Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандардын кайрылуулары тууралуу

2022-07-04 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду ЖӨБ Союзунун өкүлү Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ жана БАЖБАнын юристи Жаңыл ДЮШЕЕВА даярдашты

Айыл өкмөтү жарандын арызын канча жумушчу күндүн ичинде карап чыгышы керек?

“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүндө ар бир жаран мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу кайрылуу укугуна ээ, алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө негизделген жооп берүүгө милдеттүү.

Аталган мыйзамдын 8-беренесине ылайык, мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.

Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда даттанууларды чечүү мөөнөттөрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул жөнүндөгү чечим мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси, кызмат адамы же болбосо ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) билдирилет.

Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууда коюлган маселелерди чечүү бир нече мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же кызмат адамдарынын компетенциясына тиешелүү болгон учурда кайрылуунун көчүрмөсү катталган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же тийиштүү кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

Эгерде сөз жер участокторун берүү, кандайдыр бир муниципалдык кызматтарды көрсөтүү, токтомдорду чыгаруу ж.б. жөнүндө болсо, башкача айтканда кандайдыр бир жол-жоболорду талап кылса, анда муниципалдык органдардын мындай аракеттери атайын мыйзамдар жана жоболор менен жөнгө салынып, алар үчүн башка мөөнөттөр каралган.

 

Окшош материалы: