Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коомдук мониторинг жөнүндө

2021-12-17 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна ЖӨБ Союзунун эксперттери Ш. АЛИШЕРОВ, Д. АЙТБАЕВ, Э. МАМЫТБЕКОВ жооп беришти.

Эгерде жергиликтүү кеңешке тиешелүү даттануу келип түшкөн болсо, ата-энелер жергиликтүү кеңештин комиссиясы менен биргеликте бала бакчадагы тамак-аштын сапатын текшерүүгө укуктуубу?

Ооба, ата-энелер балдардын тамактануу сапатын текшерүүнү жана көзөмөлдөөнү уюштуруу үчүн жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясына кайрыла алышат, себеби мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын тамактануусуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу башкаруу органдары да жооптуу (“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык).

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жана ага жоопкерчилик билим берүүнү жана саламаттык сактоону башкаруунун тиешелүү деңгээлдердеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары, бул укуктар аларга “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгү менен жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу да, тамак-аштын сапаты да белгиленген стандарттарга шайкеш келүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы №363 Токтому менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартына (67-пункттун 3-пунктчасына) ылайык, “балдардын тамактануусун уюштуруу жана ага жоопкерчилик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жана медициналык кызматкерлерге, билим берүүнүн аймактык башкаруу органдарына/бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт”.

Ошол эле маалда ата-энелер жергиликтүү жамааттын Уставы жана жергиликтүү кеңештин Регламенти менен чогуу биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзө алышат. Бул топ жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү менен биргеликте бала бакчадагы тамактануунун сапатына мониторинг жүргүзө алат.

Окшош материалы: