Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Р2Р: Билгенимди сага үйрөтөм. “Теңден-теңге” принциби боюнча ЖӨБ органдарын өз ара окутуу платформасы

2022-07-04 / ЖӨБ кызматтары
Р2Р: Билгенимди сага үйрөтөм. “Теңден-теңге” принциби боюнча ЖӨБ органдарын өз ара окутуу платформасы

“Теңден-теңге” же P2P принциби инструменттерди жана мыкты тажрыйбаларды чогуу үйрөнүүгө жана бөлүшүүгө багытталат. Авторлор: Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын администратору (www.myktyaimak.gov.kg); Айнура ЧАНДЫБАЕВА, БАЖБАнын долбоорлор боюнча менеджери

“Теңден-теңге” Платформасы кантип башталган?

2020-жылдын башында КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өз ара окутуу платформасын түзүү демилгесин көтөрүп чыккан. Бул демилгенин жардамы менен айыл өкмөттөрдүн башчылары жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары “теңден-теңге” принциби боюнча бири-бирин жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө үйрөтүшөт. Бул ыкма бир нерсеси менен айырмаланып турат: мында ЖӨБ органдарынын кызматкерлери үчүн алардын кесиптештери – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери машыктыруучу болот. 2020-жылы өлкөнүн төрт облусунда: Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 12 жыйналыш өткөрүлгөн. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун максаттуу райондордогу колдоосу менен Платформа райондук деңгээлде продукттар, билим жана көндүмдөр менен алмашууга бирдиктүү ыкманы киргизип, аларды сыноого жол ачты, ага максаттуу жана өнөктөш ЖӨБ органдары биргелешип катышты. Элеттик муниципалитеттер арасында өз ара окутуу платформасынын ийгиликтүү иш тажрыйбасын эске алуу менен, 2021-жылдын апрелинде Союз USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосу менен республиканын борборунда шаардык муниципалитеттер үчүн жыйналыш өткөрдү1.

Өз ишин 2021-жылдын аягында баштаган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору ЖӨБ органдарынын арасында “теңден-теңге” принцибин киргизүүнү улантты, бирок бул ишти Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюунун негизинде Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы аркылуу ишке ашыра баштады.

2022-жылдын апрелинде Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) “теңден-теңге” принциби боюнча окутуу платформасынын ишин жандандыруу үчүн Ат-Башы, Ысык-Көл, Кара-Суу жана Базар-Коргон райондорунун (төрт облустагы максаттуу райондор) жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен Меморандумдарга кол койгон2. Меморандумдун алкагында кызматташтык пландалган, ал “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын “Р2Р” принциби боюнча өз ара окутуу платформасын уюштуруу” долбоорун ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Буга кошумча, БАЖБА Платформага техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүп, жергиликтүү маанидеги маселелерди ийгиликтүү чечүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча маалыматтык материалдарды, методологияларды, продуктуларды жана тажрыйбаларды таратат. Бул иштерди БАЖБА ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын жардамы менен (www.myktyaimak.gov.kg) ишке ашырат.

2022-жылдын май айында БАЖБА Меморандумдун алкагында максаттуу райондук мамлекеттик администрациялар менен тыгыз кызматташтыкта “теңден теңге” принциби боюнча Платформанын төрт жыйналышын өткөрдү. “Теңден-теңге” форматындагы жыйналыштардын программасы жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, жергиликтүү бюджетти башкаруу, анын ичинде киреше бөлүгүн жогорулатуу маселелерине, ошондой эле ЖӨБгө керектүү башка темаларга арналды.

Тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларга Долбоордун төрт максаттуу облусунун 50 муниципалитетинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Бул болсо буга чейин USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосуна ээ болгон ЖӨБ органдары менен азыр USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун максаттуу муниципалитеттери болуп калган ЖӨБ органдарынын ортосунда туруктуу түз байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түздү3

Жыйналыштын жүрүшүндө катышуучулар 4 чөйрөдө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча мыкты тажрыйбалар менен таанышып чыгышты:

Ичүүчү суу менен жабдуу:

  • Оргочор айылдык аймагында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
  • Кеңеш айылдык аймагында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
  • Бешик-Жон ААны ичүүчү суу менен камсыз кылуу.

Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу:

  • Кош-Дөбө ААда аутсорсинг аркылуу КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу;
  • Кош-Дөбө ААда муниципалдык ишкананы түзүү аркылуу КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууну уюштуруу.
  • Могол ААда аутсорсинг аркылуу КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу;
  • Ырыс ААда муниципалдык ишкана түзүү аркылуу КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу.

Спорт:

  • Жети-Өгүз ААда спорттук комплекстин ишин уюштуруу;
  • Көк-Жар ААда спорттук комплекстин ишин уюштуруу;
  • Исанов ААда спорттук комплекстин ишин уюштуруу.

Жергиликтүү бюджеттин кирешелери:

  • Ак-Булуң ААда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу;
  • Кара-Таш ААда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу.

Спорттук комплекстин ишин уюштуруу

“Адатта жергиликтүү бюджетте каражаттын тартыштыгы же жоктугу, кайда жана кимге кайрылууну билбестик, калктын суроо-талаптарын канааттандыруу үчүн бул кызмат көрсөтүүнү кантип уюштуруу тууралуу маалыматтын жоктугу ж.б. сыяктуу кадыресе нерселер тигил же бул көйгөйдүн келип чыгышына себепчи болуп калат. Мисалы, Нарын облусунун Көк-Жар айыл аймагында ЖӨБ органдары спорт залы болсо да жаштар үчүн дене тарбия жана спорт кызмат көрсөтүүсүн кантип уюштурса болоорун билишкен эмес. Бул көйгөйдү кантип чечишти? Айыл өкмөтүнө караштуу жумушчу топ түзүлүп, анын мүчөлөрү бул кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун методологиясы жана анын баасын эсептөөнүн методикасы менен таанышып чыгышты; андан кийин Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына (СЭӨП) талдоо жасалып, жергиликтүү маанидеги артыкчылыктуу маселелер аныкталды. Кызмат көрсөтүүнүн аныкталган наркы (тарифи) жергиликтүү калк менен талкууга алынып, макулдашылгандан кийин айыл өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген. Мисалы, кызмат көрсөтүүлөргө тариф төмөнкүдөй болгон: күрөш секциясы – айына 100 сом, машыктыруучу зал – айына 350 сом, роллердром кызмат көрсөтүүсү – саатына 100 сом. Мындан тышкары, жеке ишкер менен айыл өкмөтүнүн ортосунда тиешелүү келишим түзүү менен кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле жабдуулардын пайдаланылышын жана баа саясатынын сакталышын көзөмөлдөө үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлгөн”, – деди “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун компонентинин координатору Бакыт АЙТКУЛОВ.

Кызмат көрсөтүүнүн наркы төмөнкү чыгымдарды эске алуу менен эсептелип чыкты:

  • шаймандын амортизациясы;
  • рентабелдүүлүк;
  • жылдык ремонт иштери;
  • эки машыктыруучунун айлыгы;
  • коммуналдык чыгымдар (электр энергиясы, суу ж. б.);
  • спорт залды шаймандар менен жабдуу.

Тургундар кызмат көрсөтүүнүн баасы акылга сыярлык жана адилеттүү экендигине макул болушту, басымдуу бөлүгү үй-бүлөсүнүн спорт менен машыгуусу үчүн акча төлөөгө даяр. Бул маселени чечүүнүн натыйжасында өсүп келе жаткан муундун саламаттыгы оңолуп, муниципалитеттин бойго жеткен жашоочулары дене тарбия менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышты; ал эми ЖӨБ органдары жергиликтүү калктын суроо-талабын канааттандырышты.

Башка муниципалитеттерден талкууга катышкандар кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугу, каржылоо булактары жана аны уюштуруунун башка өңүттөрү боюнча суроолорду беришти. Атап айтканда, ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин спорттук комплексте спорттун кызмат көрсөтүүсүн уюштуруунун шарттары канчалык узак жана так сакталгандыгы; баштапкы этапта шаймандарды сатып алуу канчага турганы; айыл өкмөтү менен кызмат көрсөтүүчү ортосунда келишим болуп-болбогону; спорттук комплекстин имаратынын ээси ким экендиги тууралуу суроолор кызыктырды.

Бул суроолорго жооптор конкреттүү кырдаалга жараша болот, бирок айрым типтүү кырдаалдар ар бир муниципалитетте кайталанып турат. Айталы, эгерде айыл өкмөтүндө бул процесске жетиштүү убактысы болбосо, анда мониторинг жана баалоо тобу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча эрежелердин сакталышына көз сала алат; шаймандардын баасы сабактардын көлөмүнө жана секциянын кайсы түрү уюштуруларына жараша болот, эгерде арзан буюмдар – топтор, гантелдер сатылып алынса, баа төмөн болушу ыктымал, ал эми татаал спорттук тренажерлорду сатып алган учурда шаймандардын баасы жүз миңдеген сомго чапчышы ыктымал. Кызмат көрсөтүүчү менен аны уюштурууга жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы мамилелерге келсек, бул мамилелерди тариздөө үчүн келишимге сөзсүз түрдө кол коюлушу керек, бирок имаратты менчикке өткөрүп берүү (“баланска” коюу) зарыл эмес. Мындан көрө келишимде имаратты ижарага алуу же пайдаланууга берүү укугунда эксплуатациялоонун шарттарын толук чечмелеп, көрсөтүп берүү туура болот. Узак мөөнөттүү ижара шартында келишим кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү органда милдеттүү түрдө катталышы керек.

Бирок жаштардын эс алуусу жана спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрү жергиликтүү калк үчүн актуалдуу болгон жалгыз маселе эмес. Билимдин жана жаңы көндүмдөрдүн аркасында айрым муниципалитеттерде жергиликтүү (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы иштелип чыккан, аны ишке ашыруунун натыйжасында жергиликтүү калк таза ичүүчү суу менен камсыз болгон, сугат суу жана КТКны чогултуп, ташып чыгаруу маселелери чечилген.

Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу (КТК) жана ичүүчү суу менен камсыздоо

Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык аймагынын ЖӨБ органдары ишке ашырылган бир стратегиянын – Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын (ККУС) алкагында үч маселени кантип чече алганы боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

ККУС деген эмне? Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы өзүнө муниципалдык башкаруунун бардык өңүттөрүн камтыйт жана ЖӨБ органдарына жергиликтүү калктын суроо-талаптарын канааттандыруу үчүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча иш-аракеттер планын даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

Стратегия кантип ишке ашырылган?

  • стратегияны ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүлдү;
  • ЖТ мүчөлөрү кызмат көрсөтүүлөрдүн беш артыкчылыктуу түрүн аныкташты:
    • муниципалдык ишкананы түзүү аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу (ага суу менен камсыздоо (ичүүчү жана сугат), КТК ташып чыгуу кызмат көрсөтүүлөрү киргизилген);
    • дене тарбия жана спорт ийримдери;
    • ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр;
    • ички жолдорду оңдоо;
    • маданий ийримдерди/секцияларды уюштуруу;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча иш-аракеттер планы даярдалды;
  • көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттары иштелип чыкты;
  • кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына калькуляциялоо жүргүзүлүп, анын көлөмү кийинчерээк жергиликтүү калк менен макулдашылган;
  • жергиликтүү кеңеш өзүнүн токтому менен тарифти бекитти;
  • Стратегияны ишке ашыруу процессин көзөмөлдөө үчүн мониторинг жана баалоо системасы иштелип чыккан;
  • ЖТ мүчөлөрү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу методикасы, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын калькуляциялоо, кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдерди түзүү, стандарттарды иштеп чыгуу ж.б. боюнча окутуудан өтүштү;
  • Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы жергиликтүү калк менен талкууланып, макулдашылды, аны жергиликтүү кеңеш бекитип, айыл өкмөтүнүн жоопкерчилиги астында ишке ашырууга берилди;
  • кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жана тарифтери жергиликтүү калк менен макулдашылып, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген;
  • муниципалдык ишкана өз ишин кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар (жергиликтүү калк) менен келишим түзүүдөн баштаган.

Натыйжада, муниципалдык ишкана ар бир абонент менен жекече келишим түзүп, ага ылайык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү тарифтер боюнча төлөнөт:

  • ичүүчү суу менен камсыздоо: Кум-Дөбө айылында тариф 29 сомду, Ажар айылында 32 сомду, Шамшы айылында 25 сомду түздү;
  • КТКны ташып чыгаруу: графикке ылайык, таштанды чыгарууга тариф субсидияны кошкондо бир кожолукка 8 сомду түздү;
  • сугат суу: суунун тарифи субсидия менен бирге 1 гектар үчүн жылына 675 сом өлчөмүндө белгиленген.

ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн айтымында, мындай мамиленин натыйжасында калктын ишеним деңгээли жогорулап, айыл өкмөтүнүн дарегине айтылган дооматтардын саны азайып, ал эми жергиликтүү калк жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен ачык жана жигердүү кызматташа баштады.

Талкууга катышкан башка муниципалитеттердин өкүлдөрүн ККУСтун алкагында кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун чоо-жайы кызыктырды. Мисалы, КТКны тазалоо үчүн түзүлгөн муниципалдык ишкана суу жана жолдор сыяктуу башка маселелерди чече алабы? Жооп ЖӨБ органы муниципалдык ишканага кандай кызмат көрсөтүүлөрдү тапшырууга белсенип жатканына, уюштуруучу аларды ишкананын уставында кантип көрсөтөрүнө жараша болот. Айрым жамааттарда таштандыларды сорттоо, тиричилик жана курулуш таштандыларын алып чыгууга өзүнчө тариф бекитүү жана өз-өзүнчө ташып чыгаруу маселеси курч турат. Көпчүлүк муниципалитеттерде таштандыны көмүү маселеси чечилбеген бойдон кала берүүдө, себеби расмий түрдө таштанды төгүлүүчү жайлар бардык эле муниципалитеттерде боло бербейт, ал эми заманбап полигондор таптакыр эле жок.

Ичүүчү суу үчүн тарифти жогорулатуу, жарандардын бул кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөгө даярдыгы тууралуу маселе кызуу талкууланды. Практика көрсөткөндөй, эгерде кызмат көрсөтүү талаптагыдай көлөмдө жана сапатта ишке ашырылса, калк тарифтин жогорулашына түшүнүү менен мамиле жасайт. Ошондой эле чыгымдарды калк менен бөлүштүрүү маселеси да талаш-тартышты жаратты: сууну эсептеген шаймандар үчүн ким төлөшү керек, суу менен камсыздоо тармактарынын ремонтун кошо каржылоонун чоң көлөмүн жарандардан чогултуу адилеттүүбү же жокпу ж.б. Жалпысынан, калкты суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүсүн уюштурууну каржылоого тартуу кеңири жайылган практика бойдон калууда, бирок жоопкерчиликти адилеттүү бөлүштүрүү жалпы пайдалануудагы тармактын чегинде белгилениши керек. Жалпы пайдалануудагы тармак бүтүп, жеке түтүк зымдары башталган жерде кызмат көрсөтүүнү пайдалануучулардын жоопкерчилиги пайда болот. Башка сөз менен айтканда, көчөдөгү бардык нерсе – муниципалитеттин жоопкерчилигине кирген зона, ал эми жеке жер участогунун чегинен чыккандын бардыгы – тургундун жоопкерчилиги. Сууну эсептөөчү шаймандарга келсек, аларды орнотуу үчүн акы кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн, себеби экөө тең кызмат көрсөтүү үчүн акы иш жүзүндө жеткирилген көлөмгө шайкеш келишине кызыкдар.

Жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү

Маанилүүлүгү боюнча үчүнчү маселе – жергиликтүү бюджеттин киреше деңгээлин көбөйтүү. Бул жерде мамлекеттен теңдештирүүчү грант алган4 муниципалитеттер жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн резервдерди таба аларын жана табышы керектигин түшүнүү өтө маанилүү. Атап айтканда:

  • жер салыгынын ставкасын жогорулатуу;
  • салыктарды башкаруу;
  • муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу;
  • жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдарды көбөйтүү.

Кандай гана тариф үчүн акы көтөрүлбөсүн, муну калк жактырбай турганы түшүнүктүү, бирок элдин колдоосуна ээ болуу үчүн бардык процессти жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн түздөн-түз жана жигердүү катышуусу менен уюштуруу зарыл. Ысык-Көл облусунун Ак-Булуң айыл аймагынын ЖӨБ органдары бул маселени чечүүдө USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун көмөгү менен жалпыга белгилүү ыкманы киргизишти (1-сүрөттү караңыз).

Бул ыкманы киргизүүнүн жүрүшүндө 2019-жылы Ак-Булуң айыл аймагынын ЖӨБ органдары жер салыгынын ставкасын көтөрүп, жергиликтүү бюджетти 99 620 сомго толуктай алышкан (2-таблицаны караңыз).

Түшкөн кошумча каражаттарга ошол учурдагы артыкчылыктуу маселелердин рейтингинде биринчи орунду ээлеген маселелер чечилди: Ак-Булак жана Токтогул айылдарындагы ички жолдор тегизделип, Ак-Булуң айылындагы көпүрө оңдолду.

___________ 

1 http://municipalitet.kg/ru/article/full/2582.html  

2 БАЖБА – Кыргыз Республикасында жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүп, өркүндөтүп, муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын чыңдоо максатында түзүлгөн институт. БАЖБА Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өнүгүүнүн жана башкаруунун ири көлөмдөгү үлгүлөрү топтолгон ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалары порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) оператору. Толук маалымат алуу үчүн: https://myktyaimak.gov.kg/about?lang=ru

3  Жыйналыштардын презентациялык материалдарын шилтеме боюнча окуй аласыз: https://myktyaimak.gov.kg/storage/events/May2022/iTrYDbigGvWUZmRQKEJV.pdf

Кыргызстанда мамлекеттен теңдештирүүчү грантты 452 айыл өкмөтүнүн ичинен 377си алып турат (2021-жылдын октябрына карата маалыматтар). Булак: https://kabar.kg/news/v-kyrgyzstane-na-dotatcii-nakhodiatsia-377-aiyl-okmotu-iz-452-glava-kabmina/

Окшош материалы: