Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөт башчынын аракетсиздиги тууралуу

2021-09-03 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буюртмасы менен).

Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы аракетсиз болсо, социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) аткарбаса эмне кылуу керек?

Айылдык кеңеш “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 31-беренесинде каралган ыйгарым укуктардын чегинде айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбөөчүлүк көрсөтө алат. Көбүнчө айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын иши жөнүндө отчеттун жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин демилгелешет.

Айыл өкмөт башчысынын айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы боюнча отчетун жергиликтүү кеңештин депутаттары алты айда бир жолудан кем эмес угушат.

Эгерде депутаттар жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ишин канааттандырарлык эмес деп табышса, же башчы өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбаганы боюнча фактыларды табышса, алар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алса болот.

Окшош материалы: