Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Маданият үйү жана көчөлөрдүн жарыктандырылышы айылда жаңы маанайды жаратты

2022-01-11 / ЖӨБ тажрыйбасы
Маданият үйү жана көчөлөрдүн жарыктандырылышы айылда жаңы маанайды жаратты

Зубайда ТОКТОСУН кызы, Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн бухгалтери.

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Көп жылдардан бери бир катар социалдык жактан маанилүү объектилерди, анын ичинде Өзгөн районунун Ак-Жар айылдык аймагынын Какыр айылындагы Маданият үйүн пайдаланууга жарактуулук маселеси көтөрүлүп келген. Коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн колдонулган бул Маданият үйү жергиликтүү калк үчүн эле эмес, ЖӨБ органдары үчүн да көйгөйлүү маселелердин бири болчу. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар башка маселелерди чечүүнү суранып келишкен. Алар: көчөлөрдү жарыктандыруу, ичүүчү суу менен жабдуу, таштанды чыгаруу, мектепке чейинки билим берүү ж.б. Ак-Жар жана Какыр айылдарынын элин камсыз кылган суу түтүктөрү СССР маалында эле курулган, андан бери эскирип отуруп, бактерициддик лампалары да жараксыз абалга келген. Капиталдык ремонттон өткөрүү, жада калса эски имараттардын ордуна жаңыларын куруу, жаңы түтүктөрдү төшөп, таза суу өткөрүү каалоолору абдан күчтүү эле, бирок бул жумуштардын баарына каражат жок болчу. Муниципалитеттин инфраструктурасы эскирип, жергиликтүү тургундар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдарынын аракетсиздигине даттанышса, ал эми ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджетте каражаттын жоктугун же тартыштыгын жүйө келтиришет.

2019-2020-жылдары ЖӨБ органдары демилгелүү топтор менен чогуу жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоону (ЖМБА) өткөрүшкөн. Фокус-топтор аркылуу алар жергиликтүү жамааттар үчүн артыкчылыктуу маселелерди аныктап, алардын рейтингин түзө алышты. Алдыңкы беш артыкчылыктуу маселелер төмөнкүлөр болду:

  • 1) маданият үйү (зал үчүн отургучтар жана артисттердин кийимдери);
  • 2) ички көчөлөрдү жарыктандыруу;
  • 3) мектепке чейинки билим берүү (балдар бакчасы);
  • 4) ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
  • 5) таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу.

Эң көп добушту алгачкы эки маселе алды, тургундар бул маселелерди чечүүгө бардык каражаттарды жана ресурстарды жумшоону өтүнүштү. Бирок 2020-жылы айыл COVID-19 пандемиясына туш болду. Жарандардын өмүрү инфраструктурага караганда маанилүү болгондуктан, айыл аймагынын ар бир айылына медициналык беткаптарды, антисептиктерди, тепловизорлорду, дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен бир топ каражат бөлүнгөн. Эки күндүн биринде айылдардын аймактары хлор кошулган эритме менен дезинфекцияланып турду. Пандемияга байланышкан кырдаал бир аз жакшырып, 2021-жылдын апрелинен тарта ЖӨБ органдары жана демилгелүү топтор 2019-2020-жылдарга белгиленген артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча иш планына кайтып келишти, бул үчүн жергиликтүү бюджеттен зарыл каражаттар бөлүнгөн.

Эмнелер жасалды?

Айылдын ички көчөлөрүн жарыктандыруу түзүлүшү үчүн чыгашалардын сметасы түзүлдү. Бул үчүн жеке ишкер Тоторали ТААЛОВ тартылып (келишимдин негизинде), ал айылды кыдырып чыгып, канча прожектор жана зым керектигин эсептеп чыккан. Андан соң мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер жарыяланып, анын жыйынтыгында “Керемет Строй” ЖЧКсы тандалып алынган. 2021-жылдын май айында узундугу 2 км болгон алты көчөнү жарыктандыруу иши толугу менен бүткөрүлгөн.

Маданият үйү отургучтар менен жабдылып, айыл өкмөт башчысынын демилгеси менен түзүлгөн “Аруузат шайыр апалар” ансамблинин мүчөлөрү жаңы костюмдар менен камсыз болушту. Ошондой эле Маданият үйүнүн ички жасалгасын (декоративдик планшеттер) жаңылоо үчүн жеке ишкер менен келишим түзүлгөн.

Ошондой эле айыл өкмөттүн имаратынын аймагын тосууга (буга чейинки тосмонун эскилиги жеткен эле) жана ал жерге брусчатка төшөөгө сметалык документтер түзүлгөн. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган конкурстун жыйынтыгы боюнча подрядчы аймакты көрктөндүрүү боюнча бардык жумуштарды аткарып бүтүргөн. Ошол маалда дагы үч артыкчылыктуу маселе жергиликтүү бюджетте каражаттын тартыштыгынан улам кийинкиге калган. ЖӨБ органдары бул максаттар үчүн гранттарды жана башка каражаттарды/ресурстарды издөөнү улантышты. Жыйынтыгында ичүүчү суу менен камсыздоо маселесин чечүү үчүн 700 миң сомго смета түзүлүп, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун кароосуна жөнөтүлгөн. Өнүктүрүү фондунан 524 миң сом бөлүнсө, калган сумманы эки айылдын жергиликтүү тургундары өз салымы катары чогултуп беришкен. Ушул тапта жумуштар жыйынтыкталуу баскычында турат. Таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу маселеси USAIDдин FHI долбоорунун колдоосу менен чечилип жатат, долбоордун алкагында Большевик, Ак-Жар жана Какыр айылдарын тейлөө үчүн “Тазалык” ишканасы түзүлгөн. Учурда Юстиция министрлиги аркылуу катталуу процесси жыйынтыкталуу баскычында турат.

Какыр айылындагы мектепке чейинки билим берүү маселеси да чечиле баштады. Бала бакча үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ушул тапта жер тилкесин трансформациялоо күтүлүп жатат. Бул маселе муниципалитеттин стратегиялык планына да киргизилген. Кезинде өз демилгеси менен үйүнүн бир бөлүгүн 40 наристе бара турган бала бакчага (кенже жана орто тайпалар) өткөрүп берген Гүлзат КУЛТАЕВА жаңы бала бакчанын бардык долбоордук документтерин тариздөөгө кошумча каражат бөлүп берүү өтүнүчү менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын атына кат жиберген. 

Каржылоо 

Чыгашалардын жалпы суммасы 1,4 миллион сомду, анын ичинде калктын салымы 176 миң сомду түздү; райондук өнүктүрүү фондунун салымы 524 миң сом болду; жергиликтүү бюджеттин салымы 600 миң сомдон ашык суммада болду.

Социалдык натыйжалуулугу

Эпидемиологиялык коопсуздукту эске алуу менен азыр коомдук иш-чаралар өткөрүлүүчү Маданият үйүнө келгендер үчүн шарттар оңолду. 2 жумушчу орун түзүлдү: Маданият үйүнүн жетекчиси жана кароолчусу бар. Какыр айылынын тургуну, “Аруузат шайыр апалар” тобунун жетекчиси, 65 жаштагы Бүкөнай КОЙЧУМАНОВА буларды айтып берди: “Маданият үйү көп жылдардан бери жабык болду. Концертке, киного баруу, маданий иш-чараларды өткөрүү деген эмне экенин эчак эле унутканбыз. Азыр эми шарттар бир аз жакшырды. Эл ичиндеги таланттардан “Аруузат шайыр апалар” тобу түзүлдү. Маанилүү даталарда чоң иш-чараларды өткөрүп турабыз. Айыл аймагынын башчысына ыраазычылык билдирип, эл үчүн талыкпай иштеп беришине тилектешмин! Элдин ичинен таланттар суурулуп чыгып, айылда маданият өнүгөт деп ишенем”. “Аруузат шайыр апалар” ансамбли айылдык аймактын тургундарына концерт тартуулады. Айылдын жаш активисттери концертти уюштурууга материалдык колдоо көрсөтүштү: Замир КАДЫРБЕКОВ менен Самат ДУМУРОВ 200 доллардан, Марат ШЕРМАТОВ 10 миң сомдон жардам көрсөтүштү. Бул каражатка ансамбль үчүн костюмдардын дагы 3 түрү тигилди. Эми ансамблди тажрыйба алмашуу же коомдук иш-чараларга катышуу максатында башка райондор, облустар чакырып жатышат. Мисалы, ансамбль 2021-жылы Суусамыр өрөөнүндө өткөн “Ак бата” курултайына катышкан.

Айылдын көчөлөрү жарыктандырылып, кары-картаңдар, балдар коркпой көчөдө жүрө башташты. Какыр айылынын 74 жаштагы тургуну Адинабай ТУРДУБАЕВ мындай дейт: “2021-жылы айылыбызда чоң өзгөрүүлөр болду. Жалпы айылдык аймак боюнча айтсам жаңылбайм, айылга керектүү иштер жасалды: көчөлөр түнкүсүн жарык, көчөдө ары-бери басып жүрүүгө коопсуз болуп калды, неберелерибиз кеч киргенде деле ойноп жүрө беришет”.

Административдик натыйжалуулугу 

ЖМБА иш-чараларынын жыйынтыгында өз убагында аныкталган артыкчылыктуу маселелердин аркасында ЖӨБ органдарына калк менен иштеп, алардын талаптарын аткаруу жеңилдеди. Аныкталган бардык маселелер бөлүштүрүлүп чыгып, канчалык артыкчылыктуу болгонуна жараша аймактын стратегиялык өнүгүү планына киргизилген.

ЖӨБ органдарынын аракеттерин көргөн жергиликтүү тургундар да аларды чечүүгө жигердүү катышып, демилге көтөрө башташты.

Алынган сабактар 

Кылычбек МАКСҮТОВ, айыл өкмөт башчысы: “Подрядчы тосмону сапатсыз материалдан тургузган. Биздин ката – подрядчынын ишин толугураак көзөмөлдөй алган жокпуз. Алынган сабак: подрядчынын иши башынан аягына чейин көзөмөлдөнүшү керек. Бул практикадан кийин биз процессти жана жумуштардын сапатын толук көзөмөлдөгөндү, курулуш материалдарын текшергенди үйрөндүк. Келечекте бул каталар кайталанбайт”. 

Тажрыйба жайгашкан шилтеме: https://myktyaimak.gov.kg/library/best-practices/best-practice-example?lang=kg&id=316

Окшош материалы: