Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аймактык коммерциялык эмес уюмдар ЖӨБдү өнүктүрүү боюнча көз карандысыз консультанттардын тармагын түзөт

2022-07-04 / ЖӨБ кызматтары
Аймактык коммерциялык эмес уюмдар ЖӨБдү өнүктүрүү боюнча көз карандысыз консультанттардын тармагын түзөт

Автор: Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын администратору (www.myktyaimak.gov.kg)

ЖӨБ органдары күнүмдүк ишинде көптөгөн суроолорго туш болушат, аларга жооптор дайыма эле айкын боло бербейт. Суроо-талаптарга жооптор мамлекеттик органдарга өтө көп убакытта жетет жана типтүү мүнөзгө ээ, бул болсо конкреттүү муниципалитет үчүн башкаруучулук көйгөйлөрүн конкреттүү чечүүнү иштеп чыгууга мүмкүндүк бербейт. Муниципалдык башкаруунун кеңири таралган көптөгөн маселелери боюнча ЖӨБ органдары ЖӨБ Союзунан, ошондой эле ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынан консультацияларды ала алышат (www. myktyaimak.gov.kg). Ошого карабастан, көптөгөн муниципалитеттерге жеке консультациялар керек, алардын ар бирине өзүнчө көңүл буруп, ар биринин чоо-жайын териштирип, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү жана жамааттын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу талап кылынат, себеби Кыргызстандагы муниципалитеттер көп түрдүү келет. Азыркы учурда эл аралык өнүктүрүү долбоорлору, атап айтканда, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жардамга көп келишет, бирок долбоорлордун ишмердүүлүгү убакыт жана географиялык жактан чектелген. Мындай кырдаалда ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу жана маселелерди чечүү боюнча тажрыйбасы жана билими бар, жаңы жана деталдуу маалыматтарды тез таба алган, өздөрүнүн көндүмдөрүн жана консультация берүү потенциалын дайыма жакшыртып турган жергиликтүү квалификациялуу консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жете алганы маанилүү. Консультанттар-жеке ишкерлерден тышкары, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жакшы уюштурулган түзүмдөр болуп КЭУлар саналат, алар жергиликтүү өнүгүү жана башкаруу менен алектенип, ЖӨБ органдарына жардам берип келишет. Алардын иши туруктуу, кызмат көрсөтүүлөр суроо-талапка ээ болуп, акы төлөнүүчү болушу үчүн консультанттардын тармагын түзүү керек, анын алкагында алар билими менен түз алмашып тургандан тышкары, тармактын “кол чатырынан” жаңы эксперттик билим алышат. Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) жаңы билимди, мамлекеттик органдар менен байланышты жана өз ара түз аракеттенүүнү камсыз кылган “кол чатыр” болуп бере алат.

Муниципалитеттер консультациялык колдоого муктаж болгон маселелер артыкчылыктуу тартипте төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү кандай жана аларды уюштуруунун өзгөчөлүктөрү эмнеде?
  • Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана өркүндөтүүнүн ыкмалары жана жолдору кандай?
  • Жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтардын ар кандай түрлөрү үчүн тарифтерди эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү кандай?
  • Жергиликтүү бюджеттердин ачык-айкындуулугун кантип камсыз кылуу керек?
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен (коомдук) мониторингди жана баалоону кантип уюштурса болот?

Жергиликтүү өнүгүүгө жана кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүгө тиешелүү ушул жана башка көптөгөн маселелерди 2022-жылдын 29-майынан 2-июнуна чейин өткөрүлгөн тренингдин катышуучулары карап, талкуулап чыгышты. Окутууну USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору уюштурган, ага Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) өнөктөш мекеме катары катышты. Окутуу жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жана көз карандысыз консультанттар үчүн өткөрүлдү. Бул иш-чара жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн туруктуу тармагын андан ары түзүү максатында уюштурулду.

Окутууга коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) 29 өкүлү жана долбоордун төрт максаттуу облусунан (Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл) жеке консультанттар катышты. 

“ЖӨБ органдары үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөр рыногун түзүү тренингдин максаттарынын бири болду. Бул максатка жетүү үчүн инфраструктуралык да, мыйзамдык да мүнөздөгү бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору консультанттардын потенциалын жогорулатат жана ЖӨБ чөйрөсүндө консультанттардын улуттук реестрин түзүүгө көмөк көрсөтөт. Консультанттар өз кызматтарын консультациялык кызматтарды мамлекеттик сатып алуу жол-жоболору аркылуу акынын негизинде ЖӨБ органдарына көрсөтө алышат. Ошондуктан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жакында кабыл алынган 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамын эске алуу менен консультанттарды консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболоруна окутту”,-деди USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун координатору Бакыт БАЙСАКОВ.

Ийгиликке жете алган катышуучулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тармагына киргени окутуунун башкы максаты болуп саналат. Алар потенциалды жогорулатуу курсунан өткөндөн кийин жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелери боюнча консультант катары иштешет. Консультанттар үчүн окутууну USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен Меморандумдун алкагында БАЖБА жүзөгө ашырат.

“Консультанттар үчүн алгачкы тренингдердин бири КЭУнун өкүлдөрү үчүн “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу боюнча” КР Мыйзамынын ченемдерин аткаруунун алкагында кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо боюнча конкурстарга катышуу боюнча тренинг болот. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар БАЖБАнын Консультациялык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн улуттук тармагын түзүү боюнча ниеттери жана пландары жөнүндө маалымат алышат, мындай тармакты түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн перспективаларын, тараптардын ролун жана өз ара пайдасын талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Улам жаңы билим алуу менен консультанттар ЖӨБ органдарынын мамлекеттик сатып алууларга гана эмес, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун башка көптөгөн өңүттөрүнө тиешелүү маселелер боюнча да компетенттүү болушат. “Алгачкы тренингдер 2022-жылдын июль айынын башына пландаштырылган”, - деди БАЖБАнын долбоорлор боюнча менеджери Айнура ЧАНДЫБАЕВА.

Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда жана жеткирүүдө билимди башкарууда туруктуулукту камсыз кылуунун үстүндө иштейт. Бул үчүн БАЖБА Консультациялык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн улуттук тармагынын курамына кирген консультациялык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн (КЭУ) санын көбөйтөт (алдыдагы жылдары 28 катышуучуга чейин болот). Консультанттардын иш чөйрөсү консультациялык кызмат көрсөтүүлөр менен гана чектелип калбайт, алар муниципалитеттерге жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө башка жардам көрсөтө алышат. Консультанттардын улуттук тармагынын сертификация алган мүчөлөрү ЖӨБ органдарына өз кызмат көрсөтүүлөрүн сунушташат, аларга кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттен жабылат. ЖӨБ органдары мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу кандайдыр бир стратегияны, программаны же планды иштеп чыгуу сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс жарыялайт, ал эми консультанттар бул конкурска катыша алышат. Мындай практиканы акыркы бир нече жылдан бери Чүй облусунун Аламүдүн айыл өкмөтү1 ийгиликтүү колдонуп келе жатат, ал өнүгүү жоболорун, методикаларын, стратегияларын жана программаларын иштеп чыгууга консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда.

Беш күндүк окутуунун жүрүшүндө тренингдердин катышуучулары ЖӨБ менен USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору ортосундагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча ченемдик-укуктук база, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптары, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жана алардын наркын эсептөө, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу пландарын даярдоо, ЖӨБ системасындагы гендердик маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар порталы менен иштөөнүн жана консультациялык кызматтарды сатып алуунун негиздери, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде биргелешкен мониторинг жана баалоо системасын уюштуруп, түзүүнүн ыкмалары тууралуу маалымат алышты. Катышуучулар ошондой эле муниципалдык ишкананы уюштуруудагы, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгууда, КТК жана ичүүчү суунун тарифтерин даярдоодо башка КЭУлардын (ошондой эле USAIDдин буга чейинки “Ийгиликтүү аймак” долбоорунда окууга катышкан жана колдоосун алган КЭУлардын) тажрыйбасы менен таанышып чыгышты.

Бул окутуунун натыйжасында Көз карандысыз консультанттар тармагына төмөнкү КЭУлар жана консультанттар алдын ала киргизилген:

Жалал-Абад облусу:

  • “Аялдардын тынчтык банкы” КФ;
  • “Ариет – аялдарды колдоо борбору” КФ;
  • “Жаш жарандарды өнүктүрүү” КФ;
  • “Жалал-Абад аймактык айылдык кеңеш берүү кызматы” КФ;
  • жеке консультант Жамал ТУКЕНАЛИЕВА;
  • жеке консультант Мырзамидин МАМАДИЕВ;
  • жеке консультант Каныкей МЫРЗАЕВА;
  • жеке консультант Мээримкан АЗИМЖАНОВА.

Ош облусу:

  • “Интербилим Эл аралык борбору” коомдук бирикмесинин Оштогу филиалы; 
  • “Калктын аялуу топторун өнүктүрүү жана коргоо борбору” КФ; 
  • “Ишкер чөйрөдөгү аялдар лидерлеринин Ассоциациясы” КФ;
  • “Жамааттар кирешеси” ЧНК КФ;
  • жеке консультант Улукбек ЖОЛБОРСОВ;
  • жеке консультант Алишер МОЙДУНОВ;
  • жеке консультант Астра ЖЭЭНАЛИЕВА.

Нарын облусу:

  • “Акмоюн намыс” КБ;
  • “Нарын жаштар ордосу” КБ;
  • “Нарын экономикалык өнүгүү борбору” КБ;
  • жеке консультант Мээрим МОЛДАЛИЕВА;
  • жеке консультант Перизат БАГЫШЕВА.

Ысык-Көл облусу:

  • “ЭДӨАБ – элеттик демилгелерди өнүктүрүүнү активдештирүү борбору” КФ; 
  • “Ысык-Көлдүн аялдар жамааттарынын Ассоциациясы” КБ;
  • жеке консультант Шербек ДОСУЕВ.

___________ 

1 https://alamudun.kg

Окшош материалы: