Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Үйрөнгөн уят эмес, билбеген уят! Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мисалында туруктуу кызмат көрсөтүүлөр жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү

2022-05-09 / Жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Үйрөнгөн уят эмес, билбеген уят! Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мисалында туруктуу кызмат көрсөтүүлөр жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү

Мирлан МОЛДОБЕКОВ, долбоордун координатору, Өнүктүрүү саясат институту

2022-жылдын 14-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында өнөктөш муниципалитеттердин ортосунда тажрыйба алмашуу максатында окуу сапары өттү1. Токтогул районунун Абды Сүйөркулов жана Жаңы-Жол айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери Тогуз-Торо районуна келип, калктын бардык катмарлары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү эске алуу менен жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча Каргалык жана Тогуз-Торо айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Окуу сапарынын темасы – калктын бардык катмары үчүн шарттарды түзүүнү эске алуу менен жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу. Бул аянтча ошондой эле муниципалитеттерге ачык практикалык диалогго катышып, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого шарт түздү.

Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча тажрыйба жана идеялар менен алмашуу; жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык пландаштыруунун өзөктүк өңүттөрү боюнча катышуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу окуу сапарынын негизги максаты болуп саналат. Ошондой эле катышуучулар таштандыларды чыгаруу, сугат суусуна жетүү, балык чарбачылыгын өнүктүрүү өңдүү жергиликтүү кызматтарды уюштуруудагы алдыңкы тажрыйбанын реалдуу мисалдары менен тааныша алышты. Дагы бир  орчундуу маселе – Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл өкмөтүнүн мисалында муниципалитеттердин ортосундагы кызматташтык практикасы менен таанышуу. Каргалык айыл өкмөтү Тогуз-Торо айылдык аймагы менен кызматташуунун алкагында катуу таштандыларды чогултуу жана чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн уюштурган.

Кызмат көрсөтүүлөр жана жергиликтүү экономикалык өнүгүү жөнүндө талкуулар

Долбоорду пилоттук муниципалитеттерде ишке ашыруунун алкагында өнөктөш айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) талдоонун жыйынтыктарын эске алуу менен, Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү программалары (ИЖЭӨП) иштелип чыккан. ИЖЭӨП программасы аймак үчүн эң маанилүү артыкчылыктуу багыттарды аныктоого, ошондой эле аларды уюштурууну жана ишке ашырууну пландаштырууга жана өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген системалуу ыкма. Документ азыр жер-жерлерде иштеп жаткан айылдык аймактардын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына тиркеме катары иштелип чыккан. ИЖЭӨП программаларын жергиликтүү жамаат талкуулап, жактырган, андан соң жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилген. Окуу сапарынын катышуучулары СЭӨПтө чагылдырылган жергиликтүү инклюзивдүү экономиканы өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Токтогул районундагы Абды Сүйөркулов ААдагы балык чарбачылыгын өнүктүрүүнүн жакшы тажрыйбасы сапардын катышуучуларынын көңүлүн бурду. Долбоордун колдоосу менен бул жерде айыл аймагында балык чарбачылыгына жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө басым жасоо менен ишкерликти мындан ары өнүктүрүүгө жагымдуу шарттар түзүлүп, аймактын жана Токтогул районунун калкы иш менен камсыз болуп жатат. Ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана ишкерлер окуудан өтүп, консультация берүү боюнча иш-чараларга катышып жатышат, алар форель өстүрүү тармагындагы потенциалын жогорулатууда. Алардын айрымдары үчүн өз ишин баштоого шарт түзүлдү.

Катышуучулар Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондунун жетекчисинин презентациясын кунт коюп угушту. Районду өнүктүрүү фондунун негизги максаты – жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө шарттарды түзүүгө багытталган айылдык аймактардын жергиликтүү жамаатынын артыкчылыктуу демилгелерин колдоо. Белгилей кетсек, 2021-жылы районду өнүктүрүү фонду 10 миллион сомдон ашык суммага 11 долбоорду жактырып, каржылаган, ал эми 2022-жылы 25 миллион сомдон ашык суммага долбоорлор жактырылып, баскыч-баскычы менен ишке ашырыла баштады. Мисалы, быйыл Каргалык айыл өкмөтүнүн үч гранттык долбоору жактырылып, анын алкагында “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын муктаждыктары үчүн экскаватор, сугаруучу машина, борттук спринтер жана таштанды чыгаруучу унаа сатып алынат. Бул техника таштанды жыйнап, ташып чыгаруу ишин, таштанды полигонун, саркынды сууларды тазалоону уюштуруу кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу үчүн колдонулат.

Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча талкуу узак убакыт бою кызмат көрсөтүүнүн туруктуу процесси үчүн техника жана материалдык база гана жетишсиз экендигин дагы бир жолу ырастады. Керектөөчү менен бекем мамилелерди түзүү, кардардын пикирин угуу, ишкана киреше таап, кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулата ала турган деңгээлде төлөмдөрдү чогултуу өтө маанилүү. Бул үчүн ЖӨБ органдары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү жеткирип берүүчүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу тармагында билимге жана көндүмгө гана ээ болбостон, коммуникация тармагында эң аз дегенде минималдуу көндүмгө да ээ болушу керек. Ошондуктан окуу сапарынын катышуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн медиа сабаттуулук эмнени билдирет деген суроону жигердүү талкуулашты. Бүгүнкү күндө адам өтө маанилүү маалыматтын олуттуу бөлүгүн медиа каражаттарынан алат, алар өз кезегинде коомдогу саясий жана маданий процесстерди, ошондой эле адамдардын реалдуулукту таанып-билүүсүнүн формаларын аныктоочу маалыматтын эбегейсиз көлөмүн таркатышат. Бул аспаптарды ЖӨБ органдары жана кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр колдонуп, керектөөчүлөр менен жемиштүү мамилелерди түзө алышы керек. Мындан тышкары, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз жакшыртып, өнүктүрүү үчүн жеткирүүчүлөр жана ЖӨБ органдары тажрыйба алмашуунун горизонталдык механизмдерине ээ болушу керек. Ушул өңдүү окуу сапарлары бул мүмкүнчүлүктү берет, бирок мындай сапарлар чөнтөктү да кагаары шексиз, ал эми тажрыйба күн сайын талап кылынат. Бул маселе боюнча ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak. gov.kg) жардамга келет. Бул портал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар үчүн түзүлгөн. Бул порталда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү жана актуалдуу суроолорго жооп алуу боюнча керектүү маалыматты бир эле жерден тез убакытта табууга болот. 

Окуу сапарынын катышуучулары ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунунун өкүлү менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алышты, ал Союздун иши, өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү, борбордук жана жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын көздөп, таламын талашуу миссиясы тууралуу айтып берди. Мындан тышкары ЖӨБ Союзунун мүчөлөрүн жарандардын алдында жооптуу аймактык башкаруунун натыйжалуу жана ишке жөндөмдүү түзүмү катары өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү зарыл экени белгиленди.

Муниципалитеттер ортосундагы кызматташуу муниципалдык ишкананын туруктуулугун бекемдейт

Иш-чаранын практикалык бөлүгүндө катышуучулар Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын иши менен таанышып чыгышты, алар өз ишмердүүлүгүндө көрсөтүлгөн кызматтардын да, ишкананын өзүнүн да экономикалык туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурушат. “Таза кызмат” ишканасынын негизги милдети – калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү. Бирок бул үчүн ресурстарга, негизги капиталга ээ болуп, пайда табуу жана кызмат көрсөтүү зарылчылыгынын ортосунда тең салмактуулукту сактоо зарыл. Мына ушул жагдайларды эске алуу менен “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугу жана натыйжалуулугу үчүн абоненттик базаны көбөйтүү боюнча иш алып барууда. Мындай жол менен ишкана Казарман айылында гана эмес, башка айылдарда да кардарларды таап, кызмат көрсөтүүнү бардыгына жеткирүүгө аракет кылып жатат. Ишкананын кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, муниципалитеттер ортосундагы кызматташуунун алкагында коңшу Тогуз-Торо айылдык аймагынын борбордук Ленин айылына да кызмат көрсөтүлүп жатат. Мындай муниципалитеттер ортосундагы кызматташууну жол-жоболоштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын ортосунда муниципалитеттер аралык кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган; кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү – Каргалык ААнын “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы менен Тогуз-Торо ЖӨБ органынын ортосунда катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлдү. Ошондой эле кызмат алуучулар менен да абоненттик келишимдер түзүлгөн. Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү топтору түзүлүп, иштеп жатат, алар кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүшөт жана аны жакшыртуу боюнча сунуштарды беришет. Белгилей кетсек, бул муниципалитеттер ортосундагы кызматташуу долбоорун “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог” долбоору колдоого алган. Аталган долбоорду Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) каржылаган “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” Программасынын каржылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келүүдө. Долбоордун каражатына Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун эки муниципалдык ишканасы, анын ичинде “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы үчүн ачык тендер аркылуу универсалдуу жүктөгүчү бар “Беларусь-82.1” тракторлору сатылып алынган. Каргалык ААнын жергиликтүү бюджетинен катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу үчүн кошо-каржылоо катары тракторго чиркегич сатып алууга 400 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. 

Ишкердикти өнүктүрүү жана калктын аялуу катмарын колдоо

Тогуз-Торо ААдагы тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн дагы бир мисалы менен тааныша алышты. Тогуз-Тородо “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог” долбоорунун колдоосу менен сугаруу үчүн насос станциясынын техникалык базасын жолго салуу менен, айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлгөн. Долбоор муниципалитетке насос станциясын жана ага жабдууларды сатып алууга жардам берди. Учурда жабдуулар сатып алынып, жеткирилип, насос станциясын монтаждоо жана ишке киргизүү күтүлүүдө. Бул гранттык долбоорду ишке ашыруу айдоо жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет; Тогуз-Торо районунун дыйкандарын арзан жана сапаттуу тоют, дан азыктары менен камсыз кылат. Жыйынтыгында 9 кожолуктун 60 мүчөсү жерлерди сугаруу үчүн суу алышат. Бул 9 кожолукта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 8 адам жашай турганын белгилей кетүү керек.

Калктын аялуу катмарын колдоонун мисалы окуу сапарынын катышуучулары үчүн маанилүү сабак болду: Каргалык жергиликтүү кеңеши катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча жарандардын аялуу категорияларына көрсөтүлгөн кызматтардын чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 450 миң сом субсидия бөлүүнү чечкен.

Акылбек ТҮКӨБАЕВ, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы: “ЖӨБ органдары калк үчүн маанилүү маселелерди чечүү алардын негизги милдети экенин түшүнүшү керек. Ал эми жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү да бул иштин бир бөлүгү болуп саналат. КТКны чогултууну жана ташып чыгарууну уюштуруу, ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк жана жалпысынан башка жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу ЖӨБ органдары өз тургундарына эффективдүү жана натыйжалуу көрсөтө ала турган жана көрсөтүүгө тийиш болгон кызматтардын мисалы болуп саналат. Бүгүн биз Каргалык айылдык аймагында КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсү жакшы жолго коюлганына күбө болдук. Ошондой эле бул кызмат көрсөтүү муниципалитеттер ортосундагы  кызматташуунун алкагында уюштурулуп жатканын билип, Каргалык жана Тогуз-Торо айыл өкмөттөрү муниципалитеттеринин географиялык жайгашуусун эске алуу менен биргелешип кызмат көрсөтүүнү кандай жакшы уюштурганын иш жүзүндө көрүү мен үчүн маанилүү болду. Муниципалитеттер ортосундагы кызматташуунун алкагындагы иштер бул маселелерди ар бир муниципалитет өз алдынча чечкенге караганда ресурстарды бириктирип, натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу менен жакшы натыйжа алууга мүмкүндүк берет. Каргалык жана Жаңы-Жол айыл өкмөттөрүнүн муниципалдык ишканаларына дагы бир каалоом бар: кызмат алуучулар менен диалогду бекемдеп, байланышты жигердүү түзгүлө”.

Таалай ТОКТОБОЛОТОВ, Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: “2020-жылдан тартып “Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча практикалык диалог” долбоору менен иштегенден бери биз жеке сектор, ЖӨБ органдары жана жарандык коомдун ортосунда диалог түзүүгө жетиштик, анын натыйжасында биз инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн негизги шарттарды жакшыртууга жол берген чараларды чогуу ишке ашырып, инвестицияларды тарта алдык. Тренингдерге жана семинарларга катышып, Долбоордон кеп-кеңештерди алуу менен жагымдуу шарттарды түзүп, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга багытталган долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу үчүн потенциалыбызды жогорулата алдык. Бүгүнкү күндө биз өз аймагыбызда инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасын даярдап, ишке ашыруу механизмин түзө алабыз. Ал эми бүгүнкү тажрыйба алмашуу иш-чарасы башка муниципалитеттердин өкүлдөрү менен жыйынтыктарды талкуулоого мүмкүндүк берди”.

Анаркүл КУЛЖАБАЕВА, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: “Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу процессинде кызмат алуучулар менен байланыш түзүү чоң ролду ойнойт. Себеби, сапаттуу кызмат көрсөтүлбөсө, эл ал үчүн төлөбөй коёт. Ал эми бул болсо кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, анын ичинде муниципалдык ишканалардын туруктуулугуна чоң таасирин тийгизет. Окуу сапарынын ар бир катышуучусу пайдалуу тажрыйбага ээ болуп, аны иш жүзүндө колдонууга даяр деп ойлойм. Катышуучулардын аракетке умтулуусу тажрыйба алмашуу сапары өз максатына жеткенинен кабар берет”.

 

 

____________ 

1 Окуу сапары Өнүктүрүү саясаты институту ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог” долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH колдоосу алдында “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып келет.