдин шарттары мөөнөтү боюнча көбөйүшү мүмкүн (жогорку чеги – 50 жылга чейин).

 

Окшош материалы: