Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөтүндө кызматтарды айкалыштыруу жөнүндө

2021-12-17 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна ЖӨБ Союзунун эксперттери Ш. АЛИШЕРОВ, Д. АЙТБАЕВ, Э. МАМЫТБЕКОВ жооп беришти.

Функционалдык милдеттерди башка кызматкерге жүктөөдө кошумча акы төлөөгө болобу? Мүмкүн болсо, кандай көлөмдө болууга тийиш?

КР Эмгек кодексинин 167-беренесине ылайык, бир эле иш берүүчүдө эмгек келишиминде шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистикте, квалификацияда же кызмат орунунда негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт.

Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес. Бул болсо буйрукта (тескемеде) чагылдырылышы керек. Айлыктын жогорку чеги чектелбейт, бирок айкалаштырылган иш үчүн бирден ашык ставка болушу мүмкүн эмес.

Окшош материалы: