Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Класстык чендер тууралуу

2022-05-09 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) колдонуучуларынын суроолоруна Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын юристи Жаңыл Дүйшеева жана КР ЖӨБ Союзунун юристи Гулназ Курманова жооп берди.

СУРОО: Муниципалдык кызматтын административдик муниципалдык башкы кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга класстык чен ким тарабынан ыйгарылат?

ЖООП: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибине ылайык, муниципалдык кызматтын башкы топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени туура келет. Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууну персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жүргүзөт. 

Окшош материалы: