Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин мыйзамга туура келбеген чечими тууралуу

2021-09-03 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буюртмасы менен).

Депутаттар мыйзамдарга каршы келген токтомду кабыл алса, эмне кылыш керек?

Эгерде токтом ченемдик укуктук актыларды (ЧУА) кабыл алуунун жол-жоболорун сактабастан кабыл алынса же кабыл алынган токтом ЧУАнын иерархиясында жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келсе, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңеш өзү кабыл алган, анын ичинде мурунку чакырылыш кабыл алган токтом күчүн жоготту деп таанууга, же аны жокко чыгарууга, же токтото турууга укуктуу.

Эгерде жергиликтүү кеңеш өзү кабыл алган, бирок мыйзамдарга каршы келген токтомдун аракетин жокко чыгарбаса, жарандар жергиликтүү кеңештин токтомун Конституцияга каршы келет деп таанууну өтүнүп, райондук сотторго, ошондой эле КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасына мыйзамда белгиленген тартипте кайрыла алышат.

КР Граждандык кодексинин I бөлүгүнүн 12-беренесине ылайык, мыйзамдарга ылайык келбеген, жарандык укуктарды жана жарандын же юридикалык жактын мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузган нормативдик эмес жана нормативдик акт сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн. Сот тарабынан мындай акт жараксыз деп табылган учурда бузулган укук калыбына келтирилүүгө, ошондой эле ушул Кодекстин 11-беренесинде каралган башка ыкмалар менен корголууга тийиш.

Ченемдик укуктук актыны же анын структуралык элементин конституциялык эмес же жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими расмий жарыяланууга тийиш жана Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

Окшош материалы: