Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл чарба техникаларынын коммерциялык кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер жөнүндө

2021-12-17 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна ЖӨБ Союзунун эксперттери Ш. АЛИШЕРОВ, Д. АЙТБАЕВ, Э. МАМЫТБЕКОВ жооп беришти.

Жайыт комитети трактордук пресс-подборщикке ээ. Жергиликтүү кеңештин сессиясында чөптү таңгактоо боюнча көрсөтүлгөн кызмат үчүн акыны 1 таңгак үчүн 12 сомдон деген көлөмдө бекиткен. Ал эми жайыт комитети буга карабастан жергиликтүү элге чөптү престөө боюнча кызмат көрсөтүү үчүн 1 таңгак үчүн 16 сом алууда, жергиликтүү кеңешке отчет берип жатып, жайыт комитетинин төрагасы бул фактыны тастыктады. Бул жайыт комитети тарабынан мыйзам бузууга киреби жана мындай учурда анын төрагасына карата кандай чаралар көрүлүшү мүмкүн?

Эгерде пресс-подборщик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп, айыл өкмөтүнүн балансында турган болсо, анда ал Келишимдин шарттары боюнча Жайыт комитетине өткөрүлүп берилиши керек. Мындай учурда, бул келишимдин шарттары менен таанышып чыгыш керек. Келишимде пресс-подборщик тарабынан калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын жайыт комитети өз алдынча белгилей тургандыгы көрсөтүлүшү мүмкүн. Мындай келишимдин негизги шарттары болуп, эреже катары, жайыт комитетинин пресс-подборщикти ижарага алган шарттары жана айыл өкмөтүнө ижара акысын төлөө шарттары саналат. Бул жерде ижара акысын төлөө шарттары маанилүү, аны жайыт комитети чөптү бастыруу кызматын көрсөтүү менен акташы керек. Мындай учурда жергиликтүү кеңеш бул кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө шарттарын таңуулай албайт.

Эгерде пресс-подборщик жайыт комитетинин менчигинде болсо, анда комитет техниканы өз алдынча тескейт, ал эми жергиликтүү кеңеш, эгерде бул кызмат көрсөтүүлөр жергиликтүү калктын кызыкчылыгына же жайыттардын абалына зыян келтирбесе, жайыт комитетинин кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын түзүү саясатына кийлигише албайт. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы №625 токтому менен бекитилген “Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Жобонун 16-2-пунктуна ылайык мүлктү жана финансылык каражаттарды аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз уставына ылайык тескейт.  Жайыт комитеттеринин пресс-подборщик кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана башка кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитүү практикасы жергиликтүү кеңештер жайыт комитетинин жылдык бюджетин бекиткендигине байланыштуу аткарыла баштады, алар жылдык планга жайыттарды пайдаланууну киргизишет. Ошого жараша пресс-подборщиктин жана башка техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн болжолдуу кирешелер жайыт комитетинин бюджетине киргизилет. Ал эми ушул мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн жобосуна ылайык, жайыттарды пайдалануунун жылдык планы жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн акы төлөөнүн графигин гана камтууга тийиш.

Окшош материалы: